“Акылдуу шаар”: Улуттук коопсуздук унутулдубу?

Кыргыз өкмөтү 11-январда “Акылдуу шаар” долбооруна старт берди. Аны ишке ашыруу боюнча келишимди Кытайдын Huawei Technologies Co. Ltd. компаниясы менен түздү. Соинвесторлор катары кытайлык дагы бир Beijing China Veterns Lingxin Capital Management  аттуу компания менен Кыргызстанда катталган, буга чейин аты-жыты белгисиз болгон «АКА минералз энд майнинг» ишканасы тартылган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 60 млн доллар сарпталмакчы. Бул каражатка Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-аэропорт “Манас” ири унаа жолдоруна интерактивдүү жана көп функциялуу камералар, 2 башкаруучу мониторинг борборлору, “акылдуу” жол чырактар, жарыктандыруулар орнотулмакчы. Долбоор 1,5 жылда ишке ашырылып, инвесторлор салган каражатын 5 жылда кайтарып алышат.

“Акылдуу шаардын” ишке аша башташы карапайым калкты абдан кубандырды. Анткени анын жардамы менен жолдордогу эреже бузуулар, кырсыктар, шаарлардагы кылмыштуулук бир топ кыскармак. Жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу  жашоо шарты түзүлмөк. Бирок ушул жерде да коомчулук тарабынан “бироктор” жаады.

Эмне үчүн Huawei?

Бул долбоор да өкмөттүн мурунку (чехтердин “Лиглас”ишканасы жана “Мегаком” боюнча) алешем келишимдери сыяктуу коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Талкуу инвесторду тандап алуу иш-чараларынын айланасында болуп, “Эмне үчүн Huawei?” деген суроо менен коштолду. Маалым болгондой, “Акылдуу шаарды” куруу үчүн Huaweiден башка дагы бир кытайлык “Шенжень Топформ” аттуу компания арыз берген. Алар долбоорду 38-40 млн долларга баалаган жана кыргыз өкмөтү тарабынан 12-январда Кыргызстанга келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө да чакырылган. Бирок алардын өкүлдөрү Бишкекке келип, “мына эртең бет ачарыбызды өткөрөбүз” деп өз убактысын күтүп жатканда, өкмөт аларга алдын-ала эскертпей туруп, 11-январда табышмактуу жагдайда Huawei менен келишим түзүүгө барган.

Каражаттын 15%ы аты бар, заты жок кыргыз ишканага берилет. Эмне үчүн?

Ал эми Huaweiдин өнөктөшү «АКА минералз энд майнинг» компаниясы тууралуу маалыматтар да коомчулуктун талкуусун тутантты. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, «АКА минералз энд майнинг» 2014-жылы Кыргызстандын Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн, жетекчиси Курбанов Касым Муратович аттуу жаран жана жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казууга багытталган ишкана. Бирок мындан башка маалыматтар, тагыраагы буга чейинки жасаган иш-тажрыйбалары, ишке ашырган долбоорлору, жадагалса иш кайнаган кеңсеси тууралуу да эч жерде, эч кандай маалымат жок. Бери дегенде, ошондой маалыматтарды ишкананын тарыхына кызыккан журналисттер менен жарандык активисттер казып таппай жүрүшөт. Болгону, фирма катталган даректи табышты, ал жерде К.Курбановдун жеке үйүнөн башка удургуган кеңселик иштер жүрүп жаткан көрүнүштөн жыт-кабар да билинбейт. Ошондон уламбы, айтор аты укмуштай угулган ишкананын кыргыз бийлиги тарабынан долбоорго атайын киргизилген формалдуу мекеме экендиги, бул пара алуу үчүн жасалган кыйтыр жолдордун бири экендиги тууралуу негиздүү түкшүмөлдөр өсүүдө. Анан эмей, “долбоор үчүн адистерди даярдап берет” деген шылтоо менен 9 млн доллар (15%) алдын-ала ушул ишканага бөлүнүп жатса…

Америка Huaweiди тыңчылыкка айыптап жатса…

Huawei Technologies Co. Ltd. компаниясынын өзүнө келчү болсок – мында килейген Кытайдын ээк астында бирде АКШны, бирдеОрусияны элтеңдеп карап турган Кыргызстандын улуттук коопсуздук маселеси алдыңкы планга чыгат. Анткени бул компаниянын ишмердиги АКШда чоң чырды тутантууда. АКШ бийлиги Американын электрондук товарлар рыногунда лидерлик орунга умтулган кытайлык Huaweiди “өз өлкөсү үчүн тыңчылык кылат, ал үчүн өзү чыгарган инновациялык алдыңкы технологияларды кеңири колдонот” деп күнөөлөөдө. Бүгүнкү күндө Американын өкмөтүнүн чакырыктары менен ири корпорациялар биринин артынан кийинкиси аны менен кызматташуудан баш тартууда. А кыргыз өкмөтү болсо бул компанияны тендерсиз эле тандап алган. Буюртмачы өзүнүн мындай чечимин компаниянын эл аралык деңгээлдеги бийик аброю менен инновациялык технологияларга адистешкен кесипкөйлүгүнө байланыштырууда.

“Балапандардын” оюну бүтпөй койду го

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн “Лиглас”, “Мегаком” сыяктуу ири долбоорлорду чала-сабаттык менен шаша-буша бирөөлөргө кармата салган мурунку иштери сыяктуу бул долбоорду баштоодогу жана инвесторду тандап алуудагы ашкере “шуулдактыгы” менен маалыматтык жабыктыгы коомдук активисттердин жоромол-түкшүмөлдөрүн жаратпай койгон жок. Алсак, Өкмөт бул долбоорду аталган компанияга ыйгарууда бир катар калыстыктан тайган жолдорго барган деген пикир күч алууда. “Акылдуу шаарга” бөлүнгөн 60 млн доллардын кайсы бир бөлүгү кыргыз бийлигине пара катары берилген болушу мүмкүн деген күмөн саноолор да күч. “Мегаком” демекчи, аны орусиялык Нагорная айым сатып алууга аракеттерди жасап, ММКлар тарабынан шылуундугу ачыктала баштаганда жылт коюп кетип калды эле. Эми болсо жогорудагы 15%га ээ болгон аты бар, заты жок «АКА минералз энд майнинг» ишканасы бул уюлдук компанияны сатып алуу аракеттерин да жүргүзүп жатканы маалым болду. Маммүлк фондусу болсо аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Ме сага, килейген өкмөт ар кандай куу капчык шылуундар менен алдамчылардын кайырмактарын ээрчиген чала сабат деңгээлден көтөрүлө албай койду го.

Кубатбек АЙБАШОВ, “Параграф”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *