Айбек Мырза, «Жаңы муун» саясый кыймылынын өкүлү: “Конгантиевдин ишинде саясый чечим кабыл алынып калды”

-УКМК мурдагы ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин кыскартып, коомчулукка резонанс жаратып койду. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

– Менимче, иш аягына чейин тергелип, сотко өтүш керек. Бул жерде саясый чечим кабыл алынып калды да. Бул туура эмес болду. Конгантиевди билебиз, Сооронбай Жээнбековду шайлоо кампаниясында жандап жүргөн. Муну элдин баары айтып атышат. Конгантиевдин иши тергелип сотко өтүшү зарыл. Сот өз баасын бериши шарт. Тандалма саясат жүрүп жатканы байкалууда. Мунун аягы жакшылыкка алып барбайт!

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *