Жаш депутат Акылбек Жамангулов өкмөт курамына барат

Акыркы убакта парламентте курч сөздөрү менен элдин купулуна толгон Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Акылбек Жамангулов өкмөттүн курамына барат.

Анда белгилүү болгондой, фракция жаш депутатты өкмөттүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунуш кылган. Эгер аталган сунуш парламенттин тиешелүү комитетинен колдоо таап, парламенттин палатасында жактырылса, депутат өлкөнүн кен байлыктар, энергетика тармагын жетектөөнү мойнуна алмакчы.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *