«Ак торпок» аныгын айтканда

Тээ бир топ жыл мурдараак «Султан Ак торпок» деген бирөө анык турмуштун жүзүн жазган макалалары менен тааныш эле. Кийин ал «Ак торпок» чоңойду. Кандай анан эмне болгонун ким билсин. Бир билгенибиз Маданият, маалымат жана туризм министри болуп чыга келди. Ар качан реалдуу пикирин коомчулукка сунуштап келген Султан Жумагулов бул сапар да «Чоңдорго чепкен жабууну токтотпойлубу» деген оюн ортого салыптыр. Туура, колдоого ала турган маселе. Аныгында, Кыргыздын калпагы менен чепкенин көтөрө чаап эле ар кимге жапкылап жүрөбүз. Же ал кийилбейт, колдон колго өтүп кол жоолук болуп калганы жашыруун эмес да. Кыргыздын баалуулуктарына баш ооруткан министр акыры табылды окшойт. Эгер «Ак торпок» бул басыгынан жаңылбаса улуттук дөөлөттөрүбүз, баалуулуктарыбыз кыйла даражаланып, өз баасын алаары турган иш.

Булак: Де-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *