Акылбек камалбайт, ал премьер-министр болот…

Бир кезде айтылуу Акылбек Жапаров КСДПнын жар­нагында жалтырап илинип, ал жактын асманын ала булут ба­сканда А. Акаевдин короосуна өтө качып, «ичиңер күйсө туз жалагыла, мен Акаев үчүн өлүп берем» маанисинде көчөдөн эмес парламенттен бакылдап, 2005-жылы Акаеви «аут» кет­кенден кийин К. Бакиевдин эң жакын адамына айланып, ал кездеги бийликчил партия бол­гон «Ак жол» үчүн да өлбөгөн жерде калаарын айтып, КурСа­лиевич аны каржы министри кылып койгондон көп өтпөй автоматчандар менен МАИнин коштоосунда Кочкорго «крестүү жүрүш» жасап, райборбордо «разборка» жасап ок чыгарып, эң уятсыздыгы мамлекетти 24 жыл башкарган атасындай бол­гон Турдакун Усубалиевден өч алам деп дээлигип, аксакалдын үйүнө кол салышып , Акылбек­тин салтта жок ал жоругун ук­кан кочкорлуктар ошондо эле жерге түкүрүшкөн. Анан жүрүп олтуруп К. Бакиевди « ваше превасходительство» деп «оту менен кирип , күлү менен чы­гып» жүрүп биринчи-вице пре­мьер министр болду. Кийин 2010-жылдагы революциянын алдында Таласка адыраңдап бара калып аз жерден талпагы ташка жайылып кала жаздаган. Ага караганда аны менен бирге барган ал кездеги ИИМдин ми­нистри М. Конгантиев эр экен, качкан жок, таяк жеди бирок эркекче туруп берди. Генерал­дын намысы сакталып калды. Амалдуу Акылбек болсо кула­гын шелпейтип куйругун түй­үп улакчылардын жардамы ме­нен толпадан суурулуп чыгып «фыр-р» койду. Ошондон кийин чөптөн жапыс болуп тынч жүрүп калган. Мугалим болсом да жа­нымды багайын деп. Кийин эл тынчыгандан кийин Куловдун «мээсин тегеретип», ошол учур­дагы парламенттик шайлоодо «Ар Намыс» партиясы аркылуу депутат болуп чыга келет. Анда да жөн жүрбөй «десять негри­тят» операциясыбы, айтор «ар намыстагы» Каныбек Имана­лиев, Анвар Артыков сыяктуу 10 депутат шойкомду баштап оор учурда короосуна киргизип алган Куловдун өзүнө ор казып ийгенге чейин барып, акыры түз жүрбөгөнүнөн ал жактан да ыр­гыды. Кийин А. Сулаймановдун «Бир болуна» «илбирстин секи­ригиндей програмам бар» деп ага жабышып кайрадан ЖКга кирип келди. Анан көп өтпөй кайрадан өзүн акылдуу сезип ба­атыр боло баштады. Азыр парла­ментте элге эле эмес депутаттар­га да акыл айтканга маш. Андан да күйгүзгөнү өзүн күзгүдөн бир карап койбой , журналисттер­ге ыгы жок асылып анысы үчүн «итабийри» азыркыга чейин чу­балып жүрөт.

Дегенибиз, Жапаровго 200 миллионго жакын сомду «ап!» деп койгону үчүн (бул бери эле жагы болсо керек) кылмыш иши козголсо да камалбай, камалмак турсун өкмөт башчы Абулгазиев­дин «мазговой центрине» айла­нып жүргөн чагы. Премьер-ми­нистр эле эмес жаңы президент­тин да «жүрөгүнө жол салып», ал киши менен Кытайга чейин барып келди. Азыр эл оозунда да, ММКларда да А. Жапаров Жээнбековдор менен кан куда болуу алдында турганы айтылуу­да. Амалдуу Акылбектин «на вся­кий случай» тактикасыбы «кыл­мыштагы ууру» Камчы Көлбаев менен да жакшы мамиле түзүп алганы кеп болууда. Жакында Көлбаевдин апасынын маарек­синде сыйлуу коноктордун ка­тарында болгону бул айтылган­га далил болуп берди окшойт… Ошондо эмне, А. Жапаров машя­кпы же мыйзам томояктар ме­нен саясий оппонеттер үчүн эле иштейби?

Булак: “Айгай”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *