Айнаш Токбаева: “Тартип бар жерде сапат болот”

Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш  Токбаеванын  катышуусунда Бишкек  шаарынын  сотторунун  жылдын жыйынтыгына  арналган отуруму  болуп  өттү. Анда, 2017-жылдын  жыйынтыгында кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер болгонун, жергиликтүү соттор тарабынан өткөн жылы  кандай жумуштар аткарылгандыгы талкууланды.

Жыйынды Бишкек  шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова ачып күн тартиби менен тааныштырды. Андан  соң, жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун  басар Адис Момуналиев, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басар Азамат Алыбаев жана жарандык иштер боюнча орун басар Бермет Толубаева  маалымат беришти.

Мындан  сырткары жыл  ичиндеги аткарылган иштер боюнча Жогорку  соттун алдындагы сот департаментинин директору Рустам Ибраимов маалымдады.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш  Токбаева 2017-жылдын февраль айында 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып,  бир нече жагдайларга кеңири токтолуп, жергиликтүү соттор тарабынан аткарылууга жаткан тапшырмаларды берген.  Алардын ичинен эң негизгиси сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу экендигин белгилеген.

Мындан  улам, Төрайым  судьялардын  ар биринин жыл ичиндеги  аткарган иштери, кабыл  алынган  чечимдери жана  жүктөмдөрүнө  токтолуп, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу багытында бардык аракеттерди системалык түрдө ишке ашыруу  зарыл  экендигин белгиледи.  Анткени, мындан ары  Жогорку сот  тарабынан жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн сапатын аныктоо жана аны жакшыртуу максатында иш чаралар  квартал сайын жүргүзүлүүсү пландаштырылууда. Аны  менен  ар бир  жергиликтүү соттун судьясынын ишмердүүлүгү Жогорку сот тарабынан көзөмөлгө алынып,  сапаты төмөн судьяларга карата чечкиндүү аракеттер көрүлөт.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө Төрайым, чыгарылган соттук  актыларды талдап, анализдеп, жокко чыгаруунун негиздерин изилдеп,соттор менен биргеликте бул маселелерди талкуулап, Жогорку сот менен биргеликте туура жана бирдей соттук практиканы иштеп чыгып,сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жетишүүгө чакырды. Бул үчүн видео конференц байланышты колдонуу жакшы жардам болору кошумчаланды.

Жогорку сот мындан кийин коррупцияга жана кызматтык кылмыштар менен байланышкан иштерге өзгөчө  көңүл бурарын Айнаш  Токбаева белгиледи. Аны менен бул категориядагы иштердин эч бир себепсиз кыскартып, негизсиз шарттуу жаза белгилеп, же жеңил жаза берип, ишти кароодо создуктуруп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүн өткөрүп, ишти кыскартуу фактылары боюнча судьяларга карата текшерүү жүрөт жана алардын жоопкерчилиги каралат деп,  ишти мыйзам чегинде гана кароону жана чечүүнү талап кылды Төрайым.

Айнаш  Токбаева, тартип  бар жерде сапат болот, ошондуктан эмгек тартибине  токтолуп, жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери эмгек тартибин сактап, жумушка  кечикпей дайындалган сот процесстерин өз убагында баштоону тапшырды. Эгерде кайсыл бир судья эмгек тартибинин эрежесин сактабаса, анда ага карата материалдар тартип комиссиясына жиберилет.

Мындан тышкары, Төрайым иши  соттор  каралып  жаткан  тараптар  менен байланышпай, иштин  жагдайларын талкуулабоону тапшырып,  коррупциялык көрүнүштөргө тыюу салам  деди.   Азыркы учурда өлкө башчы тарабынан бул иштерге катуу көзөмөл жүргүзүлүп, тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырмалар берилүүдө. Мындан ары коррупция менен аёсуз күрөш жүргүзүлөт. Бул маселе 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда талкууланып, тиешелүү чечим кабыл алынды. Андыктан, Коопсуздук  кеңешинин отурумунун  чечими  жарыяланды аны  менен  таанышыңыздар -деди  Айнаш  Токбаева.

Жыйындын  жүрүшүндө,  процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө судьянын ишине ар кандай кийлигишүүнү четтетүү максатында 2017-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө эрежеси  бекитилгени айтылды.  Бул  кайрылуу соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, башка органдын, уюмдун, кызмат адамынын жазуу же оозеки формадагы кайрылуулары болуп эсептелинет. Тартипке ылайык, конкреттүү соттук иш же судьянын өндүрүшүндө турган материал боюнча соттун төрагасына, анын орун басарына же судьяга жазуу жүзүндө же оозеки формада келип түшкөн процесстен тышкары кайрылуулар милдеттүү түрдө Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланмакчы.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *