Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин депутаты: «Малды уурдагандар 11 жылга чейин соттолсо, бойго жете элек жаш кыздарды ала качуу штраф же болбосо 3 жылга эркинен ажыратуу деп каралган»

— Айнуру айым, учурдун көйгөйүнө айланган чек ара маселеси боюнча пикириңиз кандай?

— Чек ара маселесин чечүүдө Өкмөттүн аракети күч болуп жатат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дипломатиялык жолдор менен Казакстандын өкмөтүнө жол картасы боюнча көптөгөн сунуштарды беришти. Тилекке каршы айрым беренелерине талкуудан кийин кол коюлбай, бир пикирге келе алышпаптыр. Өзүлөрү өндүргөн же болбосо элдин товарларын сатып алып жөнөтүп жаткан ишкерлерге мамлекет тарабынан салык, социалдык тарифтер жана жеңилдеткен кредит берилет деген маселе каралды. Бул Өкмөттүн жабыркаган ишкерлердин маселесин чечип атканы. Бүгүнкү абалдын чыгуу боюнча Өкмөт Өзбекстан аркылуу ишкерлер өз товарларын алып өтсө болот, бирок эки миң километрге жол узарат деген вариантты да айтты. Жол узарганга жараша чыгымы көбөйүп, ишкерлердин тапкан пайдасы аз болуп, көп убакытты талап кылат. Мындан сырткары ачык асман долбоорун талкууладык. Авия каттамдар менен жүк ташыгандарга абдан кымбатка түшөт экен. Мен өз оюмду так билдире турган болсом, Өкмөт бул маселени чечет деп ишенем. Колдон келишинче аракеттенип иштеп жатышат. Жакын арада жол ачылат.

– 7-ноябрды майрам катары кабыл алууда дагы ар кандай ой-пикирлер айтылды. Жеке сиздин көз карашыңыз кандай?

— Бул демилге президентибиз Алмазбек Атамбаевге таандык. Президент тарабынан Указ чыгып, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөр деп сунушталып жатат. Мен да бул идеяны колдойм. Анткени, ар бир эл өзүнүн тарыхын билиши керек. Жаштарга, студенттерге, жалпы эле тарыхка кызыккан инсандарга илимий-практикалык конференциялар өтүш керек деп ойлойм. Ата-бабаларды эскерүү күндөрү сөзсүз болушу кажет. Биз ата-бабаларыбызды эстеп сыйлап, басып өткөн жолубузду эстен чыгарбашыбыз керек.

— Адам уурдоо фактылары боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатты эле. Ушул боюнча айта кетсеңиз?

— Ал долбоорду өкмөт демилгелеп, алар тарабынан сунушталган. Адам уурдоо жана сатуу фактыларынын алдын алуу механизмдерди иштеп чыкканга колдоо иретинде багыт берчү мыйзам долбоору. Аны барыбыз колдодук. Эми алдын алуу чараларын өкмөт иштеп чыгуу керек. Чет мамлекетке чыккан эмгек мигранттарыбыз сыртка чыкканда толук маалыматты алуусу шарт. Азыр жыйырма биринчи кылымда жашап атабыз. Баарыбызда маалымат булактары жетиштүү. Ар бирибиздин колубузда интернет туташтырылган телефон бар. Мекендештерибиз Россияда, Казакстанда же андан башка өлкөлөрдө каттоого туруп, иш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзүп, расмий иштеши керек. Республикалык бюджеттен акча алган маалымат булактары социалдык багыттагы роликтерди иштеп чыгып, элге көрсөтүүгө тийиш. Чет өлкөгө барып иштейм деген жаран чет жерде өзүн кантип алып жүрүштү, кандай мыйзамдарды билиши керек экенин, каттоого кантип турушту, эмгек келишимин түзүшү керек экенин тууралуу маалыматты алуусу керек. Россияда биздин ондон ашык кызыбыз басмаканадан чыккан өрттүн кесепетинин айынан каза болушту. Биз ошол окуя тууралуу иликтесек, 16–17 кыздын ичинен эки үчөөсү гана расмий түрдө келишимдин негизинде иштеп жүрүшүптүр. Жумуш берүүчү соцфондко, салыкка ашыкча төлөгөндөн качып, мыйзамсыз иштетип жүргөн экен. Кокустан жумуш учурунда кырсык болсо расмий түрдө төлөбөйт. Мыйзамга таянса андай адамдар иштеген эмес болуп чыгат. Биз Москвадагы биздин өкүлдөрүбүзго, элчиликке кыздардын ал жерде иштегендиги анык деп сотто далилдегиле деп айттык. Кыздардын мыйзамсыз иштеши жумуш берүүчүнүн күнөөсү. Каза болгон жарандарыбыздын конпенсацияларын төлөп бериши керек деген талапты койдук. Ошондуктан сөз кылып жаткан мыйзам бизге абдан керек. Колдошубуз зарыл.

— Чет жерде мыйзамсыз иштеген атуулдарыбыз жыргаганынан ал жакта жүрүшкөн жок да?

— Эми бул жерде ар тараптуу карашыбыз керек. Балким чет мамлекетке барып иштеп, үйгө акча таап келем деген инсандарыбыздын мыйзамдардан маалыматы жоктур. Балким биздин өкүлчүлүктөр дагы тийиштүү деңгээлде иштебей жатышкандыр. Ошондуктан эмгек мигранттар көп шаарларда миграция боюнча мамлекеттик өкүлчүлүктөр ачылган. Алар дагы биздин жарандарыбызга жардам бергенге макул. Мен жакында эле Москвадагы өкүлчүлүк менен сүйлөшүп, Москвага барып аялдар менен жолугуп келүүгө макулдаштым. Ал жакта иштеген аялдардын эң жакшы деңгээлде иш алып баргандарына Датка медалын жана башка грамота, сыйлыктарды тапшырууга бел байладык.

— Датка медалы менен акчасы көптөрдү сыйлап келбейсиңерби?

— Датка атындагы медаль коомдук сыйлык. Жалаң аялзатына берилет. Коомубуздагы бардык тармакта иш алып барган аялзатына ыйгарылат. Ал аялдын кайсыл кесипти аркалаганы маанилүү эмес, аткарган иши мааниге ээ. Жакшы иш жасап, коомубузга, өлкөбүзгө пайдасын тийгизип, өз салымын кошсо биз бул сыйлыкты алууга татыктуу деп билебиз.

— Эгер сыр болбосо, бул сыйлык ким тарабынан качан уюштурулган?

— Жогорку Кеңеште аялдардын форуму бар. Мен ал форумдун негиздөөчүсүмүн. Бешинчи чакырылышта аталган форумдун төрайымы болуп иштедим. Форумдун алкагында чет жерлерде же айылдарды аралаганда айымдарды көрдүм, жада калса алар өздөрү “Бизди колдоо иретинде жок дегенде бир грамота берип койсоңор” деп сунуш киргизген учуру болду. Аялдар менен болгон жолугушуулардан келип ойлондум. Чын эле аялдарга жакшы стимул болчу сыйлык берсек деген ой пайда болду. азыр аялдар коомдук кеңешинин ардак грамотасы, Датка деген медалыбыз бар.

— Бул медалды алган аялзатына кандайдыр бир жеңилдиктер каралганбы?

— Кандайдыр бир артыкчылыктары жок. Жөн гана аялзатынын көңүлүн көтөрүп, анын жасап жаткан ишин дагы да алдыга умтулуусуна кошумча стимул болчу дем катары берилет деп айтсам болот. Биз алгач Датка айым деген медалды бир гана жергиликтүү кеңештин депутат айымдарына колдоо иретинде тапшырып жүрдүк. Бешинчи чакырылышта айылдык кеңештин депутат айымдарын гана колдоп жүрсөк, учурда заман талабына ылайык аялзаты коомдо өтө активдүү роль ойнойт, ошону эске алып алтынчы чакырылышта ар кесипти аркалаган активдүү айымдарга тапшырып калдык.

— Эл менен көп жолугушкан депутат экениңиз маалым. Эл менен жолугушууда эмнелерди байкай алдыңыз?

— Өзүңөр билгендей 2010-жыл аябагандай оор жылдардан болду. 2011–12–13-жылдары эл аралап көп жүрдүм. Ошол кезде көп замандаштарыбыз тынчтык болушун тилечү. Тынч болсок болду деген пикирлерди көп уктум. Ал мезгилде көпчүлүк тынчтык болушун каалашчу. Азыр эл аралаганда башкача көз караштагы маселелер көтөрүлөт. Көбүнчө жолугушууларда саясатка көбүрөөк басым жасалган суроолор берилет.

— Саясаттан тышкары элет жериндеги кандай көйгөйлөрдү айтып кайрылышат?

— Учурда көйгөй жараткан маселелердин бири жер маселеси. Там салып балдарды чоңойтуу үчүн жер керек, андан кийин таза суу маселеси турат. Негизинен ушул эки маселелер боюнча көптөгөн көйгөйлөрүн айтып кайрылышат.

— Социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында кандай мыйзамдарды жаздыңыз?

— Бешинчи чакырылышта депутат болуп турганда көп мыйзамдарды жазгам. Ала качуу, эрте турмушка чыгуу, эрте никелер боюнча. Мыйзамдарды кандайдыр бир фактыга таянып жазам. Мен Ысык-Көлгө барсам эки кыз катарынан өзүн өлтүргөн факты катталган. Бул ала качуунун жыйынтыгы. Ошол окуяны көрүп келген соң, ала качуу боюнча мыйзамды жазып сунуштадым. Ошол мыйзам өтүп жатканда айрым апалар, эжелер бизди деле ала качып кеткен, он балалуу болдук мына жакшынакай эле жашап жатабыз деп чыгышкан. Ал мурунку замандын кишилери да. Азыркы замандын кыздары башкача. Жыйырма биринчи кылымдын көп информацияларынан кабардар. Дүйнө таанымы кенен. Ошондуктан ала качып кетсе кыздар учурда олтурбайт. Макул болбой каршы чыгат. Эгер кыздын каршылыгын жакындары колдобой койсо ошондо өзүн-өзү өлтүрүүгө барат. Мыйзамда адам уурдоо 10 жыл, малды уурдоо 11 жыл, бойго жете элек жаш кыздарды ала качуу штраф же болбосо 3 жылга эркинен ажыратуу деп каралган. Статистиканы көрсөк ала качуу боюнча кыздар арызданып же иши сотко жеткен эмес. Анткени кыз киши өзү арыз жазып барса деле ай уят айылдашыбыз эмне дейт, кой бир эл болсоңор жарашып алгыла дешчү да. Ошондуктан бул мыйзамды жазганмын. Депутаттар ар тармактуу кесиптин ээси боло албайбыз. Мен негизги багытымды аялдар, балдар, үй-бүлө, карыялар деген маселелерге буруп, ушул көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп атам. Бул багытта саясий жагынан көп мыйзамдарды жаздым. Жогорку Кеңештеги эки фракцияда бир да депутат айым жок, аял депутат кетсе ордуна аял депутат келсин деген мыйзамдын автору менмин.

— Аял кишинин орду саясатта эмес дегендерге пикириңиз кандай?

— Бул суроого өзүмдү мисал кылып жооп берейин. Чындыгында саясатка аралашкандан кийин мага да оор болду. Үй-бүлөмдө колдоо болгондуктан баарына чыдап келатам. Жолдошум, балдарым туура түшүнүп мени колдоп турушат. Эгер чындыгын айтсам, аял кишиге үй-бүлөдөн колдоо болуп турса, үй-бүлөлүк тылы бекем болсо саясаттан ордун тапса болот демекчимин.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *