Айтмамат Назаров куурагыр эл каргышына калып депутатыкка барбай эле койсо болмок экен

Жогорку Кеңеште Айтмамат Назаров деген депутат бар экен. Мурда-кийин укпаптырмын деле мындай депутат барын. Бул азамат «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей кыргыздын мөңгүсүн талкалоого жол ачып берүү менен атын чыгарды. Андан да кызыгы «Азаттыкка» маек берип атат. «Кумтөр” Давыдов менен Лысый мөңгүсүнүн 80 пайызын эчак эле талкалап, казып жок кылган. Ошону мыйзамдаштырып коёлу деп эле ушул мыйзамды кабыл алып жатабыз. Бул мыйзамдын башка мөңгүлөргө тиешеси жок»- дейт. Бул депутатыбыздын айткан сөзүн чын уктумбу же жалган уктумбу деп бир күн ойлондум. Көрсө чын угуптурмун. Интернеттерде жүрөт.

Айтмамат Назаровдун билим деңгээли канча болду экен? Деги эле мыйзам боюнча түшүнүгү барбы? Шектенип турам.

Биринчи, Эгер “Кумтөр” буга чейин эле Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн 80 пайызын талкалап бузуп, казып жок кылган болсо анда биздин «Суу кодексибиздин» талаптарын өтө одоно бузган экен да. Экологиябызды талкалаптыр да. Миллиарддаган долларга зыян кылыптыр да. С.Жапаров какшап 5 миллиард доллардан ашык зыян кылышты дегени чын экен да. Өкүмөт эмнени карап жүрдү? Жылыга бир нече жолу барып “Кумтөрдү” көрүп конок болушкан депутаттарыбыз эминени карап жүрдү? Эң башкысы чет элдиктер талкалаган нерсени эмне үчүн биздин бийлик бүгүн мыйзамдаштырып бериши керек? Эгер эл кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргосо, чын эле коррупцияга каршы катуу күрөшүп жатса анда эки мөңгүнү талкалаган чет элдиктерден чыгымды эмнеге өндүрүшпөйт? Эмнеге кайра аларга «Туура талкалап каздыңар. Биз болсо мыйзамды силердин ишке тууралап оңдоп беребиз»- дешүүдө? Айткылачы, ушундан ашкан да акмакчылык болобу? Бийликтегилериң Кытайда болгондо бүт бары токтоосуз атылышмак го.

Экинчи, Бул Айтмамат Назаров деген депутат «Суу кодексинин» 62-беренесине киргизилген толуктоо “Кумтөргө” гана тиешелүү деген кошумча менен кабыл алынбаганын, демек Кыргызстандагы бүт мөңгү аттууга тиешелүү болуп калаарын түшүнбөйбү? Эгер мыйзам дегенди өмүрү ачып окубаган, жазбаган, анын колдонулушу, таасири тууралуу түшүнүгү такыр жок болсо кандайча бул мыйзамга толуктоо киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты? Кимдир бирөлөр атайлап «Бул эч нерсе түшүнбөйт. Ошондуктан ушул аркылуу өткөзөлү»- деп түртүп койдубу? Андай болсо куурагыр эл каргышына калып депутатыкка барбай эле койсо болмок экен.

Суроо көп. Жооп берээр эч ким жок. “Кумтөргө” келгенде эле баары керең, дөдөй, дудук болуп калышат. Кейпи ооздоруна, кулактарына “Кумтөрдүн” алтын аралашкан куму тыгылып калса керек.

Чолпонбек Абыкеев

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *