Айбек Карымов, ырчы: Сахна менен коштошоюн деп жатам

25 октябрьда жеке концертин берип сахна менен коштошом деп кызуу даярдык көрүп, бир четинен жакында эле Эмгек сиңирген наамын алып кубанып турган ырчы Айбек Карымов менен баарлаштык.

– Айбек мырза, маегибиздин башында сизди жакында эле алган Эмгек сиңирген наамды алышыңыз менен куттуктап кетели. Наам алам деп чуркадыңыз беле же күтүлбөгөн жерден наам алып кубанып турасызбы?

– Чыгармачылыкта жүргөнүмө жыйырма беш жылдын жүзү болду. Ошол жылдан бери жакшы чыгармаларды жаратып элиме кызмат кылып келе жатам. Ал эми наамды болсо 10-15 жылдан бери эле күтүп жүргөм. Негизи чыгармачылыкка биринчи президент менен эле кошо келгем. Андан бери 3 президент алмашты. Эки президенттин тең тушунда наам алып алууга мүмкүнчүлyк болду. Болгондо да зор мүмкүнчүлүктөр болду. Эгер мен жутунган, жулунган адам болгондо А.Акаевдин колунан эле наамды алып алмакмын. Бирок табиятымдан жутунган мүнөзүм жок болгондуктан, анын үстүндө менден улуу, таланттуу бирок наам ала элек чыгармачыл адамдар көп болчу. Өзүмдөн улуу эже-агайларым турганда жутунуп барып наам ала алган жокмун. Мага андай кылууга тарбиям да, уятым да жол берген жок. Кийин К.Бакиев бийиликке келгенде да менде наам алганга мүмкүнчүлүк болду. Жутунуп барып алып алсам болмок, бирок алган жокмун. Өз убагы келсин, учуру келгенде берээр деп койгом. Андан кийин Р.Отунбаева бийликке келгенде “кара тизмеге” түшүп калган ырчылардын катарында жүрдүм окшойт. Ал кезде үмүт деле болгон жок. Көп өтпөй шайлоо болуп, А.Атамбаев бийликке келди. Анда Фарид Ниязовдун “кара тизмесине” кирип калган экем, эки жолу Жогорку Кеңеште комитеттин кароосунан өтүп, жогору жакка барганда эле өтпөй калдым. Ошондон кийин үмүтүмдү үзүп, наам албай деле калдым окшойт деп калгам. Чынында бул наам мага күтүлбөгөн жаңылык болду. Азыр деле берет деп ойлогон эмесмин. Эмгек сиңирген наамын алуума Жогорку Кеңештеги досторумдун, анын ичинен Рыскелди Чыныбековичтин салымы чоң болду. Аларга ыраазычылык. Алардын пикирин колдоого алган азыркы президентибизге рахмат. 25 жыл сахнада жүрүп, сахна менен коштошоор алдында наам алып жатканыма кубанып турам.

– 25 жыл чыгармачылыкта жүрүп эми наам алып жатасыз, бирок сизден кийин чыккан жаштар Эмгек сиңирген наамды сизден эрте алышты. Ошол жаш ырчылар наам алганда мен деле убагында пайдаланып алып алсам болмок экен деп өкүнгөн жоксузбу?

– Баскан кадамыма, жасаган ишиме эч качан өкүнгөн адам эмесмин. Кандай кадамга барбайын, кандай чечим кабыл албайын туура деп эсептейм. Ошондуктан учурунда тааныштарды салып албай калганыма эч өкүнбөйм. Кудайдын буйруган күнү. Азыркы жаштардын эрте алып жатканына эч каршылыгым жок. Алар тааныш-билиштик кылды деп күнөөлөгөндөн да алысмын. Ар кимдин өз уяты бар. Уятына эле коюш керек. Тааныш-билиштик менен наамга жетип алып элден, улуу эже-агайлардан уялып башымды жерге салып, атаңдын гөрү, учурунда эле алсам эмне деп арман кылып жүргөндөн көрө, 25 жылдан кийин алсам да азыр мен башымды бийик көтөрүп, сыймык менен эл алдына чыга алам.

– Наамдардын азыр баркы деле кетип калды, наамга карата сый көрсөткөн деле адам жок деп ырчылар өздөрү нааразы болуп калышат. Наам сиз үчүн эмне, наамды албай деле койсо болбойбу?

– Наамдын кадырын ким кетирди? Ошол учурдагы өкмөт кетирди да. Ар ким эле өз таанышына, сүйгөнүнө, ойношуна, таякесине, бөлөсүнө алып бере берип наамдын кадыры кеткен да. Чыныгы таланттар бааланбай, наамга татыктуулар албай, татыксыздар наам алып, наамыбыз барксыз болуп калды. Бирок эл арасында наамдын кадыр-баркы чоң, эл наамдын кадырын азыр да билет, сыйлайт. Наамдын кадыры эл арасында кетиши мүмкүн эмес. Чыныгы татыктуулар наам алса эл кошо кубанат, татыксыздар алып калса капаланат. Чыныгы талантты эл сыйлайт, эл кадырлайт. Маселен, мен кечээ наам алганда «Сен дагы деле наам ала элек белең?» – деп таң калгандар болду. Ооба, ала элек болчумун, эмне болду десем, “Сени эбак эле алса керек деп ойлочубуз” – деп жатышпайбы. Наам ала электе эле тойлордо, концерттерде Эмгек сиңирген артисти деп айтыша берчү. Койгула балдар, мен наам ала элекмин, уят антип чакырбагыла десем, “Эми аласыз да, эл сизге эбак эле берип койгон” – деп калышат эле. Жок болбойт, уят, өзүн Эмгек сиңирген артист кылып алыптыр деп эртең эл күлбөйбу деп ачуум келчү. Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында демекчи, эми ал наамга да жеттик, ушуга да шүгүр.

– Жай айында өзүңүз туулуп-өскөн айылга барып 50 жылдык мааракеңизди жайлоодо өткөрүп келиптирсиз. Элдин баары азыр кычыраган ресторанда той берип жатса сиз эмнеге жайлоону тандап алдыңыз?

-Бирөөлөр ресторанга той берсе мурун жоро-жолдошуна, тууган-уругуна кошкон кошумчасын кайтарам деп бериши мүмкүн. А менде кошумча чогултайын деген ой болгон жок. Жаңы сахнага чыгып жатканда айылымдагы злим мага батасын берип моралдык да, материалдык да көмөгүн көрсөтүп, ат мингизип сахнага узатышкан. Эми мен 25 жыл сахнада жүрүп чыгармачылыктан тапкан ырыскымдан ооз тийгизип, элимдин алдында бир жолу чачылайын, 25 жыл мурда алар мага берсе эми мен аларга берейин, дагы бир жолу элимдин батасын алайын деп Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Төр-Жайлак деген жайлоодо төрт дубандын элин чогултуп, ат оюндарын өткөрүп, элиме жакшы концерт тартуулап келдим.

– Жаңы ырларды жаздырып жатасызбы, акыркы учурларда жаңы ырларыңызга, обондоруңузга күбө болбой калдык?

– Кудай буюрса, 25-октябрда Бишкекте жеке концертимди тартуулаганы жатам. Ошол кечеде жаңы ырларыма, обондорума күбө болосуздар. Азыркы кезде даярдык көрүп жаткан учурум. Ушул акыры жеке концертим. 25-октябрда сахна менен коштошом.

– Сахна менен коштошууңузга эмне себеп болду, азыр эрте эмеспи, Эл артисти наамын алууга аракет кылбайсызбы?

-Сахна менен коштошуу, чыгармачылык менен кош айтышуу дегенди түшүндүрбөйт. Сахнага чыгып ырдаганга, концерт бергенге менин убактым жок. Башка көп деген коомдук иштер менен алектенип жаткандыктан концерттерге убакыт тар болуп жатканына байланыштуу сахна менен коштошууга туура келип жатат. Чыгармачылыгым өз нугунда жүрө берет. Ырларды жазып, обондорду жарата берем. Чыгармачылыкты таштоо, аны менен коштошуу мүмкүн эмес. Бул Кудайдан берилген талант. Аны Кудай гана ала алат экен. Биздин жүрөк согуп турганда чыгармачылыгыбыз да өлбөйт. Азыр мен чыгармачылыктан кетем десем да кете албайм, кетүүгө мүмкүн да эмес.

– «Бейне өнөр» фондуңуз иштеп жатабы?

– Ооба, фонд өз ишин аткарып жатат. Жаш таланттарга жардам берип турабыз. Кайрымдуулук иштерине көп катышып, өзүм да кайрымдуулук иштерди көп кылып келем.

– Кино тартсам деген да ойлоруңуз бар беле?

– Киного продюсерлик кылып баштагам. Кино көп каражатты талап кылган тармак экен. Аралашып көрдүм. Менин жумушум эмес экенин түшүндүм.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *