Академиянын “алиментинен” баш тарта албаган Акималиев

Ар жак бер жагыбызды карабай урду сокту кептерди айта берүү адатынан чыга албай келебиз. Өзгөчө аксакал деген, эл сыймыгы деген, Бакай жашына барып калган адамдарыбыз тантыганда таң калбай коё албайсың. Анан булардын айтып атканын, жасап атканын көргөн жаштарга кантип кине коё алабыз? Сакалдуу баштары менен сагызгандын обонун созуп жатышса жаштар кимден үлгү алышмак эле? Айталы, Академик аксакалыбыз бар эмеспи, Жамин Акималиев деген. Илим жаатын да, саясат жаатын да, айыл-чарба жаатын да, атургай маданият жаатын да катырып жиберген. Академик деген ардактуу наамы бар. Бирок, бул киши учурунда «Илимдер академиясын жоюп салыш керек»-деген боорду эзме демилгеси менен чыккан. Арийне, айтылган сөздүн
негизи анын натыйжасы болуш керек да. Же жөн эле чай ичип олтургандагы чайкама кеп деп түшүнөлүбү? Кызыгы, Акималиев аксакал бүгүн өзү «жоюп салгысы» келген ошол илимдер академиясынын акырынан жем жеп, академиктер үчүн ай сайын берилчү 15 000 миң сомдук стипендияны алып олтурат. Анчалык эле акыйкатчыл экен, анда неге ошол «кереги жок» академиянын акчасын «кызарбай» туруп алып атат? Принцип деген түшүнүктү артынан келе жаткан муунга калыптандыргысы келсе Жамин аксакал айткан сөзүнө туруп, акчасын дагы албай, аны акырына дейре чыгарыш керек эле го. Аксакал башы менен ар нерсени божурап, анан кайра «эч ким билбейт» мамилеси менен ошол академиянын «эмчегин» соруп атканын кантип түшүнсөк болот?

Булак: “Де-Факто”

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Акималиевге сын такканды ким коюптур, ал “академик” наамы учун стипендияны мамлекеттен алат. Академия жоюлса деле алат. Мискенбаевдин айлыгынан он эсе аз тологонуно ардансын бийлик тоболдору. Академияны тыптыйпыл жоготуу сыяктуу калжыракты алжыса да айтпайт бул киши, пайда зыянын эсепке алып, башкаруу, кайра тузууну айткандыр айтса. Мындай аксакалдар синирген эмгек тушуно кире элек азыркы “эл жакшыларынын”. Ошол сабатсыз туркойлордун кылган неткенине ичи жылыбай куйгонунон суйлоп журот, тынч олтура албай. Ошол кезинде ар жаатты катыргандардын алдынкы сабындагы инсан бул киши, олко итке минген абалда экени ошол азыркылар эчтемени катырбаганынын далили. “Де фактосу” жерге кирсин, “Кыргызтудей” эмне оз бетин сандырак материалдарга толтуруп алды.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *