Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берилет

Айыл чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүүгө бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралганын Фи­нансы министрлиги маалым кыл­ды. Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтү 14-февралда “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоорун бекитти. Ага ылайык, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы үчүн жылына 10 пайыз, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына 6 пайыз менен, багбанчылык 8 жылдык үстөк менен насыяларды берүү улантылат. Насыяны берүү мөөнөтү үч жылга эсептелген. Каралган каражаттын 50 пайызы мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка 25 пайызы жана кайра иштетүүгө 25 пайызы берилет.

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *