Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер: “Сапар Исаковдун ишине ар кандай саясий топтордун жеке кызыкчылыктары тоскоолдук жаратышы мүмкүн”

–   Аликбек агай, айтсаңыз, премьер-министр Сапар Исаков жылуулук кризисин жөнгө салуу үчүн электр энергиясына  жана жылуулукка болгон тарифти  көтөрүү зарыл деди. Элдин айлык акысын, пенсиясынын көлөмүн көтөрбөй туруп тарифтерди көтөрүү туура болобу?

–    Менин оюмча тарифти көтөргөндүн ордуна жалпы энергосистеманы тартипке салыш керек. Бишкек ЖЭБде болгон авария муну далилдеди. Көмүрдүн карапайым эл үчүн кымбаттыгын, светти өчүргөнүн айтпай эле коёюн. Коомдо энергетиктердин иштери боюнча абдан терс көз караштар,ишенбестик күчөдү. Кептин баары  тарифте эмес, Кыргызстандын энергосистемасы реалдуу реформага  муктаж экенин көрсөттү. Бул жерде эң башкы маселе энергосистемадагы коррупция маселеси болуп жатат. Эгемендүү мамлекет болгондон бери канча миллиард доллар ал жакка жумшалды? Бирок эч бир жыйынтыгы көрүнгөн жок. Бишкек ЖЭБге 386 млн. доллар ысырап болду?  Бул оңой каражат эмес. Азыркы энергосистеманы башкарып жаткан, иштеп жаткан адамдардын адистик деңгээли жетиштүүбү? Энергосистеманы башкарып жүргөн коррупцияга аралашкан жетекчилердин канчасы жоопкерчиликке тартылды  деген суроолорго өкмөт жооп бериш керек. Парламенттик жана коомдук комиссия өзүнүн жыйынтыктарын элге ачык-айкын айтып, тиешелүү жетекчилер жазаланышы керек. Аны депутаттык, коомдук комиссия аныкташ керек.

– Премьер-министр Сапар Исаков бул кырсык боюнча жоопкерчиликти өзүнө алып, иликтей турганын айтты го. Айрымдар буга саясий эрки жетпестигин айтышууда. Сиз кандай ойлойсуз?

– Менин оюмча Исаковдун саясий эрки жетиши мүмкүн. Бирок жалпы мамлекеттик башкаруу системанын абалы жана энергетикадагы ар кандай саясий топтордун жеке кызыкчылыктары тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

–   Бул кырсык каражаттын жоктугунан эмес,  туура  башкаруунун жоктугунан болду деп эсептейсиз?

–   Дегеле мамлекеттин өнүгүүсүнө мамлекеттик башкаруу системасындагы башаламандык, күчөгөн коррупция, кээ бир бийликтеги партиялардын лидерлеринин жеке кызыкчылыктарынын  үстөмдүк кылып жатышы жалаң эле саясий абалга эмес, экономикага дагы терс таасирин тийгизип жаткандай.

–   Депутат Акылбек Жапаров 250 млн. доллар карыз алып, ЖЭБди кийинки кышкы даярдаш керек экенин айтпадыбы. Бул туура кадамбы?

–       Акылбек Жапаровдун айткан сунушу боюнча бир мандем бардай.  250 млн. доллар карыз алабыз деген сөздү  далилдери менен айтып берсе болмок. Анткени жогоруда айтылгандай энергосистеманын мүчүлүштөрү, коррупция элде көп суроолорду жаратууда. Ушул депутаттык, коомдук комиссиянын жыйынтыгын чыгарып, энергосистемада жаңы реформа өткөзүп коомдун ишенимин, колдоосун алмайынча суроолор туулаберет.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *