Айнура Осмонова, депутат: Армениянын калкы бизден эки эсе аз, бирок экономикасы эки эсе күчтүү

– Айнура айым, ЖКнын отурумунда акыркы жылдары инвесторлордун саны азайганын, ЕАЭБге кирген өлкөлөр ичинен арткы катарда калганыбызды күйүп-бышып айтып келесиз?..

– Сиз берген суроо, бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн экономикасынын талуу жерине тиешелүү. Мен, комитеттик отурумда болгону Дүйнөлүк банктын ыкмасы менен мамлекеттердин бизнести жүргүзүүдө түзүлгөн жагымдуу шарттарынын көрсөткүчүн изилдөөчү «Doing Business» жарыялаган маалыматты айтып, өз оюмду билдирдим. Анткени, азыркы ааламдашуу шартында мамлекеттер аралык рейтинг чоң мааниге ээ, себеби чет элдик инвесторлор биринчи ушундай көрсөткүчтөрдү карап баа беришет. “Doing Business” өлкөлөр боюнча өзүнүн баалоо критерийлерине салып, жьш сайын мамлекеттердин рейтингин жарыялап жатат. Ошол жерде ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен биздин өлкөбүз эки эсе артта турганын катардагы жаран деле айта алат. Анткени, Кыргызстан 77-орунда, Россия 35, Казакстан 36, Белоруссия 38, Армения 47-орунда көрсөтүлгөн. «Doing Business » жарыялаган дагы башка индикаторлорду карай турган болсок, анда электроэнергияга кошулуу боюнча 190 өлкөнүн ичинен 164-сапта, салык жыйноо боюнча 151-орундатурабыз. Алардын 2018-жылда даярдаган отчетунда Кыргызстанда бизнесин жаңыдан баштаган ишкер 44 документтин түрүн чогултушу керектигин жазып чыккан. Мисалы, мамлекеттик каттоо, салык кызматынын, соцфонддун, экотехинспекция, архитектура ж.б. сьшктуу документтерди топтоонун өзү деле кандай түйшүктүү иш. Дагы ал документтерди жыйноодо көрүнөө же көмүскө бут тосуулар жок деп эч ким айта албайт. Мен биздин өкмөттөн келген өкүлдөргө «Doing Business » жарыялаган цифралар боюнча тиешелүү иш жүргүзүп жатасыздарбы? Кандай пландар бар?» деген маселени койдум. Мисалы, «Doing Business» көрсөткөн рейтингде жок дегенде Арменияга теңелүү аракетин көрүү керек. Армениянын калкы бизден эки эсе аз, бирок экономикасы эки эсе күчтүү, ички дүң продукциясы 10 млрд. доллардан ашат. Жакынкы кошуна мамлекет Казакстан акыркы он жылда 250 млрд. доллар инвестиция тартканын, Кыргызстанда акыркы он жылда эң аз инвестиция келгенин белгиледим. Демек, «Doing Business» рейтинги боюнча Кыргызстада жакшы иш жүрбөй жатканын сандар айтып турат.

– Бүгүн экономика министрлигинде отургандар өндүрүшчүлөргө шарт түзүп берип жатышабы? Алар кандай иш алып барып жатышат деп ойлойсуз?

– Евросоюз 2016-жылы Кыргызстанга артыкчылыктуу (Всеобщая система префере-ций +) деп коёт, ВСП+ макамын ыйгарды. Башкача айтканда, өндүргөн товарлар Евросоюзга мүчө өлкөлөрдүн баарына бажы төлөмдөрү жок кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул жерде Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга гана мындай макам берилгенин белгилеп коюу керек. ВСП+ макамын алган өлкөлөр боюнча биздин эле улуттук стратегиялык изилдөө институту берген маалыматга Филиппин өлкөсү 200 миң жумуш ордун түзсө, Шри-Ланка ички дүң продукциясын 2% өстүрө алган. Ошондой эле, Евросоюз Россияга санкция киргизип жатканда, 2014-жылы Сербия санкцияларга кошулбай, айьш чарба продукцияларын экспорттоодо өндүрүүчүлөрү кыйла көтөрүлүп алышты. Бул жерде Сербия өкмөтү туура чечим кабыл алып, бизнеске шарт түзүп бере алды. Ал эми Азия өнүктүрүү банкынын алдын ала айтымы боюнча, ВСП+ макамынын негизинде Кыргызстандын экономикасы 400 млн. доллар пайда көрмөк. Иш жүзүнө келгенде, эки жыл болуп баратса да өкмөт эч кандай жыйынтык жасай албай жатат.

Евросоюз тарабынан Кыргызстандын кургатылган жер-жемишине, жаңгагына, балына, тамекисине, кийим-кечекке кызыкдар экени айтылган. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү ХАССП жана ИСО сертификация маселелерин тез арада чечип, «Кыргызстан-Евросоюз бизнес форуму» иш-чарасын өткөрсө деген сунушум бар. Анткени, өкмөт Евросоюздун 500 миллиондук рыногу жөнүндө кеңири, жеткиликтүү маалымат таратып, бизнес чөйрөсүнүн жана Европа бирлигиндеги инвесторлордун көңүлүн буруу аракетинде тынымсыз иш алып барышы керек. Ошондо Баткен өрүгү, Көлдүн алмасы, Жалал-Абаддын жаңгагы, Токтогулдун балы, Оштун тамекиси, Кыргызстандын жеңил өнөр жайынан белгилүү кийим-кече тигүү тармагына инвесторлор тартылып, Евросоюзга кирген өлкөлөргө экспорттолуу мүмкүнчүлүгү ачылса, экономиканын өсүшүнө жагымдуу шарт түзүлөрүнөн шек саноого болбойт. Кыргызстандын экономикасынын өсүшү бир катар экономикалык талаптар менен бирдей адам факторуна да түздөн-түз көз каранды. Себеби, мамлекеттин ар бир мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланууга жан үрөгөн өкмөт мүчөлөрү баш болгон ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир ишкер, дегеле мекенин сүйгөн жарандар бүтпөс ишти бүтүрүп, болбос ишти болтура алат. Болгону, чын жүрөктөн каалоо, тынымсыз аракеттенип, изденүү керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *