Алайда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткан жарандар кармалды

Алайда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткан жарандар кармалды А лай районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз атышкан браконьерлер кармалышты. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев кабарлады.

– Жалпысынан беш адам курал- жарагы менен колго түштү. Алар аңчылыктан кайтып келатышканда кармалышты. Текшергенде, алардын аңчылыкка дегеле уруксаты болгон эмес! Ошондуктан, Кылмыш-Жаза Кодексинин 278-беренесине ылайык мыйзамсыз аңчылык кылгандардын бирине кылмыш иши козголду, – деп кошумчалады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев. А калган төрт аңчыга акыркы сааттарда административдик жаза салынды.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *