Ак калпак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору

Урматтуу редактор,

Бир катар коомдук уюмдарын өтүнүчүнө байланыштуу, байыртан баркы чоң, ыйык баш кийимибиздин кадыры катуу түшүп кеткенин эске алып, жарандарыбыздын талкуусуна чыгарып берүүңүздү өтүнөр элек.

Терең урмат көрсөтүп,

СССРдин Журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Маданиятынын, Мамлекеттик кызматынын, Билим берүүнүн мыктысы Аалы Молдоканов 315875

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Ак калпак жөнүндө

Бул мыйзам табияттын эң табышмактуу кубулушун – от менен сууну, асман (аба) менен жерди туюнткан төрт талаасы; түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты бириктирген телегейлүү төрт кыры – төрт тарабы бар теңирчил философияны боюна чөгөргөн улуттук баш кийим. Мыйзам – ак калпактын көөнө маңызын жана атамзамандан бери жаратылыш менен эриш-аркак, коюн-колтук жашаган эң байыркы элдин ыйык таберигин мамлекеттик деңгээлде коргойт.

Кыргыз мамлекети ак калпакка карата турмуш-тиричиликтеги ар кандай түркөйлүккө, аны кордоого каршы турат, анын укуктук статусун камсыз кылат.

Ак калпак кыргыздын муюта турган өзөктүү идеологиясынын эн белгиси.  Ал жердешчиликке, уруу-урууга, бай-кедейге, партияларга, диндерге бытыраган  туруксуз мезгилде кыргыздарды жана тагдырын алар менен байлаган башка этносторду «ыйман, ынтымак, ырыс» деп аталган  башкы идеяга баш коштурууга өбөлгө түзөт.

1-берене.

Ак калпак Ата-конушубуз Ала-Тоону, ааламдын тең салмагын, тунуктугун, бийиктигин сактаган ак мөңгүнү, кыргыз элинин байыркылыгын, аруулугун (арийлигин) элестетип турат. Аны кийген адамдын акыл-көрөңгөсүн ар кандай азыткылардан коргоп, ааламдын ата-энеси болгон ай менен күндүн көзгө көрүнбөгөн күч-кубатын топтоп, адамга берип турган уютку чордон.

2-берене.

Ак калпак майрамы ар жыл сайын жаратылыш жапырт жандана баштаган жаз башында – 5-мартта белгиленет. Ага карата алдын ала даярдык көрүлүп, телерадио, басма сөз аркылуу, мекенчил, ынтымакчыл, наркчыл чакырыктар жалпыны биримдикке үндөйт. Бул күн улуттун улуулугун, даанышмандыгын даңазалаган, Ата журтту аздектөөгө шыктандырган, ынтымакты ширеткен, биримдикти чыңдаган күн болуп калууга тийиш. Бала бакчалардан тартып бардык билим берүү мекемелеринде «Ак калпак майрамы» белгилүү педагогдордун, жазуучу-журналисттердин, коомдук, саясий ишмерлердин, эл өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын түзүлгөн сценарийлер боюнча өткөрүлөт. Улуттук идеологияга башкы  басым жасалат. Бул иш-чарада жасалмалуулукка, формалдуулукка жол берилбейт. Бул күнү кыргыз тили,  тарыхы, этнографиясы, маданияты, улуттук уңгу баалуулуктар, үрп-адат, адеп-ахлак, нарктуулук сыяктуу темаларда ачык талкуулар өтөт.

3-берене.

Ак калпак Кыргызстандын эл аралык визиттик карточкасы. Улуттук майрам-мааракелердин, мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын катышуучулары, эл аралык, республикалык ж.б. мелдештерге катышуучу спортчулар, адабият, маданият, искуство ишмерлери, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөргөн эл өкүлдөрү, жолугуушуга келген мамлекеттик чиновниктер ак калпак кийүүгө милдеттүү.

Маркумду акыркы жайга узатууга, аза чараларын өткөрүүгө келген эл эреже катары ак калпак кийет.

4-берене.

Ак калпак көчмөндөрдүн руху сиңген ак кийизден жасалып,  байыртадан келаткан тажрыйба кеңири колдонулат. Ийрилген жип же өрүлгөн кыл менен милтеленип, түрдүү түстөгү кыргагы  баркыт менен күбөлөнүп, тилик, туюк, кыюуланган, кыюуланбаган, шырыма, уютма, бакай калпак ж.б. аталыштарда учурга ылайык заманбап, саркеч түргө келтирилип даярдалат.

Ак калпактын төбөсүнө чок (чачык) тагылып, шөкөттөлөт. Кыргыздар жылдыктарын (туулган жылын) бүгүнкүдөй жыл сайын эмес, мүчөлдөп (бир мүчөл 12 жыл) ырымын жасагандыктан, шарттуу түрдө бир мүчөл – 12 жашка чейинкилер кызыл же жашыл (күндүн жана чөптүн түсү); 2 мүчөл – 24 жаштан өткөндөр көгүш (көктүн түсү); үй-жай курган үч мүчөл – 36 жаштагылар күрөң (тоонун түсү), төрт мүчөл 48 -жаштагылар боз (бүркөк асмандын түсү), 5 мүчөл же 60тан өткөндөр кара (түндүн түсү) баркыт жээктелген калпак кийген.

5-берене.

Байыртан эле кыргызда баш кийимди тартуулоо башты жоготууга, башты алдырууга барабар, ал эми , келген-кеткендерге калпак тартууласа  адамдын куту учат деп эсептелет. Ак калпакты “ким көрүнгөнгө” белек кылууга тыюу салынат. Аны мончого, курулушка башка булганыч жерлерге кийүүгө болбойт. Мындай жосундар бүтүндөй улутту кордоо, мазактоо катары бааланат.

6-берене.

Калпак касиеттүү баш кийим. Адамдын мүчөсүн жерин жайкысын салкын, жаз, күздө жылуу сактаган баш кийими. Андыктан калпакты кыргыздар катуу кастарлап, аны менен сыймыктанып келген. Ак түс – адилет – акыйкаттыктын, калыстыктын, чындыктын, аруу-тазалыктын кут тарткан  ыйык түсү болгондуктан, аны чечип-кийгенде кош колдоп  кармап, үйдө-тышта өзүнүн туруктуу ордуна, жогору жерге, көп учурда жанына коёт. Эч убакта көрүнгөн жерге таштабайт. Улутун урматтаган ар бир  жаран, калпагын таза кармоого милдеттүү.

7-берене.

Ак калпакчан адам башкаларга үлгү болууга, көөнө кыргыз маданиятын, адептүүлүгүн, айкөлдүгүн, токтоолугун, сыпаалыгын; кыргыз уланынын, кыргыз мырзасынын, кыргыз карыясынын нарктуулугун адамдын бардык оң сапаттарын жайылтууга милдеттүү. Ак калпакчан адам адепсиздиктин, аксымдыктын, аракечтиктин же адамдын бийик абройуна сыйбаган аракеттердин,  тетири  жорук-жосундардын душманы болууга тийиш.

8-берене.

Бул мыйзам 2017-жылдын 5-мартынан  тартып күчүнө кирет.

КР Президенти 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *