“Акылдуу шаар” деп атып “акылсыздын” кейпин кийип калбайбызбы?

Жаңы жылды Сапар Исаковдун өкмөтү чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн чоң кадам менен баштады. 11-январь күнү “Таза коом” долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелип жаткан “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн кытайлык “Huawei Technologies Co. Ltd” компаниясы менен 60 млн долларлык келишимге кол коюу салтанаты болуп, ага Сапар Исаков өзү катышты. “Акылдуу шаар” чуусу чубалып, 3 жылдан бери ордунан козголбой жаткан “Коопсуз шаар” долбоорунун жаңыртылган версиясы же болбосо ошол долбоордун уландысы деп кароого да болот. 2015-жылы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Өкмөтү тендер өткөрүп, анда орустардын “Стилсофт” компаниясы жеңүүчү делип табылат. Анда ал долбоордун баасы 85 млн доллар деп бааланган. Тендерден жеңүүчү делип табылган “Стилсофт” долбоордун үстүндө иш алып барганга үлгүрбөгөн. Анткени, ИИМ жеңүүчү компания менен келишимге кол коюудан баш тартып, талапкерлерди тандоодо мыйзам бузуу болгон деген жүйөөнү карманат. Тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн ИИМ сотко доо арыз менен кайрылганы менен биринчи жана экинчи инстанциядагы сот ИИМдин доо арызын канаттандырган эмес. “Коопсуз шаар” ошентип “кооптуу шаарга” айланган. Бул долбоор көптөгөн жетекчилердин бетине көө сүйкөгөнгө жакшы шылтоо болуп берди. Шайлоодон кийин айласын таппай, мекенинен алыста жүрүп, саясаттан кеткенге мажбур болгон Өмүрбек Бабанов Зарыл Рысалиевди “Ошол долбоорду ишке ашыра алган жок” деп күнөөлөгөнгө аракет кылса, кызматын тапшырып, резиденцияда келечек планын түзүп жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановду “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн 24 кишиге тапанча белек кылганың эсиңден чыгып кеттиби? Ошондо эле бул долбоор “Кооптуу шаарга айланган…” деп айыптаган. Кыскасы, “Коопсуз шаар” долбоору да кыргыз чиновниктеринин кызыл кекиртегинин айынан күм-жам болду.

Жасаган ишинен дымагы күчтүү кыргыз бийлиги ишти баштап жатканда ооз көптүрүп ар нерсени айтып алат да, аягына келгенде тойдо уят болуп калган кызга окшоп тымпыйып олтуруп бермей адатка көнүп алышкан. Сапар Исаков киргизип жаткан “Акылдуу шаар” долбоору азырынча жолдогу кырсыктарды, шаардагы криминалдык абалды жакшы жагына өзгөртүүгө гана багытталгандай болуп турат. Бул “Коопсуз шаар” долбоорунан айырмасы деле жоктой сезилет. Жаңы долбоордо Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-Ош, Бишкек- “Манас” аэропорту автоунаа жолуна видео көзөмөлгө алган камералар орнотулат. Видео камераларды жолдорго орнотуу менен эле “Smart City” программасы ишке ашып калбайт. Транспорт, жол коопсуздугун камсыз кылуу “Акылдуу шаар” долбоорунун бир бөлүгү гана. Экономикасы бизден алда канча күчтүү Казакстан “Smart Astana” жана “Smart Almaty” деген ири долбоорун толук ишке ашырып бүтө элек. Казактарда “Smart City” программасы жолдорго видео камераларды орнотуу менен чектелип калган эмес. Астанада smart-поликлиника жана smart-мектеп иштеп жатат. Алматыда болсо “Алматы паркинг” (унаа токтотуучу жай), «Almaty Bike» (велосипед сүйгөндөр үчүн), жол кире төлөө үчүн автоматташтырылган система ишке кирген. Исаковдун “Акылдуу шаарында” азырынча булардын бири да жок. Сапар өзү “Акылдуу шаар” долбоору тууралуу сөз кылганда Дубайдагыдай жогорку технология колдонуларын, Борбордук Азияны, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты бириктирген IT-хаб өлкөгө айлантуу планы бар экенин жашырган эмес. Жакшы демилге, чоң дымак экени ырас. Бирок, муну ишке ашырууда биринчиден кыргыз бийлигинин кудурети, экинчиден каржысы жетеби? Жолго камера орнотуп коюу менен эле Азия менен Европаны байланыштырган өлкөгө айланып калабыз деген жомокто дагы кездешпейт.

“Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн 60 млн доллар деп бааланды. Бул сумма казынасы эңшерилип турган Кыргызстан үчүн оңбогондой акча. 60 млн долларды кайдан, кимден, кандай негизде алат? Карызга алса канча пайыз менен? Анын төлөө мөөнөтү кандай? Же кайтарымсыз жардам бере турган колу ачык демөөрчү табылдыбы? Бул суроолорго азырынча толук маалыматты уга элекпиз. Мындан 5 жыл мурун тажиктер борбору Душанбе шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн 22 млн доллар гана сарптаган. Анын 20,9 млн долларын Кытай узак мөөнөттө насыя берген. 1,1 млн долларды тажиктер өздөрү чыгарышкан. Кытайдан алынган кредитти 20 жылдын ичинде жол эрежесин бузгандар төлөгөн айып пулдун эсебинен кутулуу каралган. Бизде ушундай так цифра менен так мөөнөт барбы? Тажиктерде дагы “Коопсуз шаар” долбоорун 5 жыл мурун эле “Huawei Technologies Co. Ltd” компаниясы 22 млн долларга эле баштан-аяк жасап берген. Азыр күн сайын технология өнүгүп жаткан кез. Атаандаштык да өсүп жатат. Баалар мурункудай асман чапчып турган учур эмес. Кыргыз бийлиги бир долбоор үчүн 60 млн доллар акча коротуп жатканы да ошон үчүн бүдөмүк ойду жаратып жатат. Мындай ири долбоорлор ишке ашып жатканда сөзсүз тендер жарыяланчу эмес беле. Эмне үчүн бул жолу тендер өткөрүлгөн жок. Huawei менен түз келишим түзүүнүн зарылчылыгы бар беле? Эмне үчүн Huawei тандалып алынды? Бул компания мурун коррупцияга аралашканын Атамбаевдин доорундагы эң катуу жазаланган “Мегакомдун” мурунку директорлорунун бири Абековтун иши көрсөтпөдү беле. 25 жылга соттолгон Абеков Huawei компаниясынан “Мегакомго” жабдуу сатып алган келишимдин “шапкеси” үчүн эле “Акылдуу шаарды” аткарат деп аткан компания 6 миллион доллар которгонун Абековтун чет өлкөлүк эсептеринде табылганын кантип унутуп койдук? Бул көп чыр жаратпады беле? Эң чоң долбоорду Исаковдун өкмөтү толугу менен Huawei компаниясына өткөзүп бергени кандай? Же кытайлык компания дагы көндүм адатына салып, келишимдин “шапкеси” үчүн кимдир бирөөнүн чет элдик эсебине миллиондогон долларды которуп койдубу? Эми техникалык көз караштан алганда кытайлык компанияда эч кандай шек жок. Huawei абдан белгилүү жана тажырыйбалуу компания. Чехтердин шылуун “Лигласс” компаниясы эмес. Бирок, эмне себептен орто жерде жанагы “Ака Минералз” деген ортомчу компания чыгып калды? Эмне себептен биздин өкмөт бул эң чоң стратегиялык долбоорду кайдагы бир белгисиз компаниянын колуна тапшырып койду? Huawei “Өкмөт бул долбоорго түздөн-түз киришсин” деп суранса, Исаков баш тартып, ушул “Ака Минералзды” аралыштырганын кантип түшүнсөк болот? Мурда-кийин аты эч кимге белгилүү болбогон “Ака Минералз” компаниясы көптөн бери кардары чыкпай, сатылбай жаткан “Мегакомго” кардар болуп жатканы да ушул долбоор менен байланышы жокпу? Эмне үчүн бул компания “Мегакомго” мурун кардар болгон эмес? Суроо эле көп…

Биз бул “Акылдуу шаар” деп айтылган долбоорду жалгыз гана жол коопсуздугу жана айып пул чогултуучу система катары карабашыбыз керек. Жүз миң камера орнотулгандан кийин ар бир басып-турганыбыздын маалыматы топтолуп турат. Биз мурун журналисттер жана оппозиция жетекчилери “артыбыздан аңдып жатат” деп даттанып калчу элек. Эми болсо Бишкек, Ош шаарлары, эки башкалаабызды байланыштырган жол, Чолпон-Атага чейин бүт басып-турганыбыздын баары боюнча маалымат топтолуп, компьютер аркылуу ар бирибизге файл ачылып, жылдар бою сакталат. Компьютер аркылуу ошол камералар мурун жөн эле машиненин номурун таанып, ошого айып салынса, азыркы технологиялар боюнча “автоматическое распознавание лица” деп ар бирибизди фамилия, туулган датабыз, паспорт номурубуз менен таанып турчу система киргизилүүдө. Мындан ары биз ээн эркин баса албай калабыз. Ооба, балким, “бандиттерди, урууларды кармайбыз” дегендерине пайдалуудур. Бирок уюшулган кылмыштуулук эмне азыр колго түшүп, соттолуп түрмөлөп жүрүшүптүрбү? Жо-ок! Тескерисинче, түрмөдө олтурган крим лөктөр эркиндикке чыгып жатпайбы. Бул системанын зыяны биздин эркиндигибизди чектейт. Ким эмне кылып жүрөт деген суроого заматта справка даярдалат. Канчада үйүңөн чыгып, кайсы автобус же машинеге отуруп, каяктан түшүп, кайсы сүйүктүүсүнө жолугуп, ким менен соода кылып, канчада келгенине чейин көзөмөл жүрөт. Бул система Кытайда кенен киргизилген, бирок алар бир жарым миллиард калкы бар коммунистик партия башкарган диктатурада жашап жатышат. Бизге ушул системанын киргизилишинин кандай керектиги бар эле? Бизде бул боюнча коомдук талкуу жүрдүбү? Мыйзамдык базабыз канчалык деңгээлде жооп берет жана жеке жашообуздун сырын системалык түрдө топтоого ким уруксат берди? Эми биз буга макул болгон күндө дагы, эмне үчүн кайдагы бир “Ака Минералз” деген компаниянын колуна өткөзүп берип жатабыз? Коркунучтуусу ушунда болуп жатпайбы.

Huawei Кытай өкмөтү көзөмөлгө алган компания. Дүйнөнү башкарам деген улуу держава көзөмөлгө алган компанияга бүтүндөй коопсуздугубузду тапшырып жатканыбыз кооптондуруп турат. Коопсуздук кызматыбыз бул жагдайда кенен иликтөө жүргүзүп, өздөрүнүн жыйынтыгын чыгарышканбы? Эгер коопсуздугубузга доо кетсе УКМК керт башы менен жооп береби? Huawei шпионаж боюнча бир топ ызы-чуу жараткан учурлары болгон. 2003-жылы Техас штатынын сотунда Cisco Systems компаниясынын доо арызы каралып, ага жоопкер катары Huawei компаниясы тартылган. 2009-жылы индонезиялык Excelcomindo Pratama деген мобилдик байланыш операторунун маалымат кызматы Huawei компаниясынын кызматкери башкармалыктын начальнигинин кабинетинде кызматтык документтерди көчүрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганын билдирген. 2008-жылы АКШнын Конгрессинин докладында Huawei НОАК (Народно-Освободительная Армия Китая) менен тыгыз байланышта деп айтылып, компанияга мамлекеттик жана аскердик маалыматты берүүчү тармакка кирүүгө чектөө киргизилген. Huaweiдин негиздөөчүсү да НОАКтун мурунку инженери экени белгилүү. 2012-жылы компания менен бир дагы келишим түзүүгө болбойт деп тыюу салынган. Huawei менен иштешүүдөн бир гана АКШ эмес, Англия, Австралия, Индия дагы баш тарткан. АКШдагы эң таасирлүү гезит “New York Times” менен “Der Spiegel” деген немец журналы ЦРУнун мурунку кызматкери Эдвард Сноуден берген кызыктуу маалыматты тараткан. Анда АКШнын атайын кызматы Huawei компаниясынын серверине чабуул жасап, Кытайдын мурунку президенти Ху Цзиньтао, соода министри, тышкы иштер министри баштаган жогорку чиновниктерине байкоо жүргүзгөн. Бизде болсо улуттук долбоор аталган “Таза коомдун” алкагында ишке ашып жаткан “Акылдуу шаар” долбоорун чоң державалар чоочуп жаткан компаниянын колуна тендерсиз эле карматып койдук. Эртең ким биздин мамлекеттик коопсуздугубуз сакталат, эч ким ага шек келтирбейт, чиновниктерибизге аңдуу жүрбөйт деп кепилдик бере алат? Бул жагын ойлогон жан барбы? Же билбей калыптырбыз деп кутулган жоопту угабызбы?

Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *