Акыйкатчы Оторбаев “Таза суу” долбоору боюнча жыйын курду

2001-жылы башталган “Таза суу” долбоору​нун биринчи этабы 2009-жылы жыйынтыкталып, 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилген. Бирок долбоорлоо иштери, тендер өткөрүү, суу түтүктөрүн коюуда коррупция орун алып, миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Мындан улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон. Бирок ушу кезге чейин кемчиликтерди кетирген бир да ишкана, мекеме же жаран жоопко тартыла элек. Долбоор 2011-жылга чейин колдон-колго өтүп, алгач Айыл чарба министрлиги, андан кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук агенттиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Суу чарба мамлекеттик комитети көзөмөлдөп турган. 2012-жылы АРИС уюмуна өткөн. Аталган уюм долбоор 2014-жылы ийгиликтүү аяктагандыктан, эл аралык донорлор Кыргызстанга ишенип, акча бөлүп жатканын маалымдады.  Кыргызстанда жалпы 1813 айыл бар.

Кыргызстанда 6 миллион элдин 1 миллионго жакыны таза суу менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаевөткөн жуманын соңунда  “Жарандардын таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” деп аталган баяндамасын талкуулап жатыпбилдирди. Жыйынга региондорду таза суу менен камсыздоо боюнча иш алып барып жаткан тиешелүү кызмат өкүлдөрү, өкмөттөн жана парламенттен атайын өкүлдөр катышып, аткарып жаткан иштери боюнча маалымат беришти. Эске салсак, жыйынды   USAID жана “Freedom House” уюмдарынын колдоосу менен акыйкатчы институту уюштурган.    Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин айтымында,  өлкөдө 1891 айыл болсо, анын 400дөн ашыгында таза суу жок. Буга чейин эл аралык донорлор, Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы институттары таза сууга чоң акча бөлгөн. Бирок алар берген 69 миллион доллар натыйжалуу сарпталган эмес. Мындай алешемдиктер боюнча Башкы прокуратура, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, бир топ кылмыш иштери козголгон. Жыйынтыгында мамлекетке 6 миллион 372 миң сом кайтарылган. Дагы бир белгилей кетчү жагдай,   акыйкатчынын бул маанилүү баяндамасы  Кыргызстандагы бардык аймактын жашоочуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор жана статистикалык маалыматтардын негизинде даярдалыптыр. Мындай баяндамасы үчүн Оторбаевге ( беш) деген баа койсо болот!  Ал эми буга чейин өкмөт Кыргызстанда 1813 айыл бар экенин, анын 631инде таза суу тартыш экенин билдирген. Аз  күн мурда  вице-премьер  министр Дайыр Кенекеев парламент депутаттары менен болгон “таза суу” боюнча талкууда   “Кыргызстанда 650дөн ашык калктуу конушта таза суу көйгөйү бар, быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет. Негизинен мурда курулуштар башталып, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдарда иш аягына чыгат” деген эле.  Ошондой эле өкмөт өкүлү калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралаарын, ага жалпы 24 миллиард сом зарыл экендигин айткан. Өкмөт Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги – АРИС менен биргеликте “Ала-Тоо булагы” деп аталган долбоорду жыл башында  жарыялаган. Ал “Таза суу” долбоорунун ордуна иштей турганы айтылган.

Кубат Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы:

– Биздин кызматкерлер жети облустагы абалды көрүп чыгышты. Аймактар өнүкмөйүнчө, элдин жашоосу жакшырмайынча Кыргызстан оңолбойт. Калктын ден соолугун чыңдап, өмүрдү узартуудагы маселе – таза суу. Кыргызстан суунун башында, Борбор Азиядагы эң мыкты жерде жайгашкан. Ошого карабай маселенин ушул күнгө чейин чечилбей келгени жарандардын укугу бузулуп жатканынан кабар берет. Биз такыр жумуш жасалган жок деп айтпайбыз. Өкмөт атайын программаларды иштеп чыккан. Бирок алардын ишке ашуусунда кемчиликтер бар.

Аскар Токтошев, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармагын өнүктүрүү департаментинин башчысы:

Чынында долбоордун 2000-2009-жылдардагы биринчи баскычында кемчиликтер менен коррупциялык схемалар көп болгон. Ушундан улам Азия өнүктүрүү банкы 2012-жылы убактылуу токтотуп коюп, 2016-жылга чейин долбоордо боштук пайда болгон. Бирок азыр биз бул боштукту кайра калыбына келтирип жатабыз. Биринчиден, Бүткүл дүйнөлүк банкты көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында долбоорго кайра тарттык. 2016-жылдын аягынан баштап бул банк долбоорго кайрадан 28 миллион доллар каражаты менен кирди.Ушул тапта 14 айылдын суу тармагын түзүү боюнча сметалык иштер аяктады. Жаз башталары менен Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында суу түтүктөрүн орнотуу иштери башталат. Алар Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тоготуу, Ноокат районундагы Кыргыз-Ата, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр, Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айылында, курамына 11 айылды камтыган С.Ибраимов атындагы айыл өкмөтүндө жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында башталат.

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *