Айтмамат Барсбектин эстелигин Мелис Мырзакматов тургуздурган үчүн көрө албай, маңкурттук кылып жатабы?

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин деңгээли ээлеген кызматына такыр төп келбейт экен. Дегенибиз, улуттун баалуулуктары, мамлекетик саясат дегенден түк түшүнүгү жок тура. Билими терең, кыргыздын нарк-насилин билген, тарыхын, тилин сыйлаган жетекчи болсо Ош шаарындагы Б.Осмонов менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жолдо орнотулган Барсбек кагандын эстелигин жылдырыш керек деп айтпайт эле. Мындан улам, бүтүндү бүлдүрүп, бар нерсени жок кылам деген бул мэрдин мээси ордунда бекен деп шек санагандар арбыды. Барсбек кагандын ким экенин билбесе, тарыхчылардан сурап, билип алса болмок. Балким билетгир… Бирок Барсбек кагандын эстелигин мурдагы мэр Мелис Мырзакматов тургуздурганы үчүн көрө албай, маңкурттук кылып жатабы? Эсиң барда этегиңди жапсаң кантет, элге жек көрүндү боло бербей?..

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • неизвестно says:

    Барсбекти билбеген адам болбосо керек. Бирок, бироону озуно тенеп жазган туура эмес го дейм. Менимче бул макаланы жазган адам ал жерде элдер кандай кыйынчылык тартып жатканын билбейт окшойт. Ошол жердеги пробканын айынан кээ бири больницага жетпей калып жатат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *