АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс отставкага кетти

АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс отставкага кетти. Өз арызында ал кызматтан президент Дональд Трамптын өтүнүчү менен кетип жатканын жазган.

View image on Twitter
АКШ президенти Твиттерде Сешнсге ыраазычылык билдирип, башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп министрлик аппаратынын башчысы Мэттью Уитакер дайындалганын жазды.

Анын ордуна талапкер кийинчерээк жарыяланат. Reuters Сешнстин отставкасы анын Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөгө катышуудан баш тарткандыгы үчүн Трамп тарабынан айтылган сын-пикирлерге байланыштуу экенин жазды. Буга чейин Дональд Трамп Сешнстин иликтөөгө катышуудан баш тартуу планы жөнүндө билгенде, башкы прокурорлукка башка бирөөнү дайындамактыгын билдирген.

Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү түзгөн демократтар Трамптын башкы прокурор Жефф Сешнсди кызматтан алуусуна каршы пикирлерин билдиришкен. Эми президент Сешнстин орун басары Род Розенстайнды дагы отставкага кетирсе, жооп катары Конгресстин төмөнкү палатасындагы демократтар Трампты сот адилеттигине тоскоолдук кылууга айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын башташы мүмкүн.

«Орусия иши» үчүн жооптуу болгон Род Розенстайн 2017-жылы Роберт Мюллерди Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр үчүн атайын прокурор кылып дайындаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *