АКШ: Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөл демократтарга өтөт

АКШнын Конгрессине болгон болжолдуу шайлоолордун расмий эмес жыйынтыктарына ылайык, демократтар өкүлдөр палатасын көзөмөлдөп, республикачылар сенаттагы көпчүлүктү сактап калат.

Конгресске шайлоонун жыйынтыгы америкалыктар аткаруу бийлигине карата мамилесинде канчалык бөлүнгөнүн аныктады. Ошондой эле президент Дональд Трампка алдыдагы эки жылдык бийлик мөөнөтүндө Конгресстен басым күчөшү күтүлөрүн да ишара кылууда.

Буга чейин Өкүлдөр палатасында демократтардын көзөмөлү орносо, анда Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр улантылып, президент Трамптын өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө байланышкан этика маселесине да көңүл бурулат деген божомолдор айтылып келген.

Трамп 6-ноябрь кечинде «Твиттердеги» баракчасына шайлоонун жыйынтыктары «чоң ийгилик» деп жазды.

Маалыматтарга караганда, АКШнын өзүндө “орто мөөнөттүк“ деп аталган шайлоодо бул жолу элдин катышуу көрсөткүчү мурдагылардан жогору болду. “Associated Press” агенттиги жарыялаган маалыматка караганда, бул ирет 40 миллиондон ашуун америкалык жаран шайлоо күнүнө чейин эле добуш берген.

6-ноябрда АКШнын жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду, штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *