Алия Абдуллаева, модель: “Сулуулар сынагы көп өтүп жаткандыгы моделдердин баркын кетирүүдө”

Эл алдына көргөзмөлөргө таланттуу дизайнерлердин кийимдерин алып чыгып, аларга көрк берип, өзгөчө жан киргизгендер моделдер болот эмеспи. Кыргызстанда моделинг аз убакыт болгонуна карабай акырындык менен өнүгүүдө десек жаңылышпайбыз. Муну ай сайын өтүп турган ар кандай фешн-шоу, көргөзмөлөрдөн байкоого болот. Жаш моделдердин арасында өзүн ар кандай образда көрсөтүп келе жаткан Алия менен тааныштырабыз.

—Салам Алия, моделдик чөйрөгө кантип келип калдың эле, кепти ушундан баштасак?

—Саламатсыздарбы, моделдик чөйрөгө келүүмө апам себепкер болгон. Менин мүмкүнчүлүктөрүмдү байкагысы келсе керек. Ошол жылдары, тактап айтканда 2012-жылдары «Мисс Бишкек» сынактары, дагы ушуга окшогон сулуулар сынактары жаңыдан өтүп жаткан. Апамдын сунушу менен Борбор калаабыздагы Замира Молдошеванын моделдик борборун аяктадым. Топмодель болуп иштеп жаткандыгыма быйыл 5 жылдын жүзү болот.

—Кичинецден модель болом деп кыялданчу белең?

—Чынын айтсам, эсимде жок. Башында моделдик  кесипти хобби катары көрчүмүн. Учурда аталган кесип менен акча табам. Моделингсиз өзүмдү элестете албаймын.

—Фотомодель менен топмоделдин айырмачылыктарына токтоло кетсең?

—Топмоделдердин атайын белгиленген талаптары бар, тактап айтсам бою сөзсүз түрдө 170 сантиметрден өйдө болуусу керек. Дефиле кылууну билген, арыкчырай келбеттеги кыздар топмодель боло алышат. Сулуулук башкы орунда эмес. Ал эми фотомоделдердин чектөөлөрү жок, башкысы сулуу болуп, фотоаппаратка ар кандай абалды чагылдырып бере алуусу кажет. Себеби алар кандайдыр бир фирманын жүзү болушат.

—Учурда эркин моделсиңби же моделдик агенттиктердин биринде иштейсиңби?

—Мен учурда эркин моделмин. Убагында Амина Юсурованын жетекчилиги астындагы агенттикте, Рыскүл Намазбекованын агенттигинде, ж.б, агенттиктер менен иштешкем. Аскар Думанаевдин эмгеги артында менин популярдуулугум артты десем жаңылышпаймын. Өлкөбүздө эркин модель болуу пайдалуураак. Себеби, бир агенттик менен иштешсең, алардын келишими менен гана иштөөгө мажбурсуң, алар өздөрүнүн гана өндүргөн товарын сунушташат.

—Моделдик кесип эмнеси менен арбап алды?

—Подиумда басуу же камера менен иштешүү сөз менен сүрөттөп бере алгыс сезимдерди тартуулайт. Көргөзмөлөрдөн жаңы күч, дем алам.

—Моделдин ийгилиги фотографтан көз карандыбы?

—Албетте, ар бир фотографтын ишке болгон өзүнүн ыкмалары, сырлары болот. Моделдердин сүрөттөрүнүн натыйжасы фотографтан да көз каранды. Эгер маанайы жок тартып баштаса, андан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Модель камера менен тыгыз байланышта болгондо гана жаркын образдар ачылып берилет.

—Кыргызстанда моделдик кесиптин келечеги кандай?

—Учурда моделинг акырындык менен өнүгүүдө. Бирок айрым нерселер бар. Мисалы өлкөдө биринин артынан бири өтүп жаткан сулуулук сынактары. Сынактын катышуучулары моделдик кесиптин башатын үйрөнүп тим болушат, өскүлөрү келбейт. Алардын арты менен биздин жумуш азаюуда. Мен моделдикти жаңы баштаганда жакшы тапчумун. Кээде Москвадан, Казакстандан чакыруулар болуп калат. Ал жактан жакшы капчык менен кайтабыз.

—Кайсы дизайнердин эмгегин баалайсың?

—Учурда өлкөбүздө таланттуу дизайнерлердин саны өтө көп. Алардын ичинен өзүм иштешкендерден Анвар Турдубековду жана Арзубек Вонаманы айта кетейин, Арзубек аз убакыт аралыгында мыкты кийим жарата алат.

—Сен атаган дизайнерлердин эмгектери бизде бааланабы?

—Аларга көбүнчө элден айырмалангысы келгендер буюртма беришет. Алар жараткан кийимдер өзгөчөлүүлүгү менен айырмаланат. Арзубек жакында коштошуу коллекциясын тартуулады. Ал өз чыгармачылыгын Лондондон уланта турган болду, бирок Кыргызстандын атынан чыгат.

—Алдыда кандай ой-максаттар бар?

—Азыр медицина тармагы боюнча окуу менен алектенип жатам. Окуумду бүтсөм өзүмдү чет жактан моделдиктен сынап көрмөкчүмүн. Лондондон көргөзмөгө чакыруу келип, финансынын жетишпегендигинен бара албай калган элек. Ошондой кыялдарды орундаткым келет.

Маектешкен: Назгүл Исакова

Булак: “Мантыш”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *