Айыл чарба министрлиги Жамин Акималиевге жооп берди

«Азия Ньюс» гезитинин акыркы санына Жамин Акималиев интервью берип жатып, айыл чарба министри «ой кокуй, биз мынча картошканы эч жакка сата албайбыз. Кайда барсаңар ошо жакка баргыла, төрттарабыңар кыбыла. Өзүңөр сатып алгыла» дептир. Ушу да жооппу? Ушу да министрдин айтатурган кебиби?» деп жалган маалымат тараткан.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев жана министрликтин жетекчилери өндүрүлгөн картошканы сыртка экспорттоо максатында болгон аракеттерди кылышууда. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын орто ченинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен Өзбек Республикасынын министрлер кабинетине караштуу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы Ташкент шаарында болгон эки тараптуу жолугушууда Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча маселе каралган. Өзбекстан тарап Кыргызстандан картошканы алып келүү үчүн 17 фирманын тизмесин бекитип, айтылган фирмалар аркылуу картошка сатып аларын билдирген. Учурда ушул фирмалар менен Кыргызстан тараптагы ишкерлер келишимдерди түзүү жана картошканы экспорттоо жагы каралууда. Жогорудагы эки тараптуу жолугушуудан кийин Өзбекстанга картошканы сатуу боюнча Ысык-Көл облусунда «Наманган универсал Савдо-Инвест» МЖЧ фирмасы аркылуу Өзбекстанга картошка чыгаруу үчүн жеке ишкер Д.Мусабаева менен 2 миң тоннага келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө 66 тонна картошка жөнөтүлдү. Министрлик ушул менен эле чектелип, кол куушуруп отурбастан, башка кошуна өлкөлөргө айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын картошка өндүрүүчүлөрү менен биргеликте аңыл чарба министрлиги 2018-жылдын 31-октябрында Балыкчы шаарында жыйналыш өткөрдү. Иш-чара өлкөбүздүн айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин жетекчилиги астында өттү. Өндүрүлгөн картошканы сырткы базарларга эксцорттоо максатында иш-чара уюуштурулуп, министр Нурбек Мурашев дыйкандарга «урматтуу дыйкандар, түзүлгөн ассоциация дыйкандарга чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет, өндүрүшкө жаңы жана заманбап технологияларды тартып келүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондой эле айыл чарба азыктарына баа саясатын жөнгө салуу боюнча бир пикирди иштеп чыгуу үчүн шарт түзүп берет» деди.

Иш-чаранын жыйынтыгында картошка өндүрүүчү дыйкандар «төрт жыл мурун да картошка өтпөй, өкмөттөн эч ким басып келген эмес. Министр мырза, сизге рахмат, ишиңизге ийгилик» деп жыйындын катышуучулары ыраазычылык билдиришти. 2-ноябрда Ташкент шаарында өзбек импортёрлору менен биргеликте өлкөбүздүн айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев, Өзбекстандагы кыргыз элчиси жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан бирден өкүл картошканы экспортгоо, импоргто жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *