Айназик Сатимбаева, модель: Күз романтикалуу, кусалуу

– Күз мезгилин абдан жактырам. Романтикалуу. Кусалуу. Аба салкын. Күздүн болуп толуп турган убагында алыскы жолго чыксаң өдүнчө рахат. Түгөнбөгөн саргайган бак-дарактар, сапырылган жалбырактар. Чексиз сары талаалар. Чуудаланган булуттар. Кечкурун кыйкуулап сап-сап болуп учкан куштар өмүрүңдүн, жаштыгыңдын өтүп бара жатканын эске салат…

Ширин Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын кызы, КУУнун 1-курсунун студенти, «Кыргызстан сулуусу – 2018» сынагынын катышуучусу, тасма, клиптерге тартылууга ынтызары зор, журналисттик, дизайнерлик, актрисалык кесиптердин ээси болгусу келген кымча бел кыздарыбзыдын бири.

– Кыргыз сулууларынан баалагандарың кимдер?

– Кыргыз сулууларынан да эмгекчилдерин, талыкпагандарын жактырам. Дизайнер Замира Молдошева эжемди аябай сыйлайм. Өзүнүн ишине тың, сүйүктүү жар, мээримдүү эне. Эң негизгиси адамга кылган мамилеси аябай жагат.

– Тасмаларга тартылгың келеби? Кандай образдарды жараткың келет?

– Ооба, кичинемен кыялданчумун, азыр да аракет кылуудан тажабайм. Кинолорго кастинг болсо, калбай бара берем. Адамга 1% талант, 99% эмгек керек. Буюрса эмгектин үзүрүн көрүп, режиссёр Жаныш Момунов агайым менен чогуу иштеп жатабыз. Бул биринчи менин жетишкендигим болун саналат. Мага кандай образ болору маанилүү эмес. Эң негизгиси, актёрлук чеберчилигимди мыкты ачып бере алсам болду.

Бүгүнкү кыз-жигиттердин сүйүүсүнө көз карашың кандай?

– Айтуу кыйын болуп калды го. Азыр сүйүүдө байлык менен адамдын келбети чоң ролду ойноп калбадыбы. Бирок, чыныгы сүйүү бар экенине жана жолуктурарыма ишенем.

– Инстаграм сен үчүн эмне?

– Инстаграм мен үчүн аябай маанилүү деле эмес. Азыркы учурда замандаштарыбыздын, жылдыздарыбыздын баскан-турганынын баарын Инстаграмдан билип калбадыкпы. Инстаграмга кирем, бирок башка кыздардан айырмаланып, сүрөт жүктөбөйм.

– Көралбас, ушакчы адамдарга көз карашын кандай?

– Кандай айтсам… азыр ишенүүдөн калдым. Мага сырттан жакшы мамиле кылып, артыман жамандаган адамдар көп. Аларга эмне айтмакчымын? Көралбастыгын дагы уланта беришсин, мен бул нерселерден алдыга умтулам.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *