Аликбек Жекшенкулов, мурунку тышкы иштер министри: “Унгар-Тоону эч ким өзбектерге өткөрүп берген эмес, ал жер биздики”

– Аликбек агай, Өзбекстан куралдуу аскери менен Унгар-Тоону басып алып, ал жерди өзүбүздүн аймак деп жарыялады. Кыргыз бийлиги Унгар-Тоону 2006-жылы эле мурунку президент Бакиев берип жиберген экен деген маалыматты тараткандан башка чара көрчүдөй түрү жок. Бакиевдин 2006-жылы Ташкентке болгон ырасмий иш сапарын ошол кездеги тышкы иштер министри катары сиз уюштурган экенсиз. Эки өлкөнүн башчылары кол койгон келишимдерде Унгар-Тоо маселеси каралып, өзбек тараптын пайдасына чечилген беле?
– Бүгүнкү бийлик чек ара, айрыкча Фергана өрөөнүндөгү коопсуздуктарды чечкендин ордуна күнөөлүүлөрдү , душманды издеп калды. Бул бийликтин кетирген эң соң катачылыгы. Унгар-Тоо мурун эле Өзбекстанга берилип кеткен экен деп шылтоо издебей, тоонун тарыхын изилдеп чыгышы керек болчу. Азыр Өкмөттүн чек араны делимитациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп аткан Курбанбай Искандаров ошол кезде деле иштечү. Аламановдун комиссиясында мүчө болгон. Ал киши баарын билет. Бүгүн болсо унчукпай олтурат. Ошол киши эмне үчүн үн катпайт? Искандаров тажрыйбалуу инсан. Менин оюм боюнча ал киши деле жогор жактагылар бул маселени түшүнбөй турганын билип унчукпай олтурат. Азыр мындай татаал ишти түшүнгөнгө дарамети жеткен адам жок. Тышкы иштер министринин башкы максаты башка мамлекеттер менен кызматташуу үчүн жакшы маанайды түзүү. Дипломаттар эки элди чабыштыра турган абалды түзмөк беле? Эгемендүү мамлекет болгондон бери Өзбекстан менен болгон мамилебиз бирде муздап, бирде жылып келген. Бирок, 2010-жылдан кийинки муздак мамиле такыр болгон эмес. Мындай абалдын жаралышына да биз күнөөлүүбүзбү? Алты жылдан бери Ташкентке жогорку даражадагы ырасмий иш сапарлар болгон жок. Мындай абалды бийликтегилер жаратты да.
– Тышкы иштер министри катары кандай келишимдерге кол коюлуп жатканын сиз билишиңиз керек болчу да?
– Бул маселеге мени кошуп, элге жаман атты кылып көрсөтүп жатканынын себеби, Өзбекстан иштетип келген пансионаттарды өзүбүздүн карамагыбызга алып жаткандагы айткан сөзүм. Туура, пансионаттарды алыш керек. Бирок, алгандын да тартиби болот. Аны сүйлөшүү, келишим жолу менен алат. Эл аралык норма ошондой. Кечкисин бар, эртең менен ойгонсо жок болуп калбашы керек. Бул эки тараптуу саясий-экономикалык, коопсуздук мамилеге жакшылык алып келбейт. Бийликтин амалдуу экенин байкабайсыңарбы. Унгар-Тоо боюнча эле үч жолу позициясын алмаштырды. Биринчи жолу Бакиев, Жекшенкулов күнөөлүү деп айтылды. Андан кийин сүйлөшүүгө болот, бирок сүйлөшүүнү ушулар татаалдаштырып кетти деди. Эми болсо Унгар-Тоо талаш маселе деп айтып жатышат. Баштаганда эле талаш маселе деп баштабайбы! Өздөрү “Бакиев президент учурунда эле Унгар-Тоону өткөрүп берип койгон” деп айтып, өзбек бийлигине көзүр карматып коюшту. Тоону эч ким өткөргөн эмес. Өткөргөнгө үч маанай зарыл. Биринчисинде эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишим болот. Экинчисинде парламент ратификациядан өткөрөт. Үчүнчүсүндө Тышкы иштер министрлиги ратификация нотасын жөнөтөт. Ушул үч кадам болмоюнча чек ара чечилди деп айтпаш керек. Азыркы бийликтин эң чоң саясий катачылыгы Унгар-Тоо кетип калган деген маалыматты чыгарганы. Ушул сөз үчүн жооп бериши зарыл. Өкмөтпү, президенттин администрациясыбы же чек ара боюнча комиссия жооп береби, аны элге чыгарыш керек. Эгер мен Бакиевдерге кошулуп алып элдин байлыгын сатып жүргөн болсом ага каршы чыгып, түрмөдө олтуруп далай тозокту көрөт белем?!
– Президенттин ырасмий иш сапары болуп жаткан соң документтерди Тышкы иштер министрлиги даярдаган болсо керек? Унгар-Тоо Өзбекстандыкы деген протоколду даярдагандар кимге баш ийген?
– Мен жалпы жонунан карагам. Жаңылбасам 15-16 адам өз тармагы боюнча барган. Мен ТИМ министри катары жетектеп баргам. Бүгүнкүлөр айтып жаткан протоколду карагандар мага эмес, Өкмөткө баш ийишет.
– Сөз болуп жаткан протоколду качан көрдүңүз анан? Ал протоколдо Унгар-Тоо Өзбекстанга таандык деп жазылганбы?
– Ал жерде Унгар-Тоону Кыргыз ССР кезиндеги Суеркулов, Кулматов учурундагы жагдайларга таяныптыр. Бирок, бир нерсени белгилеп коёюн, 1991-жылы Алма-Ата декларацияга КМШнын президенттери кол коюп жатканда ошол күндөгү чек ара таанылат деп жазылган. Ушул биздин биринчи көзүрүбүз. Экинчи көзүрүбүз президенттер келишимге кол коё элек, парламенттен ратификациядан өтпөгөн. Ошондуктан Унгар-Тоо берилип кеткен деп айткан азыркы бийликтегилердин чыккынчылыгы.
– 2006-жылдагы протокол эл аралык мааниде юридикалык күчкө ээ боло алабы?
– Ошол протокол андай күчкө ээ эмес. Аны иш кагазы деп эсептесе болот.
– Парламенттин тышкы байланыш комитетинин төрагасы Алмазбек Батыралиев “ошол протокол Унгар-Тоону кыргыздын пайдасына чечүү үчүн тоскоолдуктарды жаратат” деп айтыптыр. Протоколду кандай жол менен четке какса болот?
– Ачык айтканда Батыралиев тышкы саясатты жакшы түшүнбөйт да. Сөз болуп жаткан протоколду бир гана нота менен четке какса болот. Чек ара боюнча иштеп жаткан комиссиянын мүчөлөрү өз чечимин чыгарып, аны премьер-министр бекитип, тышкы иштер министри Ташкентке нота жибериши керек. Бүттү, ошону менен эле ал протокол четке кагылат да башынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзө берет. Ушуну жасабагандан кийин сабатсыздык, түшүнбөстүк деп айтса болобу? Бүгүнкүлөрдүн мамлекет үчүн жүрөгү күйбөйт.
– Ушул эле жылдын жаз мазгилинде ошол кездеги Өкмөт башчы Темир Сариевдин колу коюлган, Унгар-Тоону Өзбекстандын аймагы деп тааныган токтомдун көчүрмөсү коомчулукка жарыяланып кеткен. Ал токтом өзбектер үчүн жакшы маанай түзүп берди да…
– Ооба, аларга көктөн түшкөндөй эле болду. Мына, өзүңөр таанып жатпайсыңарбы?- деп көрсөтчү кагаз да. Бирок, аны деле ички документ деп четке кагып койсо болот. Мен кыргыз бийлигине таң калам. Жазда маселе козголгондон кийин ошол жерге чекарачыларды коюп, бекемдеп койгонго ким тоскоолдук кылды? Эмне булардын духу жетпейби же жүрөгү жокпу? Унгар-Тоого чыкчу жол биз тараптан кетет. Наржагы зоока. Бул тоонун талаштуу себеби, эгемендүү мамлекет болгондон кийин Унгар-Тоодогу радиорелейдик станциядан батыштын эркин массалык каражаттары өздөрүнүн берүүлөрүн чагылдырган. Өзбек бийлиги ага каршы болгон. Радио берүүлөр биздин элибизди туура эмес маалыматтар менен саясатташтырууну көздөөдө, буга силер жол бербегиле деп чыккан. Андан кийин ал жерди биздин жер деп чыгышпадыбы.
– Өзбектер радиорелейдик станцияда иштеген төрт кыргыз жаранын кармап кетип камап коюшту. Муну дипломатиялык тил менен эмне деп айтса болот?
– Мен өзбек бийлиги туура эмес кадам жасады деп эсептейм. Алар биздин бийликтин алсыздыгын билип туруп ушундай кадамдарга барып жатат. Эгерде бийлик чабал болсо, ички саясаты туруктуу болбой, экономика өксүп жатса башка мамлекеттер ошол өлкөнү андан бетер басмырлоого, жерин тартып алууга жол ачылат. Бул эл аралык тажрыйба. Унгар-Тоодогу радиорелейдик станцияда биздин жарандар бар экенин билген өзбектер эмне үчүн куралдуу аскерин жиберет? Буга ким жооп берет?- деген суроону ачык коюш керек. Азыркы бийликтин келгенине алты жыл болду. Алты жылдан бери бир нерсеге жооп бериши шарт болчу. Жооп бере турган кез келди. Өзбек тараптын билдирүүлөрүн карасаңар, алар биринчи ал жерди такталбаган талаш жер деп айтты. Биздикилер Өзбекстанга берилип кеткен деп айткандан кийин, Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы деп жарыялашты. Унгар-Тоону эч ким өзбектерге өткөрүп берген эмес, ал жер биздики.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы-Ордо”

1 ой-пикир

  • аскарали says:

    туурамес талку болуп атат ошол мезгилде иштеген жетекчилер бардыгы кыгызстанда журот баарын чогутуп маселени чечиш керек.ошону уюштуруну чечкен адам жок озбектер армияси менен кирип келетат. биздин чиновниктер ойноп журот. эртен аларга кыргызстан керек эмес.ункур-тоого буросуда баралышбайт алар тосуп атат дейт.эми алар бербейт.биздикилер бирбирине шилтеп атишат.ким бийликте болсо ал адам чечет эмеспи.кунокорду аныктап омур бою камаш керек эл душманы деп

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *