Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министри кызматына даярдалып жатат

Бир кезде, 2005-2007-жылдары, президент Курманбек Бакиевдин доорунда КР Тышкы иштер министри кызматын ээлеп, элге кызмат кылган Аликбек Жекшенкулов ошондон кийин бааланбай, Отунбаева менен Атамбаевдин заманында такыр кызматсыз калган эле.

Акыркы маалыматтарыбыз боюнча 61 жаштагы Аликбек Жекшенкуловду тажрыйбалуу дипломат катары КР Тышкы иштер министри кызматына даярдап жатышканын угуп калдык.

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда эки жолу болуп, кудундап чыкканын көргөндөр да бар экен. “Чымынды сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бар. Анын сыңарындай тажрыйбалуу чиновник Аликбек Жекшенкуловдун күчүн алууга убакыт жетти.

Булак: Кyrgyztoday.кg

4 comments

  • Кетбука says:

    Ж.Аликбековдон башка Адам жокпу.Тышы иштер министрине англис тилин суудай билген жана да башка тилди билген Адам керек.
    Азыр бизде мындай талапты канаатандырган жаштар мол.
    Жаштардан коюуу керек!!!

  • Ж.Аликбековдон башка Адам жокпу.Тышы иштер министрине англис тилин суудай билген жана да башка тилди билген Адам керек.
    Азыр бизде мындай талапты канаатандырган жаштар мол.Дипломатичлык окууну да бутуш керек.
    Жаштардан коюуу керек!!!

  • Эми булишке Англис тилин суудай билген Дипломатиялык окууну буткон адамды коюуу керек, анан калса Кытай тилин да билген Адам болсо жакшы болот!!!

  • Sulayman Kayıpov says:

    Азыр кырдаал башка. Кыргызстандын эл аралык аброю ото томондоп кетти. Олконун имиджи учун иштебесе болбойт. Тайрандаган жаш балдар бул маселени профессионалдык денгээлде чечип кете алышпайт. Азыркы учурда таанылган, тажрыйбалуу, токтоо, центрист, онго-солго ойсоктоп кетпеген, эн негизгиси, бул ишти коён жатагына чейин билген киши керек. Карап талдап отурсан, чын эле, Аликбек Жекшенкуловдон отоору жоктой. Коп жыл уйдо отуруп, жумушту сагынып да калган болуш керек. Болуп калса, шымаланып киришээр. Аны ала коюптур, муну жула коюптур деген соз да ушуга чейин артынан ээрчий элек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *