“Ак аюу” атка конгон Мыктыбек Мамасалиев “JFC Young Force” турниринде жеңишке жетти

«Ак аюу» атка конгон Кыргыз мушкери Мыктыбек Мамасалиев украиналык Владимир Мищенконун үстүнөн техникалык нокаут менен 1-раундда жеңишке жетип «JFC Young Force» турниринин оор салмактагы жеңүүчүсү аталды.

Беттеш 11-майда Казакстандын Алматы шаарында өтүп, анда жалпысынан 13 беттеш орун алып 6 мамлекеттин спортчулары күч сынашты. Айта кетсек, буга чейин 9-декабрда Бишкекте эрежёсиз уруш боюнча «Jash Kuch Fighting championship» мелдешинде Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого жеңилип калган.

Булак: Мантыш

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *