Ала качуу салтпы же кылмышпы?

Ташманбет Кененсариев, профессор

– Мурун салт катары кабылдануусу мүмкүн эле. Бирок биз 21-кылымда жашап жатпайбызбы. Демек, эми ала качууну жеке адамдын укугун тебелеген кылмыш деп таануу абзел. Ала качуу боюнча жакшы мыйзам бар. Бирок аны иштетүүнүн механизмдерин так көрсөткөн өкмөттүк токтом керек.

Ырыс Окенова, журналист

– Ала качуу – бул кьшмыш. Эч бир бир жерде, өзгөчө турмуш курууда мажбурлоо болбош керек. Кыздын дагы эркектин дагы тандоосу болушу керек. Бул кылмышты мыйзам менен токтотуш керек.

Мухтар Атаналиев, ырчы, обончу

– Ала качуу салт, эгер аны туура пайдалана алсак. Мисалы кыз макул, бирок ата-энеси каршы же апасы макул, атасы каршы, ошондо жакын жеңеси менен сүйлөшүп алып качса болот. Бирок кыз макул болбосо, өзгөчө тааныган учурда жакшы эмес. Тааныбаган шартта кызга жигит чыкпай же өзү айта албай жүрсө жарым-жартылай макул болсо дагы да жеңесине сүйлөшүп ала качса болот. Көбүнчө бул нерсе кыздын атасы каршы болгондо, жигиттин шарты болбосо, салт катары иштейт. Өкүмзордук -бул аша чапкандык, керек болсо кылмыш. Жигитте кичине болсо да намыс болуш керек. Кызды көндүрүп, жакшынакай ала алган жок дегендин өзү уят.

Дүйшөмамбет Орозалиев, жеке ишкер

– Ала качуу салт болгон күндө да, жапайыраак салт. Менин оюмча, макулдугун алып куда түшүп, анан үйлөнүү жакшыраак. Баарынан бири-бирин жакшы көрүп сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөн жакшы дечи. Бирок мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда куда түшүү аркылуу үйлөнүшсө жакшы болмок. Ушул салт менен эле илгеркилер үйлөнүп келген. Бирок азыркы заманга туура келбейт. Тыйса болот. Өкмөт жоопкерчиликти өздөрүнө албай, салт да деп көп маани бербей коюп жатышат окшойт.

Айбек Мырза, активист

– Кыздын макулдугу жок ала качуу- бул кылмыш. Илгери кыз-жигит бири-бирин жакшы көрүп, бирок ата-энеси каршы чыгып же башка бир шарт болгондо ала качты кылып үйлөнүшкөн. Азыр ала качууга тыюу салыш керек. Буга мыйзам аздык кылат. Эл түшүнүш үчүн туура коомдук пикир жаратыш керек. Ошондо гана натыйжасы болот деп ойлойм.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *