Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылдын мүчөлөрү Жумакадыров Темирдин үйбүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, 2017-жылдагы президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Өкмөттүн штабынын жетекчиси Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин үйбүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бүгүн Темир Курмангазиевичти таанып, билгендердин бары сиздердин кайгыны тең бөлүшүүдө. Бул трагедия мекендештердин эч кимисин кайдыгер калтырган жок, ал жаңы муундагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сап башында болчу.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылдын мүчөлөрү

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *