Айдарбек Мендеев, СМУ-3 курулуш компаниясынын жетекчиси: “Тарых музейине да, Ат майданына да сарпталган миллиарддардын бир тыйынына чейин жооп беребиз”

Белгилүү болгондой жакында эле Тарых музейин оӊдоого  мамлекеттик бюджеттен  сарпталган 1,5 миллиард сомдон ашуун акчанын  пайдаланышы боюнча, айрыкча, немис компаниясы тарабынан музейге сатып алынган эмерек-экспонаттардын кымбат баада сатып алынышы боюнча маселе кызуу талкууга түштү. Айрым депутаттар тарых музейин оӊдоо иштеринен 13 миллион доллар уурдалган деп жар салып жиберди. Ага удаа эле Ысык-Көлдөгү Ат майданды куруу ишинде 154 миллион сом максатсыз пайдаланган деген маалыматтар чыкты. Маалым болгондой Тарых музей менен Ат майдандагы курулуш иштерин СМУ-3 курулуш компаниясы жүргүзгөн. Биз ушундан улам аталган курулуш компаниясынын жетекчиси Айдарбек Мендеевди кепке тартып, ачык маектешип,  учурда коомчулукта уу-дуу болуп жаткан айрым кептердин канчалык деӊгээлде чындык экенин билүүгө аракет кылдык.

Айдарбек мырза, алгач өзүӊүз жетектеген компания тууралуу учкай айтып берсеӊиз?

—Биздин ишкана “Азат” корпорациясына караштуу №3-курулуш монтаждоо башкармалыгы болуп эсептелет. Орусча кыскартып айтканда СМУ-3. Жоопкерчилиги чектелген коом экенин айта кетейин. “Азат” корпорациясы Кыргызстанда 53 жылдан бери тынымсыз иштеп келаткан чоӊ курулуш компаниясы. Союз кезде түзүлгөн мындай чоӊ компаниялар азыр Орто Азияда да калган жок. Ал эми биздин СМУ-3 болсо 48 жылдан ушул корпорациянын алдында иштеп келатат. Жарым кылымга жакын убакыттан бери Бишкек шаарында курулган “Сталинкадан” тартып, азыркы элиталык турак жайлардын бир тобун курдук. Акыркы жылдары атайын буйрутма менен, тендерлер аркылуу курулуш үйлөрдү куруп жатабыз. Кыскасы,биз Кыргызстанда кандай курулуш иши болсо, биздин ишкана анын баарын сапаттуу курганга дараметибиз толугу менен жетет.

Тарых музейине сарпталган , 1,5 миллиард сомдун сарпталышы боюнча эмне айтасыз? Бул боюнча айтылып жаткан кептердин канчасы чын?

—Тарых муйзейиндеги курулуш ишин 15-майда баштаганбыз. Сырткы жумуштарын түрк компаниясы жасады. Ички жумуштарын кандайдыр бир шарт менен түрк компаниясына беришкен эмес экен. Ички жумуш иштерин курууга бизге чакыруу кагазы келген. Талап боюнча биз бир топ кагаздарды топтоп алып барып бердик. Менин маалыматым боюнча 7-8 курулуш компаниясына чакыруу болуптур. Бирок тандоо тендер аркылуу болгон эмес, атайын комиссия түзүлүп, ал комиссия катышкан компаниялардын тажрыйбасына, материалдык базасына, аткарган иштерине карата карашып, бизди тандап алышты. Биздин эсепке жалпысынан 1,5 миллиард 590 миллион сомду этап-этап менен которуп беришти. Бизге түздөн-түз Мамлекетттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттиги болду, аталган мекеменин жетекчисинин ошол кездеги биринчи орун басары Абдыкаров Алмаз кураторлук кылып турду.

Ошондо калган 1 миллиард сомго жакынына немис компаниясы эмерек менен экспонаттарды сатып келдиби? Деги эле немис компаниясы менен кандай негизде иш алып бардыӊыздар?

—“Рейер” деген немис компаниясын бизге “супподрячик” кылып байлап берип коюшту да. Алгач аны бизге кошуп берип жатканда, кандай болот деп абдан эле ойлондук. Акыры чогуу иш алып бардык. Негизи Тарых музейинин капиталдык оӊдоо иштеринин консепциясын ошол немис компаниясы жазыптыр. Биз ошол боюнча иш жүргүздүк. Биздин ишкана 1, 5 миллиард сомдун 650 миллиондон ашуунуна музейдин чатырынан баштап, ичиндеги мраморлорунун жарымын, полун ж.б. бир топ оӊдоо иштерин аткарды. Айта кетсек, ошол кезде биз Кыргызстанда чыгып жаткан мраморлорду карап көрсөк, биз талап кылган көлөм боюнча жетпей калды. Ошон үчүн көп талкуулап жатып, акыры Ирандын мраморун тандап алдык. Музейдин айнектери да толугу менен алмашты да. Ал айнектерди немистер көп жердикин тандап жатып, акыры Россиядан таап келишти. Ал айнектерди Астанага алып келип, бышыртып, “сталинид” кылып жасаттык. Ошондой эле көп курулуш материалдарын Россиядан алып келдик. Мултимединанын баарын, мебелдерди Европадан алып келишти.  Айтор, биз немистердин тандоосун анчалык жактырбай, келишпей урушкан, кайра табышкан учурлар көп болду.

Ар бир алынган кымбат курулуш материалдары Ак үй менен макулдашылып алынып, көрсөтмө болуп турду да…

—Эми көрсөтмө  ар бир курулушка тиешелүү тараптан ар дайым эле болуп турат эмеспи. Себеби, коррупцияга жол берилбесин деген ой менен да көзөмөл күчтүү болуп турду.  Акчанын баары биздин ишкана аркылуу өтүп жаткандыгына байланыштуу ар бир тыйынга жооп болгудай иш алып барганга аракет кылдык. Барсбектин таягы, ат экспонаттарга Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, алар тандашты. Биз аларды тандоого  кийлигишкен жокпуз. Бул жерде курулуш менен экспонат жана мебелдерди эки башка кароо кажет.

Айрым депутаттар ушул музейди оӊдоо иштеринде 13 миллион доллар уурдалган деп айтылууда. Буга эмне дейсиз?

—Мен өзүм башынан чынчылдык жана тактыкты жакшы көргөн адаммын.  Буга чейинки курулуштарда көп тажрыйба топтодук. Улам бир жаӊы курулушка өтүп жатканда, өткөн анча-мынча жаӊылыштык, кемчиликтерди улам жоюп көнүп калганбыз. Мен Тарых музейин оӊдоо иштеринде жаӊылыштык болгон жок деп толугу менен ишендирип айта алам. Бул  ишти биз абийир менен аткардык. Айрым депутаттардын саясатташтырып, айткан 13 миллион доллар эмес, 13 миӊ сом да уурадлаган жок деп кескин айта алам. Аткарылган иштердин ар бир тыйынына чейин так эсеби бар. Азыркы тарых музейи эле эмес, биз 10 жыл мурун курган курулуш иштерине да жооп бере алам.   Мамлекеттик курулуш, архитектура агенттигине менин эч кандай дооматым жок. Балким алардын бизге дооматы болушу мүмкүндүр.

СМУ-3тү өкмөт акыркы жылдары “пожарник” катары көлөмү чоӊ, бирок кыска убакытта бүтүрүүгө туура келген бир топ мамлекеттик курулуш иштерине пайдаланып келгени чынбы?

—Жалпысынан алып караганда ушундай деп койсок да болот. Биз Бишкектин түндүк тарабына орнотулган тууну, Ала-Тоо аянтына тургузулган Манастын айкелин да, Чолпон-Атадагы Ат майданынын курулушун  кыска убакытта бүтүрүп бергенге аракет  кылдык

Ат майдан демекчи, ал жакта да силер жүргүзгөн курулуш иштерине кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат. УКМК тараткан маалыматта 154 миллион сом максатсыз пайдаланылды деп жатпайбы. Бул айтылган кептин канчасы чын?

—Ат майданын  биз генералдык подрядчик болуп, биз жоопкерчилик алып курганбыз. Бул ат майданда жалпысынан 1, 5 млрд. 64 млн. сомго иш аткарылды.  Биздин СМУ-3 500 милион сомго чейинки суммадагы иштерди аткардык. Бул акчага бетеон, “отделка” ж.б. иштерди жасадык. Бизге жалпысынан 40тай жергиликтүү жана чет элдик  курулуш ишканалары “супподрядчик” болуп, иш жүргүзүштү. Калган каражатты ошол круулуш фирмалары иштетишти. Маселен, француз компаниясы аттар чуркай турган 1800 метрлик жолду дүйнөлүк талапка ылайык кылып жасады. Эсептөө палатасы азырынча 10 миллион сомдун тегерегиндеги акчага доомат коюп жаткан. Ал эми УКМК 144 миллион сомго доомат айтып жатат. Бул жерден айта кетсек, жасалган иштер боюнча отчет толугу менен кабыл алына элек да. Ошонун 144 миллиону аттар чуркай турган жолго сарпталган. Аны жасаган француз компаниясынын отчетун биз болсо тиешелүү тарапка  тапшырып бергенбиз. Ошол отчет эмгиче бир аз талаш жаратып кабыл алынбай жаткан.

—Себеп?

—Себеби, биз курулуш иштерин мамлекеттик курулуш жана архитектура коюп берген мамлекеттик баа менен иш жүргүздүк. Ал эми француз компаниясы ал бааларга көнгөн жок. Алар дүйнөлүк баа менен иш аткарышкан. Анткени, алар ошондой иш алып барып жүрүшкөн. Ал боюнча да мамлекеттик экспертизада долбоор жасалып,  каралып жатканын мен билем. Ошондон кийин отчетту карап, бекитишет да. Андыктан 144 миллион сом боюнча дагы тактоо жүрөт. Мындан тышкары, автоунаа токтотуучу жайга да доомат айтылды. Ал жердин аянты 25 миӊ квадрат метр жер болчу. Ал боюнча да азыр тиешелүү тараптар менен тактоо иштери жүрүп жатат. Мындан башка да дагы доомат – бул административдик имараттын чатырынын фермасынын туура эмес болгон деп айтылууда. Бул боюнча тиешлеүү тактоо иштери болууда. Чынында кээ бир иштер боюнча айтылып жаткан дооматтарга биз макулбуз.

-Мисалы, кайсыларга?

—Отчет учурунда жазылган кээ бир суммалар туура эмес жазылып кеткен. Маселен, сандардын тиешелүү жерлерине үтүр белгилери коюлбай калган. Ошондон улам жазылган суммалар көбөйүп кеткен. Азыр эсептеп көрсөк 6 миллион сомго жогорулап калган. Эми анын баары талапка ылайык такталып жатат. Ошондой эле азыр ошол курулуш учурунда отчетко жазылбай, унутулбай калган да иштер азыр чыгып жатат. Мисалы, бурсчатканы биз 800  кавадрат метрди ашыкча койгон экенбиз. Мына ошол ишти тактап беришти. Ошондой эле сары таш да ашыкча коюлган. Мына  ушунун баары эске алганда өйдө-ылдый менен такталууда. Кандай болгон күндө да биз жоопкерчиликтен качпайбыз. Жасаган иштерибизге жооп беребиз.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Булак: “Багыт” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *