АКШнын энергетика министрлиги «Харви» бороонунан улам Астанага келбейт

Техастагы «Харви» бороонуна байланыштуу АКШнын энергетика министри Рик Перри Астанага сапары менен келбейт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Казакстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтин билдирүүсүндө министр бороон урган аймакты электр энергиясы менен камсыздоо иштерине байланыштуу Астанага бара албай тургандыгы жазылган.

Астанадагы EXPO көргөзмөсүнө америкалык делегацияны өлкөнүн энергетика министринин орун басары Дэн Брулетт жетектеп келет.

«Харви» – Американын Техас штатын урган акыркы жылдардагы эң катуу бороон. Техаста куткаруучулар автоунаалар менен үйлөрдөн миңден ашык адамды алып чыгышты. Табият кырсыгынан кеминде эки киши мерт болду. Штатта бороон уланып жаткандыктан, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *