Алина жана Адина Улановалар, ырчылар: Табитибиз бир, мүнөзүбүз ар башка

Кичинекей кезде эгизим болсо деп көпчүлүгүбүз кыялдансак керек. Бириңе-бириң жөлөк болуп ойносоң да, жумуш кылсаң да зерикпейт эмессиңби. Чыгармачыл чөйрөдө дагы бири-бирине өтө окшош, таланттуу, чырайлуу ырчы кыздар – Алина жана Адина Улановалар бар. Бир караганда аларды айырмалоо өтө кыйын. Бул жагынан убагында жигиттер бир топ эле түйшүк тартышса керек. Эгиздердин «Жамгыр», «Мектебим», «Ак калпак», «Кандай сонун» ж.б. ырлары бар.

—Алина, кепти кайсы жактын кыздары болосуңар, ошондон баштасаң?

—Саламатсыздарбы, биз Токтогулдун Бала-Чычкан айылынан болобуз. Токтогулдан көп таланттуу адамдар чыкканын байкасаңыздар керек, бизди дагы «Токтогулдун торгойлору» деп коюшат. 1996-жылы жарык дүйнөгө келгенбиз. Кийинчерээк Бишкек шаарына көчүп келдик.

—Чыгармачыл чөйрөгө качантан бери аралашып келатасынар?

—Кичине кезибизден эле апам бизди музыкалык мектепке окууга берген. Эгизим Адина скрипкада, мен фортепианодо окудум. Андан кийин Щубин мектебине комузга тапшырдык. Алжактан комуздан тышкары 5-6 кыргыз улуттук аспаптарында ойногонду үйрөндүк. Апамдын музыкалык билими болгондуктан бизге ар тараптан көмөк көрсөтүп, ырдап чыгуубузга да себепчи болгон. Кичинекей кезибизден ырга жакын болуп, балдар үчүн арналган ырларыбыз, клиптерибиз бар. «Устат шакирт» борборунан дагы билим алдык. Ырдаганды үйрөнүү үчүн консерваторияга тапшырып, ийгиликтүү аяктадык. Консерваторияга келгенден кийин ырдоого жол ачылды.

—Эмне үчүн продюсерлер менен иштешпейсиңер?

—Чынын айтсам продюсерлерден иштешүү сунушу түшкөн. Эгиз катары көпчүлүгүнө кызык болсок керек. Бирок алар койгон шарттар, талаптар бизди канааттандырбагандыктан иштешүүдөн баш тартканбыз. Анын үстүнө апам чыгармачыл чөйрөгө жакын болгондуктан өзүбүз эле иштейли дедик.

—Учурда эмне менен алексиңер?

—Консерваторияны кызыл диплом менен аяктагандан кийин мен музыкалык жаатта балдарга вокалдан сабак берип келем. Бизди таанып билгендер фортепианодон сабак берүүмдү өтүнүшөт. Бактыга каршы убактым жетишпей жатат. Эгизим Адина болсо учурда Питер шаарында консерваторияда билимин тереңдетип жатат, 3 жылга кеткен. Ал ортодо мен турмуш курууга үлгүрдүм. Азыр үй-бүлө менен өз жумушумду чогу алып келе жатам.

—Экөөңөрдү айырмалоо кыйын экен, кандай айырмачылыктарыңар бар?

—Ооба, айрыкча кичине кезибизде аябай окшош элек. Айырмалоо кыйынга турчу. Бой тарткандан кийин бир аз өзгөрүүлөр бар. Биз менен бир аз убакытка баарлашкан адам бизди айырмалап баштайт. Мүнөзүбүз боюнча мен жумшак болсом, ал катуурак. Бала кезде аны урушса мен ыйлап ийчүмүн. Ал апама окшош, мен атама окшошмун.

—Окшоштугуңарга байланыштуу окуялардан эстей өтсөң…

—Мектеп учурун да көп болчу, сабактан бири-бирибиздин ордубузга жооп берип койчубуз. Жигиттер менен сүйлөшкөндө дагы кимибиздин ким экенин айырмалай албай калган жигиттер болгон, бошобогон учурда телефон менен алмашып сүйлөшүп койсок байкабай калышчу.

—Эгиздер бири-бирин сезип турат дешет, силерде да ошондойбу?

—Өтө деле байкалган эмес. Бирок бирибиздин маанайыбыз түшсө аны ойлоп, боор оруп экинчибиздин дагы маанайыбыз суз болот. Кичине кезибизде бирибиз оорусак экинчибиз да кошо ооруган учурлар болгон. Азыр Адина узакта дайыма телефон менен байланышып, жаңылыктар менен бөлүшүп, сагынычыбызды таркатып турабыз.

—Алгач бири-бириңерден алыстаганда кандай сезимдер болгон?

—Мен турмушка чыкканда алгачкы күндөрү аябай сагынып, куса болуп жүрдүм. Ыйлаган күндөрүм дагы болгон. Ата-энем Адинанын дагы кыйналганын, сагынганын айтышчу. Бирок турмуш экен, көнүп кеттик.

—Экөөңдүн табитиңер эки башкабы же бирдейби?

—Кичине кезибизде эсимде мага жаккан бала ага да жагып калган учур болгон. Бирок ал жигит эгизимди жактырып, а мен болсо сыр бербей, ушундай кызык күндөр өткөн. Ал жаш кез болчу. Табитибиз окшош. Кийим тандаганы келгенде көп учурда менин табитиме ишенебиз, өлчөмүбүз бипбирдей.

—Алдыда кандай пландар бар?

—Буюрса студия ачайын деген ойлор оар. Эгизим келсе чыгармачылыкты кайрадан жандантып, жаңы чыгармаларды жаздырабыз деген ойдобуз. Анан өзүмдү ар тараптан сынагым келет. Мисалы алып баруучулук жаатта, бий боюнча. Экөөбүз эки жакта болгондуктан учурда долбоорлор токтоп турат. Буюрса жаңы дем менен, катардагы ырчылардан айырмаланып сапаттуу чыгармаларды жаратабыз деген максаттар бар.

Адина Уланова: Кыргыз искусствосунун изилденбей калган барактарын толуктагым келет

—Адина, учурда Питер шаарында экенсиң, окууларың кандай?

—Ооба, Питерге искусство таануу боюнча аспирантурага тапшырып, учурда билим алып жатам. Адам бир гана өзүнүн чыгармачылыгы менен алектенбей өз өлкөсүнө пайдалуу иш жасаш керек деп ойлойм. Илимий иш аркылуу изилденбеген кыргыз искусствосунун актай калган барактарын толуктагым келди. Бөлөк өлкөдө жүргөндө гана Ата-Мекендин асылдыгын билип, мекенчил көз караштар жогорулап, баалуулуктар өсөт экен.

—Эгизиң Алина турмушка чыккандан кийин сен жалгызсырап калган жоксуңбу?

—Башында кыйынчылыктар болгон. Азыр дагы башка өлкөдө болгондуктан сөзсуз сагынам. Бирок ар дайым видеобайланыш менен кабарлашып турабыз.

—Чыгармачылыгында кандай жаңылыктар болду?

—2017-жыл мен үчүн өтө жемиштүү жыл болду. Кыргызстандын салттуу музыкасын жана искусствосун тааныштыруу максатында Индонезияда 72 өлкө чогулуп өткөргөн иш-чарага катыштым. Индонезиянын маданияты менен таанышып, өзүбүздүн маданиятты көрсөттүк. «Ак калпак» ырыбыз Индонезияда, Азербайжанда, Питерде жаңырды. Андыктан мазмундуу ыр кайсы жерде болбосун өз угуучуларын табат экен. Ошондой эле чыгармачылыгым азыр бири-бирибизден алыс болгондуктан убактылуу токтотуп турабыз, бирок сөзсүз жаңы чыгармаларыбыз менен кыргыз 1 элинин маданиятына өз салымыбызды кошкубуз келет.

Назгүл Исакова

Булак: “Мантыш”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *