Айнаш Токбаева: Айрым соттордо бир айда судья 60-70 ишти карайт

Өткөн жуманын шейшемби күнү, тагыраагы 6-июнь күнү парламент Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылдагы сот тутумундагы аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча маалыматын укту жана бир добуштан жактырышты. Төрайымдын доклады түшүнүктүү жана так болгондуктан, эл өкүлдөрүнүн көп деле суроосун жараткан жок. Албетте айрым жеке суроолор орун алганын кошпогондо. Андыктан биздин басылма да бир жыл ичинде сот тутумунда болгон жаңылыктарды төрайымдын өз оозунан угууну туура көрдук. Бүгүнкү маектешибиз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева.

-Айнаш Абдымановна, сизге маалым болгондой коомчулук тарабынан сот тутумуна ар кандай сын пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан сөздү соттордун ишин жөнгө салууда көрүлүп жаткан чаралар туурасында баштоону туура көрүп жатам. Биздин маалыматыбыз боюнча соттордун ишин квартал сайын баалоо жүрүп жаткан турбайбы?

-Ооба туура айтасыз. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоо системасы иштелип чыгып, киргизилген. Бул системага ылайык, республиканын ар бир судьясынын ишмердүүлүгү бардык каралган иштердин сапаты жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу ар бир квартал сайын бааланат. Мындай баалоо соттордун иштерди мыйзам чегинде жана өз убагында кароо боюнча жоопкерчилиги менен бирге сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жакшыртууга алып келет. Ал эми кесипкөй эмес судьяларга карата чара көрүү маселеси боюнча суроону Тартип комиссиясы менен биргеликте талкуулап, жыйынтыгында Тартип комиссиясы бул негиздер боюнча судьяны жоопкерчиликке тартуу мыйзамда каралбагандыгын билдирген. Андыктан Жогорку сот мыйзам чыгаруу демилге укугуна ээ болбогондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине кат жүзүндө тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин кароо боюнча кайрылган.

– Коомчулукта нааразычылыкты жараткан негизги көйгөйлөрдүн бири катары судьялардын иштерди кароодо жана чечүүдө негизсиз создуктурушу болуп жатканы айтылып жүрөт. Элдер судъялар иштерди жылдап карашат деп айтышат. Буга кандай пикириңиз бар?

– Бул сындарды абдан туура жана негиздүү деп эсептейм. Ошондуктан жогоруда белгилеп кеткен судьялардын ишин баалоо системасын да судья ишти мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу боюнча маалыматты талап кылып, судьянын ишти негизсиз создуктурбоого шарттайбыз. Бул багытта областтык соттордун төрагаларына да тиешелүү тапшырмалар берилип, көзөмөл жүргүзүү жагы жүктөлгөн.

– Парламенттеги сүйлөгөн сөзүңүздө соттордун жүктөмдөрү белгиленген нормадан да көп деп айттыңыз. Бир айда бир судья канча ишти карганга жетишип жатат?

– Бүгүнкү күндө республикадагы биринчи инстанциядагы соттордун жүктөмдөрүнүн нормативде белгиленген көлөмүнөн 3-4 эсеге көп. Мисалы, айрым соттордо бир айда бир судья 65-70 ишти карайт. Мындай жүктөм каралып жаткан ишти ар тараптуу жана тиешелүү түрдө талданбаган соттук актты кабыл алышына жана ишти создуктуруу менен чечилишине себеп болушу мүмкүн. Жыйынтыгында сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты да жабыркоодо. Андыктан жергиликтүү соттордун штаттык санын көбөйтүү маселеси курчууда.

– Араздашкан тараптардын ишин сотко жеткирбей чечүүгө жетелеген “Медиация жөнүндө” мыйзам кабыл алынбады беле?Жардамы тийип жатабы?

– Мен жогоруда белгилеген жагдайларды эске алуу менен жана судьялардын жүктөмдөрүн азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы медиация жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу жүрүп жатат. Анын алкагында сотторду медиация институту менен тааныштыруу, практикада медиациянын техникаларын колдонуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Медиация багытында пилоттук долбоорду ишке ашырып, ага 11 сот, 18 судья катышкан. Аталган иш-чаралардын негизги максаты – соттон тышкаркы тартипте талаш-тартыштарды чечүүнүн жаңы ыкмаларын жолго салуу жана укуктук талаштарды жөнгө салууда жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Каныкей Оңолбекова

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Эмне кунуно 2-3 иш коппу? Аны коп дешсе кечке эмне иш кылышат? Айлык акылары карапайым калктыкынан 3-4 эсе коп.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *