“Ак каргага” айланган Пирматов

Курманбек Бакиев прези­дент болуп турганда баласы Максим Бакиев кызарган жердин баарын басып алга­нын эч ким унута элек. Албетте, ач көз неменин кулкунун толтурууга көмөктөш болгондордун бир тобу азыр да бийлик сересинде кылы кыйшайбай шапар тээп жүрүшөт. Буга «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов айкын мисал бо­луп берет. Пирматов Бакиевдердин доору жүрүп турганда «Кыргызнефтигаздын» ди­ректору болуп, кирешелүү ишкананы Максимдин тапшырмасы менен жасалма банкрот кылып, менчиктештиргени калганда революция болуп кеткенин, натыйжада 250 миллион сомдон ашык каражатты «жеп» койгонун Башкы прокуратура иликтеп чыгып, кылмыш ишин козгогон. Учурунда «карга карганын көзүн чокубайт» болуп, парламент кылмыш жоопкерчилигине тарттырбай калкалап калышкан. Эми ошол кылмыш ишин Пирма­тов жойдуруп алыптыр, албетте, бекер болбосо керек. Бирок кылмыш ишин сот ар­кылуу жокко чыгарып, акталыш керек эле… Пирматов кандай жол менен “ак кар­га” болуп чыга калды? Бул боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз…

Булак: Фабула 

 

1 ой-пикир

  • Фабула силер нефтичилерден келип сурап койбойсунарбы Пирматов кандай жетекчи болгон деп бир нерсени жазып койсонор эле эл ишене берет деп ойлойсунарбы биринчиден ал кылмыш иши жок жерден ойлоп табылган сасык ата мекен партиясы тарабынан бироого кор казсан терен каз дейт теке турмого да батпай муйуздорум сыздап жатат деп ветеринар коруп койсун деп сакалы жашынан ным болуп жаткан кез экинчиден ал таза жана иштин козун билген жетекчи жана ал Пирматов нефтичилерди башкарып турганда темирдей тартип жана акыйкатчылык болгон ушундай адамдар кобуроок болгондо Кыргызстан эчак бутуна туруп кетмек

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *