Айтмамат Кадырбаев, КР отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары: Кышка карата каржы министрлиги тарабынан бир катар мекемелер жетишсиз камсыздалган

Бир кездеги Ош шаарынын күпүлдөгөн кожоюну төрт жарым жылдык мэрлик ишинде биздин гезитке үзбөй маек берип, бир катар «суу жүрөк» чиновниктерден айырмаланганы бар: Бүгүн да борбордук бийликке келгени биз менен баарлашып, өткөн-кеткен, ага удаа келечектеги ой-максаттары менен бөлүштү.

– Айтмамат аке, өмүр бою Ош облусунда иштеп, жакында жер которуштуруу менен төрт жылдан берки кызматыңызды да алмаштырдыңыз. Борбордук бийликтин эреже-шарттарына көнүшүп кетүү кыйынчылык туудурган жокпу?

– Жашоо-турмушубуздагы баардык нерсе Жаратканыбыздын буйругу менен болору баарыбызга маалым. Туз, насип буюруп борбор каалабызга келип, мамлекеттик деңгээлдеги маанилуү тармакта кызмат өтөп жатканыма сыймыктанам. Борбордук бийликтин чечимин менян иш тажрыйбама берген баасы катары чын ниетимден кабыл алдым. Ары татаал, ары жоопкерчиликтүү кызматты аркалоо менен бул тармакта да бир топ тажрыйба топтойм деген максат менен иштеп жатам. Мамлекеттик органдын жетекчиси, кызматкери катары өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салымымды кошуу менин атуулдук милдетим катары эсептейм.

– Түштүк жергесине салыштырмалуу бул жактан кандай айырмачылыкты көрө алдыңыз?

– «Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш» деген ажырымдардан мен өтө алысмын. Сиздерди да дал ушул стереотиптерден оолак болууга чакырар элем. Ар бир инсан өз дүйнө таанымы менен айланасын карайт эмеспи. Андыктан, мен эч кандай айырмачылыкты байкаганым жок. Бир эл, бир журтта, сүйүктүү Кыргызстаныбызда жашап, эмгектенип жатып, бизде кандай айырмачылыктар болуусу керек?

– Өлкөбүздүн учурда кышка даярдыгы кандай? Жалпы республикабыз боюнча отун-суу канчалык деңгээлде беленделди? Бул жагынан былтыркы Бишкек ТЭЦиндеги көрүнүш жакшы эле сабак болдубу…

– Өкмөттүн 2018-жылдын 22-майындагы №249 токтомун аткаруу максатында мамлекеттик комитет тарабынан калктын 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшүнө мониторинг боюнча өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин буйругу менен штаб түзүлдү. Штабдын курамына мамлекеттик комитеттин, өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери, ошондой эле энергетикалык сектордун ведомстволук ишканаларынын жана жылуулук менен камсыздаган ишканалардын жетекчилери киришти. Мындан тышкары, республиканын региондорундагы көмүр казуучу ишканалар, электр жана жылуулук ишканалары тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерүү үчүн жер-жерлерге баруу менен мониторинг жүргүзүү боюнча бул штабдын иш-чаралар планы түзүлдү. Штабдын ишинин алкагында республиканын региондорунун айрым социалдык объекттерди (жалпы билим берүүчү мектептер, райондук жана шаардык ооруканалар, балдар мекемелери жана жылуулук берүү объекттери) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көмүр даярдоо, буу казан жабдууларын оңдоо боюнча кемчиликтер, каржы министрлиги тарабынан бир катар саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелерин жетишсиз каржылоо болгону аныкталды. Ушуга байланыштуу балансында буу казан чарбасы бар болгон бюджеттик уюмдар үчүн 1-октябрга чейинки мөөнөтгө буу казан жабдууларын даярдоого тапшырма берилди. Азыркы убакта инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча 11 долбоор ишке ашырылып жатат. Алардын ичинде Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Камбар-Ата – 2 гидроагрегатын ишке киргизүү, Бишкек жана Ош шаарларында 220 жана 110 кВт кубатгуулуктагы 4 көмөкчү чордонду реконструкциялоо, электр тармактарындагы жоготууларды кыскартуу сыяктуу алдыдагы иш-пландар бар.

– Сизге карата кандай баа беришкен күндө да мамлекеттик кызматтан кыйла тажрыйба топтодуңуз. Мындан жогорку постторго даяр болуп, «бышып» калдыңыз дегендей. Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

– Аны убакыт көрсөтөт. Бара көрөрбүз, Калыгул.

– Ош шаарынын мэри катары түштүк калаасы үчүн кайсы ишти бүтүрө албай кеткениңизге өкүнөсүз?

– Мен өз өлкөмдө жашап, өз мекениме кызмат өтөп жатам. Андыктан, сүйүктүү Ош шаарымдын өнүгүүсүнө дале болсо талбай салымымды кошо берем. Кыска аралыкта, тактап айтканда, төрт жылда жол, курулуш тармагында чоң-чоң долбоорлор аткарылып, бир нече объектгер реконструкциялангандыгы коомчулукка маалым. Ош калаабыз, андагы шаардыктарыбыз үчүн мааниси чоң долбоорлорду жүзөгө ашыруу жаатында тармактык жетекчилердин жактыруусу менен пландар бекитилген эле. Ош шаары Улуу Жибек жолунун чордонунда жайгашкандыктан күн сайын 70 миңден ашуун унаа шаардын ичи менен чекгеш мамлекеттерге чейин транзиттик каттам аркылуу байланыш жүрөт. Шаар ичинде жылдан жылга унаа тыгындары күч алып, ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 24 км айлампа жолду куруу маселесин көтөрүп чыккан элем. Кезинде бул долбоор жактырылып, жер кыртыштарын иликтөө багытында алгачкы кадамдар ташталган эле. Буюрса бул долбоор жүзөгө ашат деген ишеничтемин. Биздин максатыбыз, багытыбыз бир. Ал да болсо мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин бейпилдигин сактоо үчүн ак дил менен өлкөбүзгө кызмат кылуу. Мен ар дайым айтып келгендей ордолуу Ош шаарыбыз Орто Азия чөлкөмүндөгү экономикасы өнүккөн маданий борборго айланат.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *