Алайдын жигиттери аялына башкартпайт. Аялга сый гана көрсөтөт

Кечээ, 16-январда Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева телефон чалып, күзүндө өтчү президенттик шайлоодо алардын тарапташтары  Ахматбек Келдибековдун талапкердигин колдогону жатышса “бульдозер” Азимбек Бекназаров  аларды айнытып жатканын кабарлаган.  Биз бул билдирүүгө комментарий алуу үчүн Ахмат мырза менен телефон аркалуу байланыштык.

-Сизди “Азия ньюс” гезити  “Индияда дарыланып жатат, ушул жуманын аягында Кыргызстанга кайтып келет” деп өткөн жумада жазды эле кайтып келдиңизби?

-Ал ушак сөздөр. Мен Индияда эмесмин. Европада жумуштарым менен жүрөм. Индияга өткөн жылдын акырында барып келбедим беле. Жакынкы күндөрдө Кыргызстанга барып калам.

Азимбек Бекназаров гезиттердин бирине интервью берип, “Икрам Илмиянов мага өзү келди. Аны Ахматбек Келдибеков ээрчитип келди” деп жарыялаптыр, ошондой болду беле?

– Азимбек аке кызык киши экен. Ал өзү кайра-кайра “Икрам менен жолуктурчу”  деп сурана бергенинен мен Икрам Саттаровичтин бир досуна кайрылгам. Ошол досу уюштурду , мен ал жолугушууга Икрам Саттаровичти  ээрчитип келбей эле өзүм 1 саат кечигип баргам. Барсам сүйлөшүп олтурушкан экен. Азимбек аке тынбай 3 саат сүйлөдү. Анан китептерин белек кылгандан кийин тарап кеттик.

Кечээ Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева билдирген Азимбек Бекназаровдун сиз тууралу оюна кандай комментарий бересиз?

-Биринчиден, Азимбек аке өзүнүн карындашы Аиданы жакшы билбейт экен. Менин жубайым Аида бизнес менен алек болуп, менин саясаттагы иштериме такыр кызыкпайт. Чынында Азимбек аке Аиданын колунан 4-5 жолу эле чай ичсе керек. Бирок кеңири баарлашып көргөн эмес. Ошондуктан карындашынын жакшы сапаттарын жакшы биле бербейт.  Экинчиден, мен жубайыма өтө сый мамиле кылам. Алайлыктар аялды катуу сыйлайт. Ошондуктан Алайдан Курманжан датка чыккан. Ошол сый мамилемди түшүнө бербей калса керек. Аялга орой мамиле кылып жүргөндөр мындайды түшүнбөй калышы ыктымал. Үчүнчүдөн, Алайдын жигиттери эч качан аялына башкартпайт. Алайда үй-бүлөнү эркек башкарат. Аялга сый гана көрсөтүлөт. Башкаруу менен сыйдын айрымасы башка. Ошону айрымалап түшүнүп жүрсөк жакшы болор эле.

-Ракмат! Сапарыңыз байсалдуу болсун!

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *