Алайда жер титиреди

КРнын Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык жергиликтүү убакыт боюнча 2017-жылдын 17-июль күнү саат 03:13 чамасында Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.  Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жердин силкинүүсү Кара-Киндик айылында – 4 балл, Икизяк, Көк-Суу, Бор-Дөбө айылдарында – 3 балл, Иркештам айылында – 2,5 балл сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *