Албарсты элди бастыбы же маданият өкүлдөрүнбү?

“Маданият улуттун жүзү” – деп ар бир маданий иш чара болгон сайын какшанып айтып келебиз. Мына ошол маданиятты алып жүргөндөр кимдер деген суроого азыр жооп табуу кыйынга туруп калгандай. Анткени мындан он, он беш, жыйырма жыл мурун эле маданият өкүлдөрү десе биринчи сап башында турган ырчылардын жүзү эске келсе, алардын ырлары, дегеле текстине сөзү дал келип, жалпы коомчулукту бир багытка үгүттөгөндөй сезилээр эле. Эл аларга карап түздөнүп, аларга карап алдыга умтулуп, аларды элдин жүзү, кыргыз элинин жүзү деп сыймыктанмак турсун, атына кир жугузгандан коркчу. Ал эми азырчы асмандагы жылдыздан, жердеги жылдыз көбөйгөн заманда маданият өкүлдөрү эстелмек турсун, аларды шылдыңдаган адамдар көбөйдү. Буга эмне түрткү болууда? Албетте саны бар сапаты жок ырлар, ошол эле убакта жер жайнаган жылдыздар, акчага сатылган “Маданияттын мыкты кызматкери” өңдүү сыйлыктар, бир ыр үчүн берилген “Эмгек сиңирген артист” сыяктуу наамдар, ич ара ыр талашкан жаңжалдар жана да акчаны кайда чачаарын билбеген чириген бай-бачалардын балдары, өздөрү.

Айтып отурсаң арман көп дегендей санай берсең мындай ырлар четинен чубалып чыга келет. Көчө сөздөрү менен жазылган, жеңил-желпи ырлардан Баястан, Бегиш, Каспер дегендердин бир кездеги “Сенин тилиң, менин тилимин” араң артка таштасак, Назел аттууда “Күйөө издеген” ыр жарык көрүп элдин оозун ачырса, МС Данчо аттуунун “Жогору тамган көз жашы” элди бир топ эсин оодурду. Эми бүттү деп турган маалда “Теке теке”, нукура кыргыз баласынан сөзмө сөз которулган “Муз эрип” аттуу ыр эмес же жомок эмес дегендей сезим менен талкуу жаратып жаңы эле жаны жай алган кезде, албарсты баскан үч кыздын жоругу кыргыз элин гана эмес, дүйнөлүк социалдык тармакты да дүрбөлөңгө салып жиберди. Мунун баарын карап, угуп отуруп биз эмне болуп баратабыз деген ой албетте келбей койбойт. Бул биздин маданиятыбыздын жоголуп жатканы экени айтпасаң да көрүнүп турат. Мындай көрүнүшкө көз жумуп коёюн десең, улуттун жүзү ушундай болуп калуудан кооптоносуң. Бирок мунун баарын көзөмөлгө салуу үчүн атайын Маданият министрлиги түзүлгөн, мунун баары жөнгө салынбаса, анда булар эмне кызмат аткарууда? Же жөн гаңа түзүлгөн акча коротуучу ишкерлерби? Агынан иш көрсөтсө азыркыдай ырлар, ырчылар, дегеле улут жүзүн көрсөтө албаган маданият кызматкерлери чыкпас эле. Мунун баарына көз жүгүртүп келип эле кайрадан демократияга асылып жатып калабыз, ким күнөөлүү баягы демократия деп. Бирок демократия маданиятка келген күндө да бардык нерседе чек деген сызылган да. Кийинки келечек эмнени мурас кылып алат. Эмне “күйөө издегендердиби, же теке теке ырлардыбы?” айта берсең сөз түгөнбөчүдөй.

Ошондуктан коомдун күзгүсү болгон маданият өкүлдөрү кыргыздын КИМ экенин, кандай экенин унутпай, урпактарга мурас боло турган тарбия көрсөтсөк.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *