Айтмамат Кадырбаев мэрликти талашып, Жапар Ормоновду сабап салыптыр

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарындагы штабын башкарып, жетиштүү добуш алууга салым кошкон эле. Кара тоголок болуп алып, көзгө да көрүнө баштаган. Аны мындай деңгээлге көтөргөн айтылуу Икрам Илмиянов экени талашсыз. Жапардын таянган тоосу күчтүү болуп аткан соң, ал «Ошко мэр болом» деп темингенин эшиткенбиз. Албетте, мындай аракети азыркы мэрге жакмак беле? Кызыгы, өткөн жумада Айтмамат Кадырбаев ачуусу менен Жапар Ормоновду кабинетине чакырат да, ченебей «тамашага» батканы желдей тарады. «Мэр боло турган сенсиңби?! Мына сага!» деп башка-көзгө былчылдата уруп, сабап койгону толук кандуу ачыкталабы? Жабырланган шаар кеңешинин төрагасы дароо ооруканага жатып, ушу күнгө чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө экен. Кайда баратабыз? Элге үлгү көрсөтө турган жетекчилерибиз мындай акылга сыйбаган жоруктарга барып атышса, башка эмнесин айталы? Албетте, бул окуяны эки тарап тең коомчулукка чыгарбаганга аракет жасашып, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деген тыянакка келишиптир. Жо-ок, мындайлардын беттери ачылсын! Сабак болуш керек да…

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *