Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 1-декабрь күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Озерное айылында эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБнин ыкчам-тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, азиат улутундагы болжол менен 30-35 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Териштирүү учурунда жергиликтүү 35 жаштагы Е.А. аттуу жашоочу 1-декабрь күнү Озерное айылындагы талаада кой кайтарып жүрүп белгисиз  эркек кишинин жансыз денесин көрүп милицияга кабарлаганын билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын негизинде Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюна кылмыш иши козголгон. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, С.Б. аттуу 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, күнөөсүн моюнуна алган жана төмөнкүлөр маалым болгон. Каза болгон жаран экөө таксиде баратып таанышып, Озерное айылына жеткенде таксиден түшүп калышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Катуу соккудан улам маркум эсин жоготуп койгон.

Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *