Айжандын аты алыскы Азияда аталды

Таиланд өлкөсүнүн Чиангмайе шаарында шахмат боюнча Азия чемпионаты мурунку жумада аяктаган эле. 8,10,12,14,16,18 жаштагылар боюнча балдар жана кыздар арасында рапид, блиц, классика түрүнөн мелдеш өткөн. Бизден 8 жашка чейин Чьңгыз Султай, Айжан Съездбекова, 10 жашка чейин Алихан Алишеров, Азема Токтобекова, 12 жашка чейин Тилекматали Сулайманов, Иманнур Момункулова, 14 жашка чейин Азиз Дегенбаев, Азалия Мирлан кызы, 16 жашка чейин Руслан Съездбеков, Ли Дарья жана 18 жашка чейин Арзыбек Съездбеков, Шахнази Мусаевалар күч сынашкан. «Чу» дегенде эле 8 жашка чейинкилер арасында рапид түрүнөн биздин Айжан Съездбекова алтын медалды мойнуна илип, Азиянын чемпиону аталды. Ага улай блицтен кумуш медалга жетишти. Биз муну чоң жацылык катары кабыл алдык, кубандык, сүйүндүк. Төбөбуз көккө жете тушту. Бир тууган агасы Руслан Съездбеков болсо рапидден коло медалга татыды.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *