Айтматов менин замандашым!

Айтматов менен мен 1962-жылы биринчи жолу көрүшүп, бетме-бет отуруп чай ичкем. Ошол жылы Москвада Дүйнөлүк адабият институтунда гуманизм боюнча конференция өтүп, ага Илимдер академиясынан мен, Жазуучулар союзунан Айтматов катышып, ал сөз сүйлөп, макаласы («Боорукердикти адам адамдан үйрөнөт» – «Человек у человека учится добру») макаласы атайын жыйнакта басылып чыккан.

Дем алыш убагында Чыке мени жана эки казак жигитти институтка жакын жайгашкан ресторанга чакырып түштөнттү. Ошондо ал Муктар Ауэзов менен кантип таанышканын айтып отурду. Чыңгыз Москвада Жогорку адабий курста окуп жүргөндө орустун бир чоң жазуучусунун романы боюнча «Жазуучулар үйү» деп аталган жыйындар залында талкуу өтүп, ага катышуу үчүн барса, эл жыкжыйма экен. Чыңгыз эшикке жакын жерден бир орун таап отурат. Чогулуш башталарына аз калганда М.Ауэзов кирип келип, бош орун жок туруп калганда Чыңгыз өз ордун бошотуп берет. Мен өз кулагым менен уккан сөз ушул. Ал бир аз башка варианта да жазылып жүрөт.

Мен 1972-жылы докторлук диссертацияны коргогондон кийин аспирант ала баштадым. Абдылдажан Акматалиевге «Кыргыз-казак адабий байланышынын өнүктүрүүдөгү Айтматовдун ролу» деген теманы бекитип берип, ал 1982-жылы диссертациясын коргоп, аны бүткүл түрк элдер адабиятынын материалдарынын негизинде 1990-жылы докторлук диссертацияга айланткан. Акматалиевден кийин да мен улуу калемгер тууралуу он кишиге жетекчи болуп, кандидаттык, докторлук диссертацияларын корготтум. Мен муну Айтматов таануу илимине кошкон белгилүү салымым деп эсептейм.

Ч.Айтматов улуттук университеттин студенттерине жолугушуу үчүн келген кезде бир жолу аны ректор Аскар Какеев кабыл алып, мен ошондо катышып отургам. Кеңешбек Асаналиев, Качкынбай Артыкбаев менен катар мен да сөз алып сүйлөп, Чыкеге анын чыгармачылыгы боюнча ондон ашык кишиге диссертация корготуп, монография жарыялаганымды маалымдадым. Ал мага «китептериңди бер, окуюн» деди, бирок, мен ал тапшырманы чыгымсыздыгымдан улам аткара алганым жок. Ошол отурушта дагы бир сөз болгонун эскерте кетейин. Мен Чыкеге «Мелис менин балам болчу, мен аны сизге бердим» десем, ал мага карап, «жакшы бала бергенсиң» деп эки жолу кайталап айтты.

Ошентип, Мелис Чыңгыз Айтматовго кол бала болуп, анын чыгармачылыгын пропагандалоо боюнча көп иштерди жасап келген жана жасап да келатат. Анын Айтматов жөнүндө чоң эскерүү китебин «Фабула пресс» гезити аркылуу эл окуп, таанышып чыгышкан. Бул Мелистин Айтматов тууралуу жазып жүргөн «Күндөлүгүнүн» негизинде жаралган китеп. Ал өзү да улуу жазуучу тууралуу бир катар салмактуу эмгектерди жазды.

Айтматовго арналган Кыргызстандагы биринчи илимий конференция 1985-жылы «Жаш окумуштуулардын конференциясы» деген ат менен өткөрүлгөн. Ошондо ал жыйынтык сөз сүйлөгөн. Кийин Ч.Айтматовдун жаштарга «Илимде илимпоз болууга» үндөгөн макаласы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган эле.

Чыңгыз Айтматов мен академиянын Тил, адабият институтунда директор болуп турган кезимде жакшы эле байланышта жүрдү. Ал социалисттик реализм боюнча өткөрүлгөн конференцияда сөз сүйлөп, ал атайын жыйнакта басылып чыккан эле. Дагы бир эскете кетүүчү сөз, Тил, адабият институту даярдаган «Кыргыз совет адабиятынын» эки томдугунун биринчи тому цензурада кармалып жактан кезде биз, академиктер А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, А.Алтымышбаевдерди чакырып, кеңеш куруп, Кылыч жана Тыныстанов боюнча жаңы позицияда жазылган К.Асаналиевдин бөлүмүн талкууладык. Ч.Айтматов ошондо тигил мурдатан күнөөлөнүп келген кыргыздын эки залкар инсандарынын чыгармачылыгына берилген баага макул болуу керектигин айтып, сөз сүйлөдү. Бирок, А.Алтымышбаев алар боюнча Борбордук Комитеттин токтому бар экенин эскертип, Айтматов менен макул эместигин билдирди. Ошентип, биринчи том эски көз караш боюнча чыгып кетти.

Ч.Айтматов Кыргызстан компартиясынын 17-съездинде сүйлөгөн сөзүндө академиянын Тил, адабият институту өгөй баланын абалында калгандыгын айтып чыккан. Бирок, кыргыз өкмөтү, академиянын жетекчилиги да анын пикирине анча назар салбай, институт экинчи категорияда кала берген.

Ч.Айтматов улуттук университетке келип, жолугушуу өткөрүп жаткан кезде бир студент: «Агай! Цивилизациянын сели каптап келе жатат, кандай айла кылабыз?» деген суроо бергенде ал: «Эч кандай айла жок, андан өзүң сактанбасаң, ал сени агызып кетет» деп жооп берген. Калети жок сөз! Бул процесс эч токтолбойт, өзүбүз сактансак гана аман калабыз. Сактануунун эң эле оптималдуу жолу кадыр-баркы төмөн түшүп бараткан эне тилибиз үчүн кам көрүү, жыйырма беш жылдан бери мамлекеттик тил тууралуу бирдемелерди жасамыш этип жүрөбүз, бирок жылыш анча эмес. Бир гана мисал: иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүп, орусташып бараткан «киргиздерди» кыргыз кылып, ал эми мамлекеттик иштеги (алардын ичинде депутаттар да бар) кызматкерлерди кыргызча сүйлөтө албадык.

Демек, азыркы мезгилде кыргыз тили менен адабияты аянычтуу абалда деп айтсак жаңылышпайбыз. Президентибиз атайын программа кабыл алып, акча каражатынан анча-мынча жардам бергени менен иш өтө деле алдыга кеткен жок. ЖОЖдордо оптимизация деген шылтоо менен кафедралар бириктирилип, абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу да начарлап бара жатат. «Болон» деп аталган жараксыз система аркылуу өтө начар бүтүрүүчүлөр чыгууда. Ага кошумча тил, адабият боюнча карлик факультеттер да көп. Алардагы студенттердин билим деңгээлине эч ким кызыкпайт. Мектеп окуучулары да, студенттер да китеп окубай калышты. Мындай көйгөйлөрдү санап отурсак баш айланат. Ал эми Билим берүү министрлиги эмне иш менен алектенип жатканы түшүнүксүз.

Азыркы кезде Айтматовду окуу, окутуу маселеси өкмөттүк көзөмөлгө алынып жаткан сыяктуу. Бирок, бул жөн эле компенейшина болбошу керек. Биз Айтматовду такай жана жакшы окутуп, студенттердин аң-сезимине киргизбесек, ишибиз алга жылбайт. ЖОЖдордун окутуучуларынан Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча экзамен алсак бир тобу «эки» алышы мүмкүн. Ошондон улам Айтматовду жетиштүү окуп билбей эле студенттердин бүтүп кетип жаткандыгы ачыкка чыгат. Айтматов боюнча көп эле китептер бар. Аны окуган киши жок. Анан “китеп жетпейт” деген сөздү шылтоо кылабыз.

Биз активдүүлүгүбүздү жоготуп, базар экономикасынын шарына ылайыкташып баратабыз. Союз кезинде ураан, чакырык менен көп иш бүтүп калчу. Азыр патриоттук улуу сөздөрдү канчалык безилдеп сайрап, же жазсак да эч нерсеге  арзыбайт.

Айтматов таануу илими Кыргызстанда пайда болуп, өнүгүп жаткандыгына көп мезгил болду. Ал жөнүндөгү алгачкы китепчемди мен 1993-жылы улуттук китепканадагы жолугушууда жазуучуга өз колум менен берген элем. Бирок, калган монографияларым Айтматовдун китепканасында жок, себеби анын кызматкерлери жаңы чыккан эмгектерди чогултуу жумушун анчалык назарга албай жатышат, анткени ал каражат маселесине байланыштуу. Максат жазуучунун өз мекенинде анын китепканасын барктап, баалап, фондусун байытып, өнүктүрүп, өстүрүүдө турат.

Сөзүмдүн корутундусунда дагы бир маселеге көңүл бура кетким келет. Азыр Акматалиев анын үч томдук энциклопедиясын чыгарды. Бул 90 жылдыкты утурлаган жакшы иш болду. Менимче, ага кошумча улуу жазуучунун газета-журналдарга басылып чыккан майда макалаларына чейин чогултуп, өзүнчө томдукка айландыруу керек. Экинчиден, ал жөнүндө мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланган материлдарды дагы бир том кылып чыгаруу максатка ылайыктуу. Ал студенттер, мугалимдер, окуучулар жана жалпы эле калайык-калк үчүн өтө керек.

А.Садыков ф.и.д., профессор, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, илимге эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *