Аксы районундагы Кадыркул Чекиров атындагы орто мектепте окуучулар бир айга жакын суукта окушкан

Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы Кадыркул Чекиров атындагы №23 орто мектептин окуучулары  өткөн жылдын 25-ноябрынан 25-декабрына чейин мектептеги жылытуу системасы бузулуп калгандыгына байланыштуу суук класстарда окууга мажбур болушкан. Мектептин жылытуу системасына бөлүнгөн 190 миң сом акча каражаты жайкы ремонт мезгилинде натыйжасыз иштетилгендиктен улам 2016-жылдын 25-ноябрында мектептеги жылытуу системасы бузулуп, ал толук иштен чыгып калган. Суукта калышкан окуучулардын ата-энелери менен жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары балдарынын ден соолугуна тынчсыздана баштаганда гана Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысы Батыркул Шабданов мектепке электр жылыткычтарын алып берген. Электр жылыткычтары деле класстарга талаптагыдай жылуулук бере албагындыктан окуучулар пальтолорун чечпей окушкан жана бир топ окуучулар сууктан улам ооруп калышкан.

Кече, 18-январда өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин Аксы районуна болгон расмий иш сапарынын учурунда  Кадыркул  Чекиров атындагы №23 орто мектепте жүз берген бул жагымсыз окуя туурасында жергиликтүү кеңештин депутаттары ошол кездеги кырдаал туурасында өз ойлорун ачык айтып беришти.

-Балдарыбыз бир айга жакын суук класстык бөлмөлөрдө окууга аргасыз мажбур болушту. Райондук жетекчилер өз ишине жана милдетине кайдыгерлик менен жоопкерчиликсиз мамиле жасаган мектептин директору Тынчтыкбек Биримкуловду ушул кезге чейин канатына калкалап келе жатышат. Мурдагы аким Медетбек Айдаралиев жана азыркы акимдин милдетин аткарып жаткан Эмилбек уулу Талантбек кычыраган кыш суугунда окууларды окуткан жана мектептин жылытуу системасына бөлүнгөн 190 миң сом акчаны туура эмес иштеткен директорду иштен алышканы жок. Ушундан улам элдин бийликке болгон ишенимин кетирип жатышат,- деди Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Мамбеталы Ызаканов. Ушундай эле пикирин Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты Муратбек Турдубаев да өкүлгө айтып берди.

-Менин ал окуя боюнча кабарым бар. Бул туурасында интернеттен окуурум менен телефондон акимге чыкканмын. Ошол кездеги аким Медетбек Айдаралиев мага мектептеги жылытуу системасын 3 күндөн кечиктирбей оңдоп иштетебиз деген убадасын берген. Мен азыр областтык методикалык билим берүү борборунун башчысы Акылбек Токтосунов менен Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Эмилбек уулу Талантбекке Кадыркул Чекиров атындагы орто мектептин директору Тынчтыкбек Биримкуловго ишинде кетирген шалаакылыгы жана жоопкерсиздиги үчүн анын кызматтык абалын карап чечүү маселесин тапшырамын жана анын жыйынтыгы боюнча мага кагаз жүзүндө жооп берүүлөрүн талап кыламын,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Жылытуу системасынын бузулуп иштебей калгандыгынан улам бир айга жакын суук класстарда билим алышкан  Кара-Жыгач айылындагы Кадыркул Чекиров атындагы №23 орто мектепте азыркы күндө 840 окуучу билим алышууда жана аларга таалим-тарбия берүүдө 53 мугалимдер эмгектенип жатышат.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *