Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: “Достук мамиленин чыңдалышына эки тарап бирдей кол сунду”

-Айтмамат Тентибаевич, коңшу жашаган кыргыз-өзбек мамилеси бир топ жылдан бери муздак абалда болуп көпчүлүктү түйшөлтүп турчу. Муз болуп тоңуп бара жаткан мамилени эритүү үчүн эки тарап жолугушуу өткөрдү. Алаканы жакшыртуу үчүн алгач кайсыл тарап кол сунду?

— Туура айтасыз, кылымдар бою бир туугандай коюн-колтук алышып, миң жылдык куда-сөөк күтүшкөн коңшу өзбек эли менен мамилебиз солгундай түшкөн менен эки элдин тең тээ жүрөк түпкүрүндө бири-бирине болгон урматтын, сыйдын, бир туугандык, достук мамилелердин ысык илеби өчпөй жүргөн экен. Мамлекеттер аралык мамилелердин кайрадан жанданышын эки өлкөнүн калың элинин жалпы катмары кубаттоого алышкандыгы расмий иш-чара учурунда даана байкалды. Мамлекет башчыбыз Алмаз Атамбаев менен Өзбекстандын өлкө башчысы маркум Ислам Каримовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында бул маселелер жүзөгө ашты. Достук мамиледе алгачкысы болбойт. Достук мамиленин чыңдалышына эки тарап бирдей кол сунду деп баалоого тийишпиз. Баса белгилеп кетүүчү жагдай ушул жылдын 1-октябрында өзбек тараптын чакыруусу боюнча КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна барып достук, соода-сатык, кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча расмий иш-чарага катышып келгенбиз.

— Өзбекстанга барганыңыздарда коңшулардын кыргыз элине болгон көз карашын аңдасаңыз керек. Өзбек элинин бизге болгон ой-пикири кандай экен?

— Биздин элибиздин да, коңшу өзбек боордошторубуздун да самаганы тынчтык, бейпилдик. Ата-бабаларыбыздан бери келген достук мамиленин солгундап кетишине кабатырлануу, тууганчылык карым-катышуудагы тоскоолдуктардан зааркануу, сагыныч деген эмоциялар эки тараптын элинде бирдей байкалып келгени эч кимге жашыруун эмес. Достук мамилелердин кайра бекемделиши менен жогоруда белгилеп өткөн баалуулуктардын кайра калыбына келтирилиши эки элдин тең эң башкы үмүттөрүнүн акталышы деп айтууга болот. Эки элдин каалоосунун, эңсөөсүнүн чегиндеги үмүт учкундары саясаттагы айрым бир чиелишкен маселелердин чечилүүсүнө ак жарык из болуп берди.

— Өткөн жумада Өзбекстандын делегациясы Ош шаарында болуп кетти. Жолугушуудан кийин аларда кубанычтын белгиси билиндиби?

–26-октябрда Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов жетектеген 140 адамдан турган делегация Ош шаарына келди. Өзбекстандын делегациясынын курамында Президенттин, Өкмөттүн аппаратынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Андижан, Наманган, Фергана облустарынын губернаторлору (хоким), мамлекеттик жана облустук түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери, ишкерлер, фермерлер бар. Аталган расмий иш сапар эки мамлекеттин достук алакасын чыңдоого, кызматташууга багытталган. Расмий делегацияны татыктуу тосуп алуу максатында атайын азык-түлүк жарманкесин уюштуруп, конокторду өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрдүк. Ошондой эле шаарыбыздын борбордук аянтында маданий иш-чара өткөрүп, кыргыз элимдин каадасына ылайык жүзгө жакын улан- кыздар комуз менен “Маш ботой” күүсүн чертишти. Коноктор үчүн уюштурулган концерттик программа “Тынчтык керек” аттуу ыр менен жыйынтыкталды. “Тынчтык керек” ырын кыргыз, өзбек, орус улутундагы жеткинчектер ырдап жатканда конокторубуз ордунан туруп, бири-бирибизге сый-урмат, берилгендикти көрсөтүп кучак алыштык. Мындагы сезимдерди сөз менен жеткирүү кыйын. Күбө болгон көп улуттуу шаар тургундары көздөрүнөн жаш агызышты. Бир сөз менен айтканда эки мамлекеттин чек аралары кайтарууга алынган менен эки элдин жүрөгү достук сезимдер үчүн кенен, ачык экендиги ар бир сезимтал инсанга байкалып турду.

— Чек ара маселеси чечилбей, эки тарап тирешүүгө чейин барышпадыбы. Ушул жылы эле Аксы-Ала-Бука жолуна өзбек тарап аскердик техникалары менен чыгып, тосмо койсо, кийин Унгар-Тоону биздики деп басып алды. Чек ара маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрдү?

— Объективдүү, субъекивдүү себептерден улам бир канча жылдан бери эки өлкө бири-бирине достук эшигин ача албай жүргөндүгү эч кимге жашыруун эмес. Баарыбызга белгилүү болгондой чек ара, улуттар аралык маселелер өтө назик, кылдат мамилени талап кылат эмеспи. Буюрса, арттагы чиеленишкен күндөр эми кайталанбасын деген тилектерди айттык баарыбыз. Аталган иш-чаранын алкагында эки өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын кызматташуусу жөнүндө Ош мамлекеттик университеттин ректору Каныбек Исаков менен Андижан мамлекеттик университетинин ректору Акрамжан Юлдашев кол коюшту. Ошондой эле эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүү учурунда чек ара, соода-сатык, экономика тармагында жана башка маселелер боюнча сунуштар айтылып, макулдашуулар болду. Айтылган маселелер боюнча атайын комиссия түзүп, жакынкы арада жолугушууларды уюштуруу жагы пландалды.

— Ислам Каримов каза болгон соң, кийинки келген президент анын жолун жолдойт, биз менен болгон мамиле мындан ары да татаалдашат деген пикирлер айтылган болчу. Эки тараптын жасап жаткан иштери убактылуу эле болуп калбайбы? Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөндөн кийин мурунку абалга кайра кайтпайбызбы?

— Эки өлкөнүн эли бири-бирин сыйлаган бир тууган боордош эл. Эки элдин биримдиги тээ кылымдардан бери жашап келет. Мамлекет башчыларыбыз сүйлөшүп, ынтымагыбыз дагы да чыңдалат. Буга жогорудагы кадамдарыбыз данакер болмокчу. “Алыскы туугандан, жакынкы коңшу…” деген жакшы накыл кеп бар элибизде. Демек эки өлкө ынтымакта, биримдикте өнүгүү жолуна бет алдык. Андыктан алдын ала жаман ойлобойлу. Ата-бабаларыбыз кармашкан колдор, баскан издер дале кылымга улана берет деген ишеним бар.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *