Актёр Марат Козукеев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев 47 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул туурасында актердун кесиптештери жергиликтүү ММКларга билдирген. Маалыматтарга ылайык, актер буга чейин кант диабети оорусу менен алпурушуп жүргөн.

Марат Козукеев кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду жараткан, учурда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп эмгектенип келе жаткан.

Ал  1970-жылы 8-сентябрда, Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Эки кыз, бир уулдун атасы.

Редакция Марат Козукеевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *