Акылбек Усупбаев, медицина илиминин доктору, профессор: “Акыркы 25 жылда “сексуалдык революцияга” жол ачылды”

Акылбек Чолпонкуловичтин ысымы бүгүн кыргыз медицинасындагы үчтүн бирине айланган “алтын колдуу” дарыгер экендиги талашсыз. Өзү табиятынан “кырс” мүнөзгө ээ болгону менен сүйлөшө келгенде чечилип, маектешине позитив маанай тартуулаган аурасы бар. А негизгиси өз кесибинин профессионалы. Мындай инсан менен кыргыз медицинасынын майрамы алдында адат болуп калгандай маектешип кайттым.   

— Акылбек мырза, соңку 10-15 жылда эркектердин бел кубатынын алсыздыкка кептелиши жылдан жылга өрчүп баратканы айтылууда. Өлкөбүздүн башкы урологу катары бул жааттагы жалпы процесстерге аныктамаңыз кандай?

— Соңку 10 жылдан ашуун убакыттан бери биз өлкө аймагы боюнча эркектердин ден соолугу боюнча көптөгөн акцияларды өткөрүп келе жатабыз. Азыр эсептесем 17 миңден ашуун эркектердин ден соолугун бекер текшерип, тиешелүү кеп-кеңештерибизди айтып, колдон келген жардамдарыбызды берип келиптирбиз. Туура, статистикалык көрсөткүчтөр менен караганда деле эркектер арасындагы тукумсуздук жалпы мырзаларыбыздын 10 пайыздан ашуун көрсөткүчүн түздү. Ошондой эле интимдик жактан алсыздыктары да жыл сайын өсүүдө. Дал ушул мырзаларыбыздын алсыздыгына эң биринчи кезекте сырттагы социалдык оор шарттар кыйла кесепетин тийгизүүдө. Өлкөбүздүн ичи-тышында сыз жерлерде иштеген, автоунаа жуучу жайларда суу кечип жүргөн балдарыбыздын ден соолуктары кайдан тыңгылыктуу болот? Башкасын айтпасак да күнүмдүк жеген тамак-ашыбыздын курамын карагылачы? Кытайдын чылкый химиялык жол менен өндүрүлгөн азыктарына организимибизди уулап бүтүрмөй болдук. Өзгөчө адамдагы стресс абал интимдик абалга кесепетин тийгизүүдө. Стресс, химиялык тамак-аш, барган сайын көбөйгөн инфекциялык ылаңдар (урогенитальный инфекциялар) акыркы 25 жылдан бери “сексуалдык революцияга” жол ачты. Өзгөчө миграциялык абалдан улам инфекция ылаңы көбөйүп, натыйжада эркектерибиздин организми өтө начарлап кетти.

— Эркектердин уруктугунун начарлаганы да факты экени интернетте кызуу талкууланчу болду. Мындай олуттуу көйгөй бар экенин адис катары сиз деле жокко чыгара албайсыз да…

— Башта айтпадымбы, инфекциялык жугуштуу ылаң, химиялык тамак-аш, стресс, эркектерибиздин өз ден соолугуна кайдыгер карашы сыяктуу көрүнүштөрдүн баары уруктуктун сапатын начарлатып (спермотогенец), ага удаа урук бөлүп чыгаруу клеткаларын жабыркатууда. Жогорудагы мен атаган көрүнүштөрдөн сырткары да кен чыккан радиациялуу жерлерде иштеген мырзаларыбыздын эркектик бел кубат жагынан алсызданып жаткандары көп байкалууда. Илгери эркек балдарды тээ тестиер кезинен бери карай турган атайын өспүрүмдөр дарыгери болчу эле. Азыр эми алардын ордуна үй-бүлөлүк дарыгерлер иштеп жатышканы менен алар деле жетишсиз. Союз маалында өспүрүм уландарыбызды гормоналдык жагынан өзгөргөндөн баштап текшере турган атайын дарыгерлер болчу. Азыр алардын бири жок. Уландар арасындагы алсыздык, уруктук сапатынын начарлашы, тукумсуздук сындуу дарттардын күч алышына дал ушул өспүрүм кезинде дарыгерлердин тыңгылыктуу көзөмөлү жоктугу себеп болууда. Анан калса биздин жаштардын кийинки кезде кеч үйлөнүп жатышы да алардын эркектик касиетине кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизүүдө. Жигит деген чоңоюп, жыныстык жактан жетилген курактан баштап турмуш курса, баардык жактан пайдасы тиймек. Жыныстык жактан алсыздыкка, инфекцияларга көп аралашпай, ден соолугу чың жүрмөк. Түрдүү оорулардан сактанмак. Негизи уландарыбыз 22-23 жаштан үйлөнсө, генефондубуз үчүн да жакшы көрсөткүч болмоктугун адис катары айта алам. Азыр кеч үйлөнүп, өздөрүнүн жыныстык жактан да ритмдерин, урук бездеринин иштешин бузуп жатышпайбы. Жаш жигиттерибиз угуп коюшсун, эркектик жактан режимдерин бузбай, тезирээк үйлөнгөнгө аракет кылышсын. Өзгөчө үйлөнөр алдында эркектерибиз ким болбосун урогенитальный инфекциясын текшерип, анализ тапшырып, уролог, андрологдордун тыкыр көзөмөлүнөн өтүүсү зарыл. Инфекция болсо сөзсүз дарылатуу абзел.

— Кээ бир эркектер жыныстык жактан алсызданганын дарыгерлерге көрүнгөндү мындай кой, айрымдарга айтып, кеңеш сурагандан уялышат. “Жүгүрүп турган” айрым жигиттер ооруга чалдыгышса, бирөөлөрдүн айтканы менен өз алдынча дарыланып алышат. Дегеле, эркектердин жыныстык жактан дарылануусуна антибиотиктердин сапаты канчалык деңгээлде оң таасирин берет?

— Жакшы маселени козгодуң. Азыр мырзалардын жеке эле жыныстык жактан оорусу эмес, тээ өспүрүм кезинде кичине эле дене табы көтөрүлсө дарыканалардагы антибиотиктерге чуркап, андай дарыларды да дарыгерлердин уруксааты жок өзүбүз каалагандай берип жатабыз. Ачык айтканда, андай дарылардын зыяны абдан чоң. Азыркы учурдагы биз изилдеп жаткан түрдүү инфекциялар сырттагы антибиотиктерди кабылдабаган дарттар болууда. Тагыраагы, сырттагы антибиотиктердин пайдасы деле айрым инфекциялар үчүн жок болуп жатат. Биздин элдин дээрлик 50-60 пайызы кай жери оорубасын дарыгерлерге кайрылбастан, түз эле дарыканалардан өздөрү билип көрүнгөн дары-дармектин түрүн алышып, оорунун табын баспастан, айрым учурда көбөйтүп жатат. Бүгүн биздин жарандар дарыларды күнүмдүк нан жегендей эле жеп жатышат. Мен муну ушинтип эле так айта алам. Муну токтотуш керек. Дал ушул дарыларды көп ичүү менен болгон оорулардын түрүн чакырып жатабыз. Учурда биздин өлкөдө дары-дармек жагынан анархия өкүм сүрүп жатат. Ар ким каалаган дарысын дарыгерлерден кеңеш албай ичишсе, дары-дармек жагынан бизнес кылгандар каалагандай ишкерлигин жүргүзүп жатышат. Бир сөз менен айтканда, бул жааттагы абалыбыз да бардак болуп кетти. Анан кантип биздин элдин генефонду көңүл суктанткыдай болсун? Эртеңки улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурган мындай факторлорго тиешелүү жетекчилер олуттуу көңүл бурушпай калды. Жаңы келген саламаттык сактоо министрибиз жогорудагы дары-дармек жааты боюнча мен атаган көйгөйлөрдү ичтен билген жетекчи. Эмесе, ал киши да бул маселени көз жаздымда калтырбай, олуттуу көңүл бурат деп ойлойм.

— Өзүңүз жетекчилик кылган борбордо бир жыл ичинде эркектер арасындагы биз сөз кылып жаткан оорулардын түрүнөн канча жаран операция болуп, канчасы дарыланып чыгышат? Жеке өзүңүз жыл ичинде канча эркекке операция жасайсыз?

— Тукумсуздук боюнча албетте, операцияларды алардын себептерине жараша жасалат. Айрым учурларда кан тамырлары кеңейип кеткендерден (варикоцеле) күнүнө эң болбоду дегенде 5-6 операция жасайбыз. Операциянын мындай түрүнө көбүнчө жаш балдар туш болушат. Бул оорунун себептери көп учурда тубаса болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле оор жумушта иштегендер да операциянын бул түрүнө кириптер болуп калышат. Ал эми бизге тукумсуздукка кабылган эркектерибиз кайрылганда, алгач андагы андай дарттын себебине жараша операция кылабыз. Ошондой эле уруктукту бөлүп чыгарган бездеринин бар-жогун, ар кандай курамын текшерип, жыйынтыгына жараша дарылайбыз же жаңы ачылган жеке менчик ЭКО (экстро корпоралдык уруктандыруу) борборго жөнөтүп, ошол жактан дарыланууга жөнөтүп жатабыз. Азырынча мындай борборлор жеке менчик мүнөздө гана болууда. Келечекте мындай борборду мамлекетибиз ар бир облустун борборлоруна салышы зарыл. Ал эми тукумсуздук боюнча биз дарттын себебин так аныктап операция жасап же мындай эле дарыласак, жыйынтыгы сөзсүз жакшы болот. Болгону дарттын себебин так аныктоо зарыл. Бир жылда бул дарттын түрү боюнча 300гө чукул жаранга операция жасайбыз. Медицинанын күчү менен тукумсуздукка кабылгандардын 30-40 пайызын себебине жараша толук деңгээлде дарылап айыктырып алса болот. Эгерде адамда урук чыгаруучу бездер жок болуп калса, андай убакта үй-бүлөнү сакташ үчүн арга жок ЭКО борборлорго кайрылып, ошол жактан кошумча урук алышса болот.

— Сиз кыргыз кыйырына гана алтын колдуу уролог эмес, адистигиңиз боюнча дүйнөнүн чар тарабына атыңыз чыкканы айтылып келет. Дегеним, чет өлкөлүк бейтаптар да кайрылышабы?

— Андайлар оголе көп. Соңку убакта андай катмардагылардын саны өтө көбөйүп баратат. Өзүң айткандай, бир эле Кыргызстан эмес, өзгөчө Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келип, жыныс мүчөлөрүнүн тубаса ооруларынан жабыркап, хирургиялык операцияларга муктаж болгондор биздин борборго кайрылышат. Биз андайларды хирургиялык коррекция кылып, баарына колдон келген көмөгүбүздү көргөзгөнгө даярбыз. Эми маңдайыбызга Жараткан ушундай кесипти ыроологон соң “сен өз, сен өңгө” деп бөлбөстөн, бейтаптардын баарына бирдей мамиле жасайбыз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ      

Булак: “Азия Ньюс”                 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *