Акылбек Жапаров, депутат: Фармация тармагында аябай чоң мафия пайда болуптур

– Акылбек мырза, кийинки кездерде дары-дармек маселеси чоң көйгөйгө айланды. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

– Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда өзүбүздүн дары-дармек чыгара турган заводдорубуз таптакыр жок болгондуктан, 2000-жылдары биз бейтаптарга жардам болсун деп дары-дармектен НДС салыгын (20% болчу) алып салганбыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга расмий түрдө келип жаткан дарынын көлөмү 14 млрд. сомдон ашып кетти. Мен өзүм иликтеп көрдүм, кыргызстандыктардын 51 пайызы жүрөк оорудан каза болушат экен. «Дарылары кандай болду экен?» деп кызыгып көрсөм, алардын баасы Израилге караганда төрт, Европага караганда эки, Казакстанга салыштырмалуу эки эсе кымбат болуп чыкты. Ал жактардын баарында НДС бар. Мисалы, Россияда 20 пайыз. Ошондуктан, мен комитетте айтпадымбы, 2005-жылы биздин бюджетибиз 16 миллиард сом эле. Азыр милдеттүү камсыздандыруу фондусуна эле биз 16 миллиард сом бөлүп берип атабыз. Жылына 1 миллион рецепт жазылат экен. Ошол рецепттер кантип жетип атат элге? Кайсы дарыны кайсы баада алып атат? 2009-жылы мен биринчи вице-премьер болуп турганда ушуну анализ кылайын деп атайын жумушчу топ түзүп, анализдеп көрдүм да. Психдиспансерде каттоодо турган көп кишилер бар. Ошолорго өкмөт милдеттүү түрдө айына 40 сомдон дары берип турушу керек. Биз аларга 40 сомдон бөлөбүз, врач рецептти жазып берет. Бирок, аптекага барса «40 сомдук дары жок, 400 сомдугу бар, үстүнө 360 сом кош» дейт. Анан ал дарыны алалбай кетип калат. Ошондуктан, бул тармакты тескеп, элге дары жеткендей кылбасак болбой калыптыр таптакыр эле. Фармация тармагында аябай чоң мафия пайда болуптур. Ар бир ооруканада үч-төрттөн аптека бар. Кечээ депутат Таалайбек Масабиров айтты, ар бир реанимациянын жанында аптека турат. Ал дарылар бейтапка куюлдубу, куюлбадыбы – бул дагы өзүнчө маселе. Мен өткөндө комитеттен сурандым, «врач рецепт жазып бергенде ал аптекага барат, ошол схемалардын баарын мага бергиле» дедим. Ошолордун баарын анализ кылышыбыз керек.

– Жогорку Кеңеш чечим кабыл алгандан кийин анын аткарылышын көзөмөлдөө да укугу бар эмеспи. Эмне үчүн НДСтен бошоткон соң дары-дармектин баасы арзандап, же кымбаттаганын көзөмөлгө алган жоксуңар?

– Жакшы көзөмөл болбой калыптыр. Мен баарына эле жетише албайт экенмин да. Салыктын үстүнөн көзөмөл кылып турам, салык, бажы кодексин жазам өзүм. Азыр биз фискалдык комитетте атайын бир отурумду ушул дары-дармекке арнайлы деп жатабыз. Фармацевтика кирешелүү тармак болгону менен алып келинип жаткан дарылардын биздин бейтаптарга канчалык пайдасы бар? Дары деп коюп, бизге жөн эле борду сатып жаткан жокпу? Ушул жактарына такыр көңүл бурбашырбыз. Балким, салыктан жалпы фармацевтика тармагын эмес, кээ бир ооруларга тиешелүү дары-дармектерди бошотконубуз туура болор.

– Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болушу мүмкүнбү?

– Бул түздөн-түз фармациялык компаниялардын кызыкчылыгы да.

– Кыргызстан кичинекей эле өлкө да, дары бизнеси менен кимдер шугулданаары бештен белгилүү…

– Германия аябай чоң өлкө. Бирок, аларда болгону үч эле компания дары-дармек алып келет экен. Аларды «элдин ден соолугуна зыян кетирген жокпу?» деп тим эле лупа менен карап, күн сайын текшерип турушат. А бизде 162ден ашык компания дары алып келет. Бул чатак нерсе. Мен эсеп палатасынан суранбадымбы, «анальгин Чоң-Алайда канча, Бишкекте канча? Бирөө 12 сом болсо, бирөө 62 сом болуп атса… Бюджеттен акча кетип аткандан кийин анализдеп, бизге бергиле» дедим. Түпкүлүгү биз бейтаптарды айыктыра турган гана дарыларды алып келе турган системаны курушубуз керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *