Ак-Суу районунда өрттүн кесепетинен бир үй толугу менен күйүп кетти

Ак-Суу районунда өрттүн кесепетинен бир үй толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

13-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Ак-Суу айылынын үйлөрүнүн биринде өрт чыгып,  жыгач устундуу, аянты 30 чарчы метр турак үй толугу менен жана 2 тонна саман күйгөн.

Маалыматка ылайык,  өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *