Академик Абдылдажан Акматалиев: “Айтматовдун жан дүйнөсү кең эле…”

– Абдылдажан агай, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу көп эле сүйлөштүк, ошентсе да бир суроом бар, анын жан дүйнөсү эмнеге кубанып, сүйүнүп, эмнеге капа болор эле?

Жан дүйнөсү өтө сезимтал, наристедей таза, жаш баладай ишенчээк, өспүрүмдөй романтик, жаш жигиттей ачык-айрым, жайкалган акылман аксакалдай айкөл, кең пейил, океандай терең болчу. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн мен жаздын жылуу-жумшак, мээрим төккөн күн нурун, жыпар-жыттуу алма багы гүлдөгөн аппакай учурун, чокусу асман тиреген бийик-бийик аска-зоолорун, тоолорун, мелмилдеп жаткан көгүлтүр көлүн, шаркырап агып жаткан дайрасын, кызыл-тазыл гүлдөргө оролгон шаарларды, мына ушул сыяктуу пейзаждуу картиналарды көрөр элем. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн адамдарга болгон жылуулукту, сулуулукту, суктанууну, жакшылыкты, тазалыкты, адамгерчиликти, боорукерликти, гумандуулукту дагы көптөгөн, уюган алтындай касиеттерди байкаар элем. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн кичүүгө ызаатты, улууга урматты, кыргыз элинин каада-салттарын, Чыгыш менен Батыштын дүйнөлүк руханий дөөлөттөрүнүн тогошкон, ширелишкен мезгилин сезээр элем. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн тээ бала кезден өмүрүнүн аягына чейин уланып, нөшөр сымал төгүлүп келген улуу эпосубуз “Манастын” жаңырып турганын угар элем. “Жан дүйнө деген жакшылык менен жамандыктын жаралар жери. Жан дүйнө деген акыл азыгы!” – деген ойлорун айткан. Турмуштагы жана чыгармачылыктагы жан дүйнөсү бири-бирине шайкеш эле, өтө кең эле. Ал бирөөнүн жакшылыгына, ийгилигине кубанып, пенделердин ичи тардыгына, көрө албастыгына, кара өзгөйлүгүнө, бузукулугуна,  күйүнөр эле.

-Жан дүйнөсүндө жалгыздыкта калган күндөрдү байкадыңызбы?

Кээ бир учурларда. Ал учурда Чыңгыз агай тунжурап, өзү менен өзү болуп, кыялында бирде алыска кетип, бирде өзүң менен жакын болгонсуп, суроо берип, же анын жообун күтпөй, көп ачылып сүйлөбөй калар эле. Мен андайда бушайман болуп, жан дүйнөсүндө тынчы жок болуп жатканын сезип, өзүмчө оолактап, барып жолуккандан да, керек болсо телефон чалгандан да коркуп турар элем.

Эки-үч күндөн кийин барганда агай мурдагыдай эч нерсе болбогондой маанайы ачык, жайдары болуп калганын көрүп, эс ала түшчүмүн, “тоону томкоро тургандай күчкө” ээ болгондой, институттагы чоң-чоң иштердин аткарылып жатканын токтобой айтып, анан Чыңгыз агайдын “батасын” алгандай руханий күч-кубат менен кайтчумун. Чыңгыз агай да жеңилдеп, канат байлагандай учуп калар эле. Өзгөчө 2005-2007-жылдары өтө ойго чөмүлүп жүрдү. Анын негизги себеби – ошол мезгилдеги бийлик тарабынан басмырлантуу, кадыр-баркын түшүрүү, жүдөтүү, теңсинбөөчүлүк, кайдигерлик болгон. Мындайда улуу адамдын оор үшкүрүгү тоо кулап кеткендей сезилер эле.

Чыгармачылыктагы адам үй-тиричиликтен алыс болот эмеспи, Чыңгыз агай эки жылдай үй-бүлөсүнүн майда-барат иштери менен убактысын кетирди. Бийлик үйүндөгү жарыгын өчүрдү, жылуулук бербеди, бассейнге баруучу жолду тосуп салды ж.б. Ошондо көп нерсени ойлосо керек. Ушул мезгилдерде жан дүйнөсүндөгү сырларды бөлүшөөргө өзү теңдүүлөрдү таппаса керек. Арманын кимге айтар эле да, ким аны түшүнөр эле. Ал ичинен сызып жүрдү. Элчилик кызматтан кеткенден кийин да жалгызсырап жүрдү, накта Ташчайнардын, Каранардын, Жаабарстын образындай көз алдымда турду. Жазуучу “Тоолор кулаганда” романында минтип жазып жатпайбы: “…жалгыздык жанына батып, азап жеп келет. Сурабай келген карылыктын жазасы ушу экен. Бирок бул тирүү жандын бардыгы бара турган  тагдыр го”.

Жаабарстын тагдырынан, жалгыздыгынан Айтматовдун өзүн сөзсүз көрөбүз.

Айтматовдун тагдыры татаал да, оор да болгон айрым учурларда, 60-жылдардан кийин бактысы жанган эмеспи! “Тоолор кулаганда” романы тагдырдан башталат. Балким, жазуучу өзүнүн тагдырын бул чыгармада так, ачык-айкын жазып койгон окшойт.

Туура! Арсен Саманчиндин, Жаабарстын өзү – бул Айтматов. Романдын ар бир бетинде тагдыр маселеси козголуп, улам-улам тереңдей берет. Журналист Арсен Саманчиндин “Көзгө көрүнбөс эшик, же тагдырдын формуласы” деген макаласы аркылуу Чыңгыз Айтматов өз оюн минтип билдирип жатпайбы: “Ар бир пенденин алдында мурунтан эле даярдалып коюлган, бирок көзгө көрүнбөгөн, ачык турган жазмыш жазган каалгасы болот. Анын босогосун аттоону тагдыр качан буйруса ал ошондо, эшиктен ары киргенден кийин, башынан байланган барымтага түшкөн соң гана жазмышы экенин билет. Энеден кайра төрөлүү мүмкүн эмес ошо сыңары босогону аттагандардын эч кимиси кайрадан артка кайта албайт. Тагдырдын буйругу ушинтип ишке ашып турат. Бул тагдырдын формуласы, кирүү да, чыгуу жок…”.

-Кызык, жазуучубуздун акыркы өмүрү – тагдыры да кандайдыр бир табышмактуу, таң калычтуу болду. Эмне үчүн ал чет жерде ооруп, чет элде дүйнө салды? – деген суроолор да ойлонтпой койбойт?

Тагдыр! Тагдыр! Бешенеге жазылып койгон тагдыр!  Бул тагдырдын купуя сыры, табияттын табышмагы. Бекеринен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнө элинин 180 тилине которулган эмес, бекеринен жалпы окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган эмес, бекеринен сүрөткердин каармандары дүйнөнүн төрт бурчундагы атактуу сахналарында коюлган жок, бекеринен калем кармап, аңгеме, повесть, роман жазгандардын көпчүлүгү аны устатыбыз деп айтышкан жок. Мына ушундай дүйнөлүк чыгармачылык жүктү көтөрүп жүргөн алп инсандын эртели-кечпи оо дүйнөгө кеткен тагдыры, менимче, дал ушундай эле болмок! Тагдырдын өзү акырындап Айтматовду Германияга алып барды да, өзү жазгандай, “эгер андай болбогондо тагдыр дегендин Тагдыр болмогу кайсы?!…”

Дагы бир жаңылык жөнүндө айтайын деген элеңиз, сөз башыбызда.

Ооба. Мен Айтматовдун жарыяланбаган кол жазма чыгармасы “Чоор менен жер” тууралуу мурун жазган элем. Ошондо айрым окурмандардан ал чыгарма Айтматовдуку болбошу мүмкүн деген күмөн санаган, ишенбеген, ынанбаган пикирлерди да уга калып жүргөм. Албетте, мен анда да далилдүү фактыларды мисалга келтиргем. Эми ошол оюмду толуктаган материалды окурман аксакал Окен Маматканов алып келип берди. Материалда Бейше Асакеев жөнүндө сөз болот. Ал киши Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылында 1905-1906-жылдары туулган экен. Асаке атасы турмуштун татаал тагдырынан Россияда жашап, тарбияланып, устачылыкты үйрөнүп, Кыргызстанга келген экен. Жийдеканга үйлөнүп, үч балалуу болот – Бейше, Абдулкайым, Амантур. Балдары орус-тузем мектебинде билим алышат, кийин советтик, партиялык иштерде активдүү иштешет. Бейше Таласка барып, Шекер айылында туруп калат. Кептин баары ушул Бейше Асакеев “Чоор жана жер” чыгармасынын негизги каармандарынын бири болуп жатпайбы! Окен Маматканов минтип эскерип жатат. “1969-жылдары болуш керек эле. Эшикте жүрсөм, радиодон Чыңгыз Төрөкулович сүйлөп жатыптыр. “Асакеев, Асакеев” эле дейт, кайсы Асакеевти айтып жатат экен деп кулак түрсөм, сөз Бейше абам жөнүндө болуп жатыптыр. Мурун эмне деп айтканын билбейм, мен уккан сөздөрү: “Асакеев Бейше Шекер айылында сельсоветтин төрагасы  болуп турду. Өзүнүн калыс сүйлөп түз жүргөнү менен элдин сый-урматына ээ болгон киши эле. Жаштарга элин, жерин сүйгөн алдыңкы илим-билимдүү азаматтардан болуп чоңоюшуна дайым тарбия сөздөрдөн айтып турчу. Мен да ал кишинин акыл-насаат сөздөрүн көп уктум. Сүйлөгөн сөздөрү таасирлүү эле. Бир сапар жаштарды чогултуп алып, Чоң Чүй каналын куруудагы жаштардын жасап жаткан эмгектери жөнүндө аңгеме куруп берди.  Биз ал кишинин сөзүнө эргип бир тобубуз Чүйдү көздөй жөнөдүк. Маймак станциясында поездди күтүп жатсак, ата-энелерибиз бизди үйлөрүбүзгө алып кеткен. Ал киши согуштан кайтпай калыптыр. Мен Асакеев Бейше жөнүндө бир китеп жазайын деген планым бар деп Чыңгыз Төрөкулович сөзүн аяктаган”.

Мына, чыгарманын дагы бир далили. Мен Окен аксакалга “Чоор менен жер” макаламды, анын ичиндеги Асакеев каарман жөнүндө жазганымды көргөзсөм, өтө сүйүнүп, батасын берип, Бейше Асакеевдин сүрөтүн да эстеликке таштап кетти. Ал Улуу Ата Мекендик согушка бардык советтик жаштардай аттанып, баатырларча курман болгон. Чыңгыз Айтматов анын  күжүрмөн образын даана, элестүү тартып берген. Чыгармада каарман Асакеев алдыңкы иш билги, уюштуруучу, демилгечи жаштардан болуп сүрөттөлгөн. Асакеев – накта оратор. Ал элди ынандыра, шыктандыра билет. Жалындуу сөздөрүнөн чыныгы большевик, социализм идеяларына терең берилгендиги билинип турат. Анын чакырык ураанына  Байымбет сыяктуулар Чоң Чүй каналын курууга аттанышат. Асакеевдин өтүнүчү менен Байымбет өзү менен кошо ала келген чоорду тартып, жумуштан кийин элди эс алдырат. Ошол Чоң Чүй каналын куруп жатканда Будданын таш эстелиги табылып, аны аныктоо үчүн Асакеев Фрунзедеги Надежда Ивановна баш болгон археолог-адистерди чакырат. Асакеев  Улуу Ата Мекендик согушта Мекенди коргогону кетип, баатырлык көрсөтүп курман болот. Чыгармадагы Асакеев ошенип кыргыздын белдүү жигиттеринин бири – Бейше Асакеев болуп чыга келет.

Жазуучунун радиодогу сүйлөгөн сөзү ишке ашып, ал 70-жылдары эле чыгарманы аяктаган экен.

-Бул чыгарма жарык көрсө окурмандар үчүн кызыктуу болчудай экен.

   -Балким, чыгар. Макалам орус тилинде Россияда жарык көргөндөн бери четтеги көптөгөн окурмандар да чыгарманын чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатышкандарын билдирип жатышат.

Кийинки мезгилдерде Жогорку аттестациялык комиссия окумуштуулардын эмгектерин чет жерде жарыялоо боюнча Жобо кабыл алыптыр деп уктук, анын пайдасы бар бекен?

-Бул Жобо киргенде көпчүлүк окумуштуулар, чоочун бир көрүнүш катары кабыл алышкан, азыр бирин-экин макалалары чыгып калгандан кийин сүйүнүп, мактанып жүрүшөт. Көнүп баратабыз. Жалпысынан алганда керек экен, анткени, мисалы, адабиятты эле алалы, “Манас” эпосунан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына чейинки проблемалар ортого коюлуп жатат, аларды пропагандалоого да жолго коюлду. Жогоруда айткандай, “Чоор жана жер” жөнүндө макаламды Россия журналына чыкканын билишип, бир нече тилге которууга уруксат сурап жатышат.

Мурун “Адабият – эл достугу” дегендей,  девиз бар эле!

-Ооба. Чынында адабияттардын ортосундагы байланыш мамлекеттик деңгээлде жыйырма беш жылдан бери калып калды. Ошентсе да ар ким өзүнчө байланышып жатат. Китептерим англис, немец, француз, казак, түрк тилдерде, ал эми 60тан ашуун макалаларым болсо өзбек, япон, кытай, корей, испан, азербайжан ж.б. тилдерде жарык көрдү.

Айтматовдун туулган күнү – сиз үчүн өзүнчө күн болсо керек?

Чыңгыз агайды урматтагандар үчүн өзүң айткандай, башка күндөрдөн,  майрамдардан айырмаланган күн. Биз азыртан даярдана баштадык. Кеңеш Жусупов, Замира Дербишова жана мен болуп, “Айтматовдун асыл ой берметтери” деген китепти  кыргыз жана орус тилдеринде түзөлү деп жатабыз.

Маектешкен Тилек Рыскулов

Булак: Фабула 

2 comments

  • мурат says:

    Ушул Жуликке ишенген адабият, илимпоздорго таң калам! Бул өзү даярдаган макала үйүнөн суроо жооп кылып келет . Андан дагы коррупционер, бюрократ, мансапкор акча орден дегенде көзү кызарарт. Айтматовдун Манастын артына жашынып алып, акча таап атат. 99% кыргыз эмес экени да белгилүү!

  • Нурлан says:

    баягы эле өзү даярдап келген башкалардан кочүргөн жомок. деле бир жаны нерсе жок Мурат туура айтат ушуга да киши ишенеби

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *