АКШнын тыңчысыбы же азыркынын сынчысыбы?

Мурда милицияда иштеп, кийин укук коргоочу болуп кеткен Нурбек Токтакунов дегенди көпчүлүк жакшы биле бербейт. Анткени бул жигит ар дайым эле чыга бербейт, анда-санда бир чыгат, чынын айтыш керек, көбүн эсе көпчүлүк күтпөгөн чыр-чатактар менен чыгат.  Жиндиканага барганын уккандан кийин ошондой оорусу бар го деп ойлоп жүрдүк эле, АКШнын элчилери издеп баргандан кийин “тыңчы” экен деп тыный түшкөнбүз. Андан кийин ажо менен соттошуп кетти, АКШнын эмес, биздин. Айтор ар качан ызы-чуунун ыргагында. Азыр ошол “тыңчы”(шпион) деген тың жигитибиз саясатта сынчы болуп жаткан кербези. Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыккандардын айбаттуусу ушул, учурда. Анан да коркутуп жатат коомчулукту, “Жаңы баш мыйзам кабыл алынса мен баары бир ага баш ийбейм, эски 2010-жылкы баш мыйзам менен жашайм” – деп. Укук коргоочунун ушундай аракетинен кийин ойлоп калат экенсиң, азыркы баш мыйзамдын автору АКШнын адамдары  эмес беле деп. Ии баса, Текебаев атасы делинген баш мыйзамдын авторлорунун бири ушул “жигит” болсо керек эле…

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *