Акматов Маматкадыр: “Өлкөнү өнүгүү жолуна баштоочу “элита” байлык менен бийликти бөлүштүрүү менен убара”

Урматтуу мекендештер! Элибизге Жер шарындагы байлыгы толо керемет-кооз жерди Жараткандын өзү насип кылыптыр! Бирок 25 жылдан бери өлкөбүз өзүмчүл, ачкөз системага ылайыкташа албай жана жөндөмсүз, шалаакы кадрлардын айынан өнүгө албай келет. Ал эми өлкөнү өнүгүү жолуна баштоочу “элита” байлык менен бийликти бөлүштүрүү жана талашуу менен убара. Эгер жетекчилер мындай башкаруу усулунан баш тартып, элге жол көрсөтүп, кызмат кылганда, алар  тарыхта калмак.

Оболу өкмөт такай акча таап туруучу өндүрүштү талкалап, чейрек кылым бою кредит-карызды, же “жок” нерсени бөлүштүрүп иш алып барды.  Ошентип эл менен мамлекеттин кызыкчылыгы артка сүрүлүп, өлкө келечегине коркунуч жаралып барат. Ошондон улам жарандарыбыздын бир бөлүгү эли-жерин биротоло таштап, чет өлкөлөргө чыгып кетүүдө.

Учурда өлкөбүз экономикалык өнүгүү дэңгээли боюнча мурдагы 15 союз республикалар арасында эң акыркы орунга, ал эми дүйнө жүзүндө 142 орунга    түшүп калды. Ал эми тыңыраак мамлекеттер бизди тоготпой, Кыргызстанды бечара, калыптана албай калган өлкөдөй карашууда. Анткени өлкөнү өнүктүрүүнүн туура жолун эч бир партия, эч бир инсан алигече таап, сунуштай албагандыктан ушундай абалдабыз.

Андай болгону менен Кыргызстанды экономикалык кризистен ыкчам чыгарып кетүүнүн жолу бар! Болгондо да тез өнүктүрүп, өлкөнү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга болот! Ан үчүн элдин кары-жашы, түндүк-түштүгү, бай-кедейи дебей, баарыбыз кудай деп, ниетибизди оңдоп, кыйратуучулук жолдон кайтып, жаратуучулукка киришели! Эл билгилери кайдыгер болбой, өлкөнү өнүктүрүүнүн оптималдуу программасын жана аны так аткаруу механизмин иштеп чыгып, жөндөмдүү инсандарга шарт түзүп, иш баштайлы. Намыстуу инсандарыбыз өлкөнү кыйроодон сактап калалы! Эгер туура жолго түшсөк, жер жана жан дүйнө байлыгыбыз баарыбызга жетет!

Азыркы дүйнө жүзүндө таза продукцияга арткан суроо-талап менен баанын өсүп баруусу өлкө экономикасын чукул өнүктүрүүгө шарт жаратты. Мисалы, өлкөдө фабрика жумурткасы 5 сом турса, таза үй жумурткасы 15 сомго жетти. Дүйнөдөгү мындай жагдай  өлкөнүн айыл-чарбасын, тамак-аш өнөр жайын, фармацевтикасын өтө пайдалуу тармака айлантууга мүмкүндүк жаратты.

Ал эми бул тармактар айылда жашаган 67% калкыбызды жер-жерлердин баарында иш орундары, жашоо каражаты менен толук камсыз кылып, өлкөгө жүздөгөн миллиард сом алып келип, негизги көйгөйдү чечет. Элетти көтөрүү – бул бүткүл өлкөнү өнүктүрүү дегендик. Демек биздин таза табигый-экологиялык продукциябыздан туура пайдалана алсак, өлкөбүздү тез өнүктүрүп кетүүгө болот.

Эми аткарууга эң оңой жана тез ишке ашчу мисал келтирейин: Кыргызстан жылына 80 миң тонна эт экспорттой алат. Жылына 20 кой, 2 кара малдын этин килограммын 7 доллардан саткан адам 380миң сом, ал эми 10 доллардан сатса 540миң сом доход таба алат.

Эгер продукциянын тазалыгын далилдей алсак, анда 20 доллардан сатуу да чек эмес. Бирок келечекти көрө билбеген, эсеп-китеби жок, ишке жөндөмсүз чиновник-жетекчилердин айынан эт экспортко чыкпай, баа 2-3 эсе арзандап, учурда 54 миллиард сомдон  куру калуудабыз. Андай болгону менен коңшулар Казакстан, Украина, Өзбекистан, атурсун Кытай да бул тармакта ийгиликтүү иш алып барууда.

Жана дагы бир мисал.  Дүйнө жүзүндө пайда табуу боюнча дары-дармек(фармацевтика) тармагы 2013 жылы энергетиканы(нефть, газ, көмүр, электр, атом ж.б. энергиялар) кууп өтүп, 2-орунга чыкты.  Ал эми кичинекей Кыргызстан дары-дармек өсүмдүктөрүнүн түрүнүн көптүгү боюнча Бразилиядан кийинки 2-орунда турат. Демек биз нефти, газга бай мамлекеттерден да бай боло алат экенбиз! Мына Кыргызстанда кандай чоң потенциал пайдаланылбай жатат…

Мындай  артыкчылыктардан  пайдалана албасак бизди Кудай да кечирбейт! Анткени бул тармактарга инвестиция салуу жана аны ишке ашыруу тез жана жеңил болсо, салган каражат бат кайтарым берип, өлкөнүн ар бир бурчунда жалпы элди ишке тартып, жумушсуздук жана жакырчылык балээсинен толук куткарат. Жок менен оозанган чиновниктер инвестицияны сырттан сурабай, триллиондогон сом ички инвестицияны тарта алса, баарына жетиштүү болот.

Жогоруда айрым тез ишке аша турган тармактар боюнча гана маалымат берилди, ал эми өлкөнүн андан башка да мүмкүнчүлүктөрү толтура.

“Нан болсо, ыр да болот” дегендей өндүрүштөн акча түшсө, ыр да болот, жол да болот, бай менен кедейлер, жакшы менен жамандар ымалага келип, туруктуулук камсыздалып, баары жакшы болот! Тилеке каршы биздин наныбыз—экономикабызга көңүл бурулбай, башка тармактарды да талкалоодобуз!

Ошондуктан өлкөнү жөө тумандай каптаган сөз менен саясатты азайтып, көңүл сыртында калган руханият менен экономикага көңүл буруп, адалдан иштеп табуу жолуна түшөлү. Элим, жерим дегендер намысыбызга   келип, Кудай жана ата-бабалар берген жергебиздин үзүрүн көрө турган убакытты өткөрүп жибербейли!

Акматов Маматкадыр,  изилдөөчү-агартуучу                           

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *